Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Апта окуясы: Транзиттик борбор түзүү боюнча келишим жактырылды


Өтүп бараткан аптадагы негизги окуя Кыргызстан менен АКШы өкмөттөрүнүн “Манас” аба майданында Транзиттик борбор түзүү тууралуу келишими жана бул документтин Жогорку Кеңеште ратификацияланышы болду.

22-июнда Кыргыз өкмөтү менен АКШ өкмөтү “Манас” аба майданында Транзиттик-логистикалык борбор түзүү тууралуу келишимге кол коюп, бул келишимди шейшемби күнү Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттери жактап, 25-июнда парламенттин пленардык отурумунда аталган келишим ратификацияланды.

Бул документ жөнүндө депутаттарга маалымат берген тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев жаңы келишим боюнча америкалыктар "Манастын" ижара акысы үчүн 60 миллион доллар төлөй тургандыгын, жалпысынан Кыргызстанга келе турган акчанын суммасын 178 миллион доллар болоорун белгиледи. Анын айтымында, негизинен бул келишимге кол коюуга өлкөнүн коопсуздугу, Пакистан менен Ооганстандагы кырдаалдын курчушу дагы түрткү берген.

Келишимди талкуулоо учурунда Социал-демократтар фракциясы министрге бир катар жүйөлүү суроолорду берип, келишимде көрсөтүлгөн тарнзиттик борбордун персоналдарынын дипломаттык макамы боюнча маселени дагы көтөрүштү.

Кадырбек Сарбаев эки тараптуу келишимде АКШнын транзиттик борборунун персоналдары 1961-жылы кол коюлган Вена конвенциясына ылайык дипломаттык макамга ээ деп жазылып турганы менен, алар транзиттик объекттерде жүргөндө гана мындай макамга ээ болушарын айтты.

- Аларга административдик-техникалык персоналдын макамы гана берилди. Келишимде жазылып турат, бул макамга алар Кыргызстан менен макулдашкан транзиттик объекттерде же алар кызматына байланыштуу жүрүүчү аймактарда гана ээ боло алышат.

Транзиттик борбордун персоналдарына берилген макам, алардын жоопкерчилиги тууралуу маселени Социал-демократар фракциясы көтөрүп чыгып, депутат Дамира Ниязалиева бул маселени кайра карап чыгууну сунуштады.

- АКШ менен жаңы келишим түзүп жатканда бизди канааттандырбаган маселелердин баары каралышы керек эле. Мисалы: 8-беренеде Кыргыз өкмөтү АКШ өкмөтүнө персоналды кылмыш жообуна тартууга уруксат берет, эгер дагы бир жолу ушундай жагымсыз окуя болуп, америкалык персонал кыргызстандык жаранды өлтүрүп койсо, биз айыптуу адамды жоопко тарта албайбыз, а түгүл бул маселени карай да албайбыз. Бирок жакшы билесиздер, мурдагы келишимди денонсациялоонун негизги талаптарынын бири так ушул болгон.

Ал эми Коммунисттер фракциясынын башчысы Исхак Масалиев Транзиттик борбор боюнча келишимге каршы экенин билдирип, бул келишимге байланыштуу документке коммунисттер добуш беришпестигин айтты. Исхак Масалиев эки өкмөттүн келишимине Кыргызстандан тышкы иштер министри, ал эми Америкадан элчи кол койгонун айыптады.

Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев болсо америкалыктар менен сүйлөшүүлөр 16-17-июнда болуп, эки тарап бир пикирге келишип 22-июнда келишимге кол коюлганын, кыргыз тараптан келишимге тышкы иштер министр катары өзү, АКШ тараптан Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчиси Т.Гфэллер кол койгону эл аралык нормаларга жооп берерин айтты.

Ал эми Кооппсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Исмаил Исаков “Манас” аба майданында Транзиттик-логистикалык борбор түзүү боюнча келишим өлкөнүн коопсуздугу үчүн абдан пайдалуу деп эсептейт.

- Бул жерде маселени биз өтө чоң карашыбыз керек, себеби дегенде бул маселе түздөн-түз биринчи кезекте Кыргызстандын коопсуздугуна байланышкан. Бул базанын мурунку жайланышын баары билишет, эл аралык терроризмге каршы Ооганстандагы акыбал жакшы болгонго чейин деп макулдугун берген болчу да кыргыз тарап. Ошондуктан бүгүнкү мындай акыбалдарды карап көрсөк, Пакистандагы, Ооганстандагы ошол эле Орто Азиядагы, кечээ жакында болгон Анжиан, Канабат, кечээки эле болгон Жалал-Абаддагы окуяларды карасак биринчи мөөнөтө бул коопсуздугубузду сактоого түздөн-түз байланышкан. Ушуну менен бирге албетте, экономикага дагы чоң таасирин тийгизип, пайдасын бере турган келишим болуп жатат. Себеби дегенде азыр транзиттик жүктөрдү ташуу борбору дегенден кийин албетте жүктөрдү ташуу көбөйөт, көбөйгөндөн кийин бул жерде америкалыктар бул борборду чоңойтконго аракет кылат, бул жерден дагы Кыргызстан экономикалык пайда табат.

“Манас” аба базасын калтыруу боюнча өтүнүч менен Ооган президенти Хамид Карзай өлкө башчысы Курманбек Бакиевге кат жолдогон. Кыргыз өкмөтү менен Кошмо Штаттардын өкмөтүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр АКШ президенти Барак Обаманын Курманбек Бакиевге жазган катынан кийин күч алды. Белгилүү болгондой, Барак Обаманын каты президент Бакиевге 11-июнда тапшырылган. Андан кийин база боюнча сүйлөшүүлөр Ооганстан президенти Хамид Карзай менен президент Курманбек Бакиевдин 16-июнда Россиянын Екатеринбург шаарындагы жолугушуусунда болуп өттү. Анда ооган президенти Ооганстандагы кырдаалды жөнгөрүүдө "Манас" аба майданын пайдаланууга уруксат берүүнү өтүнгөн.

Ошентип Жогорку Кеңеш 25-июнда Кыргызстан менен АКШы өкмөттөрүнүн “Манас” аба майданында Транзиттик борбор түзүү тууралуу келишимин ратификациялады. Ага 75 депутат добуш берди.

Орусиянын бир катар басылмаларды кыргыз бийлиги база боюнча 180 даражага бурулуп, эки жүздүү саяст жүргүзүп жатат деп дагы чыгышты. Ал эми Орус президенти Дмитрий Медведев терроризмге каршы эл аралык коалиция күчтөрүнүн транзит борборун "Манас" аэропортунда түзүү жөнүндө Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы макулдашууну жактырган кыргызстандык парламенттин чечимине көз карашын мындайча билдирген:

- Мына кыргыздар да ушундай чечим кабыл алышты. Менин оюмча, мындай жагдай терроризмге каршы күрөшкө багытталган жалпы ишке пайда алып келет.


Буга чейин “Манас” аэпортунда АКШнын Транзиттик борборун түзүү тууралуу кыргыз өкмөтүнүн чечимин айрым саясий партиялар, кээ бир президенттикке талапкерлер сынга алып, бул чечим Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы мамиленин суушуна алып келет, деп айтып чыгышкан.

Айрым талдоочулар болсо кыргыз бийлиги "Манас" базасын чыгаруу боюнча мурда чечим чыгарып, эми кайра жаңы келишимге макул болушу азыркы бийликтин туруктуу саяcаттынын жоктугу катары баалап, өлкөнүн эл аралык аброюн түшүрүп жатат деген көз караштарын билдиришкен.

Президент Курманбек Бакиев үстүбүздөгү жылы 3-февралда Москва шаарында орус бийлиги менен жолугушуудан кийин маалымат жыйынында кыргыз өкмөтү «Манас» аба майданынан АКШнын аскер базасын чыгаруу тууралуу чечим кабыл алганын жарыялаган.

19-февралда болсо Жогорку Кеңеш коалициялык күчтөр боюнча келишимди жокко чыгрып, базаны чыгаруу тууралуу жарлыкка президент 20-февралда кол койгон.

XS
SM
MD
LG