Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:04

А.Бекназаров: БЭК президенттикке бир талапкерге токтолду


БЭКтин штаб башчысы А.Бекназаров кечээ саясий кеңештин чечими менен президенттикке бир талапкерге токтолушканын жана кыймылдын алдыдагы иш аракеттери тууралуу “Азаттыктын” таңкы түз обосунда кеп салып берди.

- Кечээ БЭКтин саясий кеңешинин жыйыны “Форум” ишканасында өтүп, президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаев көрсөтүлүптүр деген кеп тарады. Бул отурумда кабыл алынган чечимге токтоло кетсеңиз?

- БЭКтин саясий бюросу кечээ чечим кабыл алды. Негизинен бир талапкерге токтолдук. Бирок ал талапкердин аты-жөнү, ким экендиги 20-апрелдеги маалымат жыйынында расмий түрдө жарыяланат.

- Акыры коомчулукка оппозициядан президенттикке бир талапкерди жарыялай турган соң анын аты-жөнүн бир-эки күнгө жашыруун сактоонун канчалык кажети бар?

- Эмне үчүн дегенде биз 27-марттагы митингде 20-апрелге чейин президентке бир нече талаптарды койгонбуз. Ошол талаптарды аткарбаса, андан кийин көп саясий акцияларды өткөрөбүз деп жарыяладык эле. Ошондуктан биз 20-апрелге чейин күтүп турабыз, анан 20-апрелге чейин президент тарабынан, бийлик тарабынан биздин койгон талаптар аткарылбаса биз президенттикке талапкерди расмий түрдө жарыялап, ошол биздин талапкер өзү мындан кийинки кыла турган иштерди кошо айтып чыгышы керек. “Мына 20-апрелге чейин биз президентке мына мындай талаптарды койдук эле аткарган жок. Эми мына биз бир талапкер менен чыгып жатабыз. Мына мындай иштерди жасайбыз”,-деп элге чыкканы туурарак болобу деп чечтик. Ошого чейин талапкердин аты-жөнүн атабай турган болдук.

- Президенттикке бирдиктүү талапкерге БЭК тарабынан шарт коюлат дедиңер эле, ага кандай шарттар коюлду?

- Биздин шарттар ушул, эгерде президент БЭКтин талаптарын аткарбаса, ошол биздин талапкер саясий акцияларды баштап алып кете алабы? Анткени 20-апрелге чейин президент талаптарды аткарбаса, биздин башкы ураан “Бакиевдерсиз таза шайлоо” деген ураан алдында өтөт. Мына ошону көтөрө алабы? Ошол максатта кандай иштерди алып бара алат? Андан башка келечекте кура турган биздин заманыбыз кандай болот? Мамлекеттик башкаруу системасы кандай болот? Ушуга окшогон шарттарды койдук. Ошолордун бардыгын 20-апрелге чейин анализдеп, талдап туруп биздин талапкерибиз ушуларды айтып чыгышы керек. Ошондуктан биз 20-апрелге чейин ага мөөнөт бердик.

- Демек анда 20-апрелге чейин бийлик марттагы талаптарды аткарбаса мөөнөтсүз митингдер башталат турбайбы?

- Ооба. 20-апрелге чейин ошо биздин көрсөтө турган талапкерибиз дагы бул маселени ойлонушу керек. Ошо көтөрө алабы, көтөрө албайбы? Эгер көтөрө албаса мүмкүн ага чейин бирдиктүү талапкерге башка адамдын аты аталып калышы мүмкүн. Анткени бизде бул маселе негизинен чечилгени менен ал кишиге 20-апрелге чейин ушул шарттарды ойлонуп туруп чечүүгө мүмкүнчүлүк бердик.

- БЭКтин саясий кеңешинде президенттикке талапкер көрсөтүүдө талаш-тартыш болуп, “Ак шумкардын” лидери Темир Сариев кайдыгер болгонун билдирип, Өмүрбек Текебаевдин парламенттик республика кылабыз дегенине Исмаил Исаков каршы болуптур деген кеп бар. Талашып-тартышып отуруп оппозиция президенттик шайлоого чейин эле ич ара ыркы кетпейби деген суроо туулат?

- Бул бардыгы ушак-айың. Эгерде бул ушак-айыңды ким таратып жатса бул бийликтин кылычын чаап атат деп ойлойбуз. Анткени бизде талаш-тартыш болду. Бирок жанагыдай бөлүнүп-жарылуу деген нерсе болуп аткан жок. Эгерде силерге кимдир бирөө ушинтип айтып бара турган болсо, бул атайын бизди ыдыратуу максатында айтылып жатат деп эсептейбиз.

- Мындай саясий иш чараны өткөрүүгө ири көлөмдөгү каражат талап кылынары жашыруун эмес, алдыдагы саясий акцияларды өткөрүүгө оппозициянын каражаты барбы?

- Ири каражат талап кылынбайт. Бул жерде Кыргызстан элинин абдан чоң саясий патриоттук духу бар. Бүгүнкү үй-бүлөлүк башкарууга баш ийбөөчүлүк маанайы бар. Негизги каражат, негизги күч ушул. Элдин бүгүнкү бийликке болгон нааразычылыгы. Бүгүнкү бийликте болуп жаткан мыйзамсыздык, саясий куугунтук, адамдарды атып өлтүрүү, ушул маселелер негизги күч болуп эсептелет. Каражат маселеси - экинчи маселе. Кыргыз эли өзүнүн каражатын өзү түзүп келген. Жакшылык болобу, жамандык болобу ар дайым ашар жолу менен көп маселелерди чечип келген.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG