Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:51

М. Казакбаев: Оппозицияга жаңы лидер керек


Оппозициянын азыркы абалы жана иш-аракети тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна саясат таанучу Марат Казакбаев жооп берди.

- Марат мырза, президенттик шайлоодон кийин оппозицияга элдин ишеними өстү деген пикирлер айтылууда. Буга кандай карайсыз, ага эмне себеп болду?

- Оппозиция азыр негизи кризисте болуп турат. Буга ким күнөөлү? Эң биринчи - өздөрү, экинчиден - бийлик. Карабайсынарбы, ушул шайлоодо аябай чоң административдик ресурс колдонулуп, мыйзам бузуу болуп, ошон үчүн оппозиция билбей калды кантип легитимдүү канал менен бийликке келиш керектигин. Бирок кыргыз оппозициясы Борбор Азия өлкөлөрүндөгү эң күчтүү оппозиция. Бирок оппозиция өзү дагы механизмдерин кайра иштеп, жаңы деңгээлге чыгыш керек. Оппозиция азырынча нааразычылык инструменттерге ишенип иштеп атат. Азыр заман башка, 2005-2006-жыл эмес. Ошон үчүн ушул күздө оппозиция өзүнүн ичин реформалашы керек жакшы иштегенге.

- Эгерде оппозиция жаңыланып, жаңы реформа жүргүзүш керек десе, сиз кандай сунуштарды киргизет элеңиз, кандай болуш кепек кыргыз оппозициясы?

- Менин оюмча, оппозицияда эски лидерлер жаңы механизм менен иштей албайт. Ошон үчүн жаңы жаш лидерлер келиш керек иштегенге. Коомдук парламент, коомдук өкмөт менен иштегенге, ММКда талкууларды жүргүзүүгө легитимдик канал түзгөнгө аракет кылыш керек. Азыр митинг уюштурган болбой калды. Ошон үчүн оппозиция башка жолдор менен иштеш керек.

- Кыргызстанда бийликтен кызматтан кеткен адам дароо оппозицияга өтөт дегендер да бар. Буга кандай карайсыз?

- Оппозиция негизи компромисттүү инструмент менен эле иштеш керек. Бийлик сүйлөшүүгө чыкса оппозиция сүйлөшүшү керек, ошон үчүн компромисттик механизм менен да аракет кылып иштеш керек.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG