Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:04

Элдик курултай элдин нааразылыгын билдирди


Кечээки Элдик курултай өлкөнүн жаңы саясий системасынын концепциясын бекитип, резолюция кабыл алды. Анда бийликке бир катар талаптар коюлуп, жазга чейин бул концепцияны ишке ашырууга конкреттүү чараларды көрүү сунушталды.

Элдик курултайда негизинен бүгүнкү күндө өлкө саясий-экономикалык, социалдык кризиске кептелгени, Курманбек Бакиевди кетирмейин абал онолбосутугу айтылды. Качан Бакиев кетиши керек деген сөздөр айтылган убакта узакка созулган кол чабуулар болуп атты.

Азыркы президент элге берген убадасын аткарбаганы, март ыңкылабынын мүдөөлөрү ишке ашпаганы, үй-бүлөлүк башкаруу, коррупция жетер чегине жетип, бийлик карапайым калк үчүн эмес, бир үй-бүлөгө иштеп калганы айтылды.

"Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев өлкөнүн саясий-экономикалык абалына токтолуп, бириккен оппозициянын алдыга койгон максатын да айтып өттү.

-Элдик курултайдын негизги максаты - Кыргызстандагы башкаруу системасын бир адамдын кызыкчылыгы үчүн эмес, элдин кызыкчылыгына кызмат кылууга багыттоо. Ал элдин турмуш деңгээлин көтөрүү. Ал Кыргызстанды гүлдөгөн бай, бакубат мамлекетке айлантуу.

Ушундай кол чабуулар менен коштолгон азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан саясатына сын-пикирлерди «Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев, СДП партиясынын лидерлери Бакыт Бешимов, Роза Отунбаева, «Асаба» партиясынын башчысы Совет Жамалдинов, "Бирдиктүү Кыргызстандын" лидери Амангелди Муралиев жана башкалар айтып өтүштү.

"Улуу биримдик" партиясынын төрагасы Эмил Каптагаев болсо буларга токтолду:

-Азимбек Бекназаров башында турган Элдик революциялык кыймыл бийликтин ажыдаарын түз эле кекиртектен алып, башын жулуп алуу керек деп жатышат. Антпесе система оңолбойт дешет. Мындай позицияны түшүнсө да болот, колдосо да болот. СДП бийлик ажыдаарын камалап жүрүп отуруп жардын кырына жеткирсек, андан ары өзү кулап кетет деген пикирде. Бул эркин президенттик шайлоо. Бул позицияны түшүнсө болот, бирок кошулуу кыйын. Анткени азыркы бийликтин колунда шайлоо деген оюнчук кандай чимириле турганын бардыгыбыз көрдүк. Шайлоо элдин эркин билдирүүчү инструмент катары жок болгон, талкаланган.

Элдик революциялык кыймылдын лидери Азимбек Бекназаров болсо бийлик оппозиция менен бир пикирге келбестигин, коюлган талаптарга көңүл бурбастыгын белгилеп, тез арада Курманбек Бакиевди кызматынан мөөнөтүнөн мурда кетирүү талабын коюп, азыркы бийликтегилерди кетүүгө мажбур кылуу керектигин кошумчалады.

Элдик революциялык кыймылдын мүчөсү Топчубек Тургуналиев курултайдын катышуучуларын революциялык кыймылды колдоого чакырып, курултайда К.Бакиевди кетирүү талабын коюу менен чечкиндүү чара көрүү чечимин кабыл алууну сунуштады:

-Элдик революциялык кыймылы кылгылыкты кылып кыл жип менен бууп аткан ким, Ал Курманбек Бакиев өзү үй-бүлөсү менен деп айтабыз. Ошондуктан биз, Элдик революциялык кыймылдын атынан мен дагы сунуш киргизем, бүгүнкү Элдик курултайдын чечимине элдин максаты - Бакиевдерди кетирүү деген талапты кошсун.

Ал эми президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиев оппозициянын бийликке коюп жаткан дооматында негиз жок деп, Элдик курултайдан майнап чыкпастыгын билдирди.

-Бийлик бүгүнкү күндө иштеп жатат. Элдин бүгүнкү күнү бийликке ишеними жакшы. Бийлик тарабынан экономикалык жагдайлар, социалдык чөйрөлөрдө бир топ жакшы иштер аткарылып жатат.

Жер-жерлерден келишкен делегаттар оппозициянын өзүн дагы биригүүгө, ынтымакташып иш алып барууга чакырышты. Жарыш сөзгө чыгышкан отуздан ашуун адам бир ооздон элдин жашоо шарты начарлап, бийликке ишеним жоголгонун, К. Бакиевди кетирмейин абал онолбостугун, чыдамдары түгөнгөнүн айтышты.

Курултайдын соңунда Кыргызстандын жаңы концепциясы бекитилип, резолюция кабыл алынды. Резолюцияда өлкөнү ыдырап жок болуп кетүүдөн сактоо, демократиянын жана мыйзамдуулуктун конституциялык негиздерин кайрып келүү, "Түндүк электр" ишканасын жана Бишкек жылуулук борборун менчиктештирүүгө каршы туруу, эл аралык уюмдарды коррупцияга батып криминалдашкан жана авторитардык режимди колдоодон баш тартууга чакырык ташталган. Резолюцияны «Акыйкат үчүн» кыймылдын мүчөсү Сабыр Муканбетов жарыялады. Жыйын соңунда эгерде бийлик келээрки жылдын март айына чейин Элдик курултайдын талаптарын аткарбаса президент Курманбек Бакиевдин кызматынан мөөнөтүнөн мурда кетирүүгө жетишүү үчүн массалык түрдө жарандык баш ийбөөчүлүк жана каршылык көрсөтүү чаралары уюштурулаары айтылды.

Элдик курултайга жер жерлерден келишкен 1,5 миңдей делегат, Меморандумга кол коюшкан 15 партиянын, 30га чукул жарандык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Оппозициябыз деген «ЭрК» партиясы менен "Жаңы Кыргызстан" партиясынын лидерлери жана өкүлдөрү курултайда көрүнүшкөн жок.


XS
SM
MD
LG