Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:43

Элдик курултайдын талабын бийлик угабы?


Элдик курултайдын уюштуруучулары жыйын өз максатына жеткенин айтууда. Ошол эле учурда коомчулукта жыйында азыркыдай абалдан чыгуу боюнча ишенимдүү сунуштар айтылбаганы тууралуу да пикирлер жок эмес.

Элдик курултайдын делегаттары жыйындан соң “Акыйкат үчүн” кыймылынын жетекчилери менен жолугушуп, курултайдын чечимдерин жер-жерлерге таратууга белсенип кетишти. Аталган кыймылдын координатору Аликбек Жекшенкуловдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, Элдик курултайга бийлик тарабынан түздөн-түз тоскоолдук болбогону менен аскердик техникалар, атайын даярдыктагы аскерлер түшүүчү унааларды курултай өтүп жаткан орус драма театрына жакын аймактарда ары-бери айдатып, элге сес көрсөтүүлөр болду.

Бириккен оппозициялык кыймыл эми дүйшөмүбдө жолугушуп, курултайда бекитилген Кыргызстандын жаңы саясий системасынын концепциясын жана кабыл алынган резолюцияны бийликке жолдоо маселеси каралат.

Аликбек Жекшенкулов ошондой эле Элдик курултай өз максатына жеткенин, оппозициялык күчтөр ынтымакка келишкенин, алдыда дагы далай иштер бар экендигин баса белгиледи:

-Буюрса Элдик курултайдын жыйынтыгын жер-жерлереге, элге жеткиргенге аракет кылабыз. Андан сырткары Коомдук парламенттин дагы ишин уланта бермекчибиз. Азыр бардык тармакта, анын ичинде маалымат каражаттарынын маселеси, ошондой эле экономикалык концепцияны ойлонушубуз керек. Бүгүнкү күндө кыргыз элинин кыйналып жаткандыгынан тышкары мамлекеттин коопсуздугу боюнча өзүбүздүн сунушубузду беришибиз керек.

Коомдук ишмер Ишенбай Абдыразаков болсо Элдик жыйынга мындайча баа берди:

-Курултайга келген делегаттардын реакциясынан, алардын сөздөрүнөн улам элде бийликке болгон нааразылык күчөп келатканын байкасак болот. Бирок азыркыдай абалдан кантип чыгыш керек деген маселеге келгенде, ишенимдүү сунуш, же демилге болбой калбадыбы.

Саясий серепчи Аскарбек Мамбемталиев жыйындан жигердүүлүк байкалбаганын айтат:

-Мен Элдик курултайга оң баа берем. Бирок элдин курултайга активдүүлүгү көрүнгөн жок. Ошого карабастан эл азыр бир топ тажрыйбалуу болуп калды. Элдик курултайда бийликке бир топ сын пикирлер айтылып, багыттарын көрсөтө албай коюшпадыбы. Ошондуктан менин баамымда, элге кандай жол менен өзгөрүүгө жетүүгө, кантип өлкөнү жакшыртууга болоору тууралуу маалымат бербесе эл ээрчибей турган болуп калды. Мурдагыдай болуп, “Кетсин!” деген ураандарга ишенбей калды. Мындай ыкма эч кандай натыйжа бербейт.

Саясат таануучу Жолборс Жоробеков Элдик курултайдын жүрүшүнө жакшылап көңүл бөлгөнүн, жыйынтыгында оппозициялык саясатчылардын куру дооматтары менен чектелип калганын билдирди.

-Элдик курултайда баяндама жасаган жигиттердин бардыгы биринен-бири кыйынсынышып, «мен кыйынмын» дегендей сүр көрсөтүштү да. Эми кыргыз эли улам эле ар кимдин артынан ээрчип жүрө беребизби? Ошондуктан мен ойлойм, булардын иштери чийки, элди ишендире турган нерсе жок. Оппозиция өлкөнү өнүктүрүп кетүү боюнча мыкты социалдык-экономикалык программалары жок туруп эле бийликти өзгөртүп жиберээрине ишене бербейм.

Элдик курултайды уюштуруучулардын урааны - өлкөдө башкаруу системасын өзгөртүү, үй-бүлөлүк башкарууга бөгөт коюу, коррупцияны токтотуу, элдин байлыгын менчикке бербөө, элди жана оппозицияны ынтымакка чакыруу болду.

XS
SM
MD
LG