Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:07

Президенттикке кимдер татыктуу?


Жай аптабында, 23-июлда Кыргызстанда өтө турган президенттик шайлоодо ким утат? Ага кимдер катышуусу ыктымал? К. Бакиев өз бийлигин сактап калып, дагы бир мөөнөткө отурабы? Оппозициянын шайлоого даярдыгычы? Мына ушул суроолор азыркы тапта көптөрдү түйшөлдүрүп турган чак.

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев бийликте турган чакта Курманбек Бакиев Чүй облусун башкарып турган күндөрү андагы «Асаба» гезити сурамжылоо өткөргөн. Ал «Кимиңерден кимиң эр, президент болчу кимиңер?» деп аталат. Ошондо Ф. Кулов, Ө. Текебаев баштаган адамдардан тартып, гезиттин баш редактору М. Эшимкановго чейинкилердин фамилиясы аталган. Бирок ... ал жерде азыркы президент К. Бакиев эстелген эмес.

Азыркы тапта дагы 23-июлда өтө турган шайлоого кимдер катышат, анан кимдин президент болуп калууга мүмкүнчүлүгү көп деген суроо азыр бүйүр кызытып турган чак.

Албетте адегенде эле азыркы президент К.Бакиевдин аты аталат, анын үстүнө шайлоого катышууга ниети бар экенин ал 11-февралда маалымат жыйынында ачык айткан болчу:

- Барамын, себеп дегенде Конституциянын негизинде ага укугум бар, мен ал укугумду пайдаланышым керек. Бул - биринчиден. Экинчиден, 3 жылдан ашып, төрт жылга баратат – жасаган жумуштардан жыйынтык чыкпай, көрсөткүчтөр начар болгондо, анда ойлонсом болот эле «кой, болбойт окшойт, кетиш керек окшойт» деп. Мына анын үстүнө 2008-жылы гана толук саясий стабилдүүлүк болду, - деп айткан эле К. Бакиев шайлоо быйыл болсо быйыл, эмдиги жылы болсо ага да даяр экенин айтып.

Конституциялык Сот президенттик шайлоо быйыл өтүшү керек деп чечкенден кийин оппозиция шайлоого бирдиктүү талапкерди сүрөмөкчү болгонун жарыялады. Мындай чечимди Бириккен элдик кыймыл деп аталган оппозиция биримдигинин саясий кеңеши 23-мартта кабыл алды.

Негизи бул кыймылдын катарында алфавит менен аттарын атасак президенттикке татыктуу деп Алмаз Атамбаев, Бакыт Бешимов, Темир Сариев жана Өмүрбек Текебаев эсептелүүдө.

Мына ушулардын кимисине оппозиция ак батасын берет, анан негизгиси – ал талапкерди шайлоодо колдойбу, - бул бүйүр кызыткан суроо болуп турат.

Алмаз Атамбаевдин өзү «Азаттыкка» берген интервьюсунда бийлик партиясы «картасын ачып», таларкерликке кимди сүрөөрү белгилүү болгон соң гана оппозиция кайсы талапкерге токтолоорун айтат деп билдирди:

- Кыргыздын жакшы макалы бар: “Чабал өрдөк мурда учат” деген. “Ак жолбу” башка партияларбы, бийлик партиясыбы - курултайын өткөрсүн, анан биз айтабыз. Шашпай тургула, шашпай тургула.

Кыргыз оппозициясы К. Бакиевдин өзү бул ирет шайлоого катышпай калышы ыктымал, анткени ага анын ден соолугу жол бербейт, ошондой улам бийлик К. Бакиевдин ордуна башка талапкерди алып чыгат, деген пикирди да карманууда. Депутат Роза Отунбаеванын мындай оюна жооп кылган президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмаз Турдумаматов К.Бакиевдин саламаттыгынан шек саноого эч негиз жок, деп кечээ «Азаттыкка» кабарлады:

Президенттин ден соолугу чың. Ал азыр күндөгүдөй эле жумушта иштеп жатат. Өзүнүн графиги боюнча. Графиги абдан жыш.

Курманбек Бакиевге 2005-жылдагы президенттик шайлоодо реалдуу атаандаш болууга кадыры бар Феликс Кулов 23-мартта «Ашууда» деген китебинин тушоосун кесип жаткан учурда алдыдагы шайлоого катышаар-катышпасын ал жетектеген партиянын чечимине жараша кабыл алаарын ортого салды.

Ага чейин оппозициянын катарындагылардын кимиси мамлекет башкарууга татыктуу деген суроону талдоочуларга берип, жооп алсак.

Орозбек Молдалиев өзүнүн реалдуу ой-пикирлери менен элге белгилүү. Анын пикири боюнча, бийликтин бириккен атаандаштары арасында 2 саясатчы мамлекет башкарууга татыктуу: «Мен ойлоп атам - Ө. Текебаев, Т. Сариев деген лидерлер бар, ошол экөө мамлекетти кыйынчылыктан алып чыга алат. Текебаев деп атканым – анын уяты бар жигит. Азыркы ыймансыздык көп болуп турган чакта ага окшоп уятын сактап жүрүш чоң жетишкендик. Уятты сактап калуу сейрек сапат болуп калды азыр, тилекке каршы. Темир Сариев болсо оор басырыктуу, ал экономиканы, ишкерликти жакшы билет, жакшы саясатчы, ал - жөндөмдүү жигит», - дейт О.Молдалиев.

Саясат талдоочу Марат Казакбаевдин пикири боюнча, Бириккен элдик кыймылдын катарында татыктуу адамдар бар, бирок оппозиция баары бир бир саясатчыга токтолушу керек: «Бакиевдин кадыры азыр жакшы эле. Ошого карабай оппозиция бир лидерди сүрөшү керек, убакыт ансыз дагы аз эле калды».

Теориялык жактан алганда бул аттары аталган адамдардан тышкары дагы Кыргызстанды башкаргысы келип, шайлоо сынагына катышууну көздөгөн адамдар чыгары бышык. 2005-жылдагы президенттик шайлоодо, мисалы, Урмат Барктабасов, Жеңишбек Назаралиев, Жыпар Жекшеев, Токтайым Үмөталиева, Акбаралы Айтикеев сыяктуу күтүлүп-күтүлбөгөн талапкерлер президент болууну көздөшкөн. Ушул ыңгайдан алганда быйыл да бир далай жаңы ысымдар «бул ким экен, ыя?» дедиртиши ыктымал.

Эң негизгиси – азыркы бийликтин тушунда таза шайлоо өтөбү? Талдоочулар бул суроого 2007-жылдын аягындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыктары жасалгандан кийин «ооба» деп айтуу кыйын болуп турат, дешет. Ошол себептен оппозиция 27-марттагы митингисин «Бакиевсиз шайлоо!» деген ураан менен баштаганы турат.

Өлкө башчылыгына ким татыктуу?
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:56 0:00

XS
SM
MD
LG