Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:50

М. Кайыпов: Биздин максат - бийликтин кемчилигин көрсөтүү


Марат Кайыпов: "Ак жолду" бийликке алып келүүгө салым кошконбуз
Марат Кайыпов: "Ак жолду" бийликке алып келүүгө салым кошконбуз

“Жаңы Кыргызстан” партиясы 8-майда курултайга чогулуп келерки президенттик шайлоодо Курманбек Бакиевди колдой турганын билдирди. Мурунку коргоо министри Исмаил Исаковду өз катарынан чыгарды. Партиянын төрага орун басары Марат Кайыпов “Азаттыкка” бийликти колдоо менен анын кемчиликтерин көрсөтүү партиянын башкы максаты экенин айтты.

- Курултайда азыркы бийликтин саясатын, план-программасын жалпысынан колдой турганыңарды билдирдиңиздер. Анан партиянын сунуштары да берилет деп айтылды. Конкреттүү кандай сунуштарды жолдонду, маселен буга чейин ошол эле “Ак жол” партиясында айтылбаган?

- Эң оболу мамлекеттик тил жөнүндө сөз болуп жатат. Кыргыз улутун кыргыз кылган, улуттук деңгээлге жеткизген бул биздин кыргыз тилибиз. Бул конституцияда жазылган ыйык белгилердин бири. Кудум ошондой ыйык белгилерге Кыргызстандын туусу, герби кирет. Советтер союзу кыйрап мурунку кыргыз СССринин туусу болгон тууну, гербди да алмаштырып алдык. Бирок тилибиз калды.

Кыргыз болуп туруп кыргыз мамлекетине кызмат кылбаса анан каякка барып кызмат кылат?
Тил жоголуп кетүү коркунчунда турат. Эгер биз тилибизди жоготуп койсок анда биз улутубуздан, мамлекетибизден айрылып калышыбыз мүмкүн. Ошон үчүн биз муну баса белгилеп, өзүбүздүн сунушубузда карап атабыз. Улутту бириктирип, ушул убакка чейин сактап келген тил болгондон кийин ага мамлекеттик деңгээлде абдан чоң көңүл бурулса, мамлекеттик статусун алса деген сөз. Анткени кыргыз тилин абдан жакшы билип, бирок башка тилди билбей калып, ашып кетсе областтык деңгээлге чейин иштеп андан жогору көтөрүлө албай калган кыргыз азаматтары көп. Кыргыз болуп туруп кыргыз мамлекетине кызмат кылбаса анан каякка барып кызмат кылат? Кыргыз болуп туруп кыргызча сүйлөп, кыргыз улутундагы элди өстүрө албасак, кыргыз эли үчүн иштете албасак, анан кайсы мамлекетке барып иштеп берет?

- Мындай сунуштарыңыздарды бийликке жеткирүүнүн, ага таасир этүүнүн кандай жолдорун карап жатасыздар? Сиздердин партиянын өкүлдөрү парламентте да, жогорку бийлик бутактарында да жок эмеспи?

"Жаңы Кыргызстан" партиясынын 8-майдагы курултайы
- Биз 2007-жылы парламенттик шайлоо болуп жаткан учурда “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясы курултайга чогулуп чечим кабыл алганбыз. Ал чечимде Кыргызстандын президенти ондон ашык саясий партияларды бириктирип, кыргыз улутун бириктирели, кыргызстанда жашаган башка улуттарды да ынтымакка чакыралы деп, саясий күчтөрдү бириктирип “Ак жол” партиясын түзгөн. Ошондо биз президенттин бул кадамын колдоп, “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясы өз алдынча парламенттик шайлоого катышпайлы, президент уюштурган партияны колдойлу деп чечим кабыл алганбыз. Жөн эле чечим кабыл алып отуруп албай, курултайыбызда партиялаштарыбызга тапшырма бергенбиз. Жер-жерде шайлоочулар менен иштеп, “Ак жол” саясий партиясын бийликке алып келгенге көмөк көрсөтөлү, үгүт иштерин жүргүзөлү деп чечкенбиз.

Мен мисалы ошол учурда министр болуп иштечүмүн. Отпуска алып, Өзгөн, Сузак, Кара-Суу районуна, Жалал-Абат шаарына барып үгүт иштерин жүргүзүп келгем. Эмне себептен биз ошол парламенттик шайлоодо да, азыр да президентти колдоп атабыз. Анткени мамлекетте эң оболу саясий стабилдүүлүк керек. Качан саясат туруктуулук болсо, ошондо Кыргызстан элинин ичинде да ынтымак болот. Кыргызстандын эли менен да бийлиги менен да башка мамлекеттер эсептешет. Антпесе биз ыдырап, улам бийлик талашып, улам төрт жагыбыз төрт жакка тарта берсек, анда Кыргызстан менен да эсептешпей коюушу мүмкүн. Элдин да ынтымагы кетиши мүмкүн. “Ынтымак бар жерде ырыс бар” деген ата сөзү бар, ошону биз аткарышыбыз керек.

- “Жаңы Кыргызстандын” төрагасы жакында эле Ош шаарында өткөн партиянын курултайынан кийин биздин кабарчыга берген маегинде азыркы парламенттин ишин сынга алган эле. Сиздин баамыңызда парламент кандай иштеп жатат?

Партия лидери Үсөн Сыдыков менен орун басары Марат Кайыпов
- Парламенттке айтылган сын-пикирлерди анча-мынча угуп жүрөбүз. Бирок негизги маселелерге келгенде, маселен өзгөчө энергетика тармагындагы кризис, же болбосо кадрлык маселелер боюнча биздин саясий партия былтыр октябрь айында өзүбүздүн пикирди түз президентке чейин жеткирип айтканбыз. Өкмөттө, кээ бир министрликтерде, же болбосо президенттик администрациянын мурунку жетекчилигинде кандай кемчиликтерин болуп жатканын көрсөткөнбуз. Ошондуктан биздин саясий партя президентти колдоо менен бирге кандай кемчиликтер болсо ошону айтып туруу биздин негизги максатыбыз. Ошондон биз баш тартпашыбыз керек. Эгер чындыкты мамлекет башчысы же бийликте отургандар билбей калса анда туура эмес саясат болуп калышы мүмкүн.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG