Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:18

Мамлекеттик тилге маани бериле баштадыбы?


Президент К. Бакиев ушул жылдын 24-мартында жаңы багыты тууралуу кайрылуу жасаган.
Президент К. Бакиев ушул жылдын 24-мартында жаңы багыты тууралуу кайрылуу жасаган.

Өлкө президентинин жаны багытында айтылган ойлорду ишке ашыруу, атап айтканда мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жаңы иш чаралары ишке ашырыла баштаганы айтылууда. президенттин катчылыгынын кызматкери Султан Жумагулов мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жаңы багыттары тууралуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна жооп берди.

- Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жаңы иш чаралары бири катары эртең Түркиянын президенти Абдулла Гүлдүн визити учурунда сүйлөшүүлөрдүн бардыгы кыргыз тилинде жүргүзүлөт экен. Бул мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жаңы багытынын аракетиби, же президенттик шайлоо алдындагы эле аракетпи?

- Жок, бул президенттик шайлоо астындагы иш чара эмес, бул өзүңүз айткан жанылануу багытында эң чоң жобо кабыл алынган болчу, ошондо эң биринчи орунда нукура маданий саясатты жүргүзүү деген жобо кабыл алынган. Анда кыргыздын элдик салтын, өз алдынчылыгын, маданиятын, тилин өнүктүрүү биринчи орунда турат деп айтылган. Мына ошол убаданын ишке ашырыла башталышы катары айтсак болот.

- Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын кабыл алынганына 20 жылга жакындап калды, бирок иш кагаздарын, мыйзам долбоорлорун жазуу дагы эле орус тилинде. Ошондон улам кээ бир мыйзамдардын кыргыз тилиндегиси менен орус тилиндегисинин ортосунда айырмачылыктар болуп, жоболорду эки башка түшүнгөн окуялар көп болуп жатат. Буларды жоюу үчүн кандай аракеттер болот?

- Ооба, мен сизге кошулам. Эми объективдүү көп себептер болот экен. Мамлекет куруу, түзүү деген өтө түйшүктүү, узак мөөнөттөгү иш экен. Бул баягы кыргыз тилин жалаң орус тилине адаптация кыла берип, орус тилинен түзмө-түз которо берип, ошол кулк мүнөздөн арылуунун өзүнө эле канча убакыт кетип атат. Анткени бүтүндөй муундун көз каршын, ой жүгүртүүсүн оңдош кыйынга турат экен да. Албетте, менин оюмча, адегенде орусча ойлонуп алып, аны кайра кыргызчага тикелей которгондун ордуна, ошол түшүнүктөрдү кыргызча жазуу менен биз көп нерсени оңдоп алсак болот эле. Ушул багытта алгачкы кадамдар жасалды болуш керек деп ойлоп турам.

- Демек мыйзам долбоорлорун кыргыз тилинде даярдап туруп, анан орус тилине которуу иш чаралары жолго коюлабы?

- Болот албетте, ошондой болууга тийиш деп ойлойм жана ошондой иштердин алгачкы жышаанасы болуп жатат.

- Азыр карап көрсөк айыл жериндеги балдар орус тилин таптакыр билбей калышты, шаардагылар болсо кыргыз тилин таптакыр тааныбай бара жатышат. Ошон үчүн кыргыз тили базардын тили болуп калды деген пикир пайда болду азыр коомдо, өзүңүз деле жакшы билсеңиз керек. Эмне үчүн илимдин, медицинанын, техниканын тили боло албай жатат. Кандай зарылдык болуш керек ал үчүн?

- Биз тилекке каршы ушундай муунга ээбиз. Орус тили албетте өтө күчтүү, кудуреттүү тил. Ошонун негизинде ой жүгүртүп атып эле, кыргыз тили өзүңүз айткандай чын эле базардын, айылдын, идиш-аяктын тили деген көз караш калыптанып калган. Бирок мен буга таптакыр каршымын. Мен өзүм тил менен канча жылдан бери иштешип келатам, 90-жылдары мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам кабыл алынганда, баардыгы которула баштаганда мен ошону менен түзмө-түз иштешкем. Ошондо техникалык, медициналык башка терминдерди биз которуп көргөнбүз. Мына ошондо мен кыргыз тилинин кудуретине абдан ишенгем. Анан Манас сыяктуу мухитти чыгарган эл кантип эле дипломатиянын, саясаттын, медицинанын тилин айта албасын, айта алат.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG