Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:03

К. Абдымен: Жаңы өзгөрүүлөргө күмөн күч


Кыргызстандын башкаруу системасын реформалоого байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна саясий серепчи Кубан Абдымен жооп берди.

- Кубан мырза, президент Курманбек Бакиев башкаруу системасын реформалоо жөнүндө билдирүү менен чыкты, мына ушул Кыргызстандагы бийлик структурасындагы өзгөрүүлөргө сиздин пикириңиз кандай?

- Бул маселе көптөн бери эле каралып, талкууланып, мындан мурдагы бийлик дагы бир топ аракет кылып, башкаруу системасындагы жаңы ыкмаларды колдоно тургандай, азыркы замандын талабына шайкеш келген деңгээлге көтөрөбүз деген аракеттер болуп келген. Бул бир жагынан алганда албетте өз убагында кылынган нерсе деп айтсак болот. Бирок иш жүзүнө ашырууга келгенде буга чейинки кадамдарга окшоп эле бир жерге тыгылып калгандай жыйынтык алып келген жок деген гана күмөндөр бар. Экинчи жагынан алганда, албетте бул башкаруу системасы чындап келгенде Бакиев өзү айткандай эле эбактан бери жаныланууга, реформалоого, өзгөртүүлөрдү киргизип, жаны ыкмаларды колдонууга, алар менен жаңы системанын нугунда иштей турган, жаңы кадрларды алып келе тургандай зарылдык бар экенин көрсөтүп атат.

Демек бул жаңылануу процесси башталса, албетте жыйынтыгы оң жака бурула тургандай кадамдар жасалса, анда албетте Кыргызстанга пайда алып келет деген ойдомун. Эгерде бул иш ишке ашпай кала тургандай кадамдар болуп кетсе, анда менин оюмча, азыркы замандагы эле көптөгөн кампаниялардын бири болуп калат. Анын себеби жаңы системанын ичинде иштей турган адамдардын ушуга чейин даярдыгы жок экендигинде. Эгерде системаны алып келип, ага мурдагы эле ыкма менен иштеген адамдарды дайындап коюшса, анда өзгөрүү болбойт.

- Кубан мырза, айрым бир талдоочулар айтып атышат, президент бул реформа менен өзүнүн президенттик бийлигин мындан дагы күчөтүү аракетин көрүүдө деп. Буга сиздин пикириңиз кандай?

Мындай ойлор албетте саясат талдоочулар тарабынан айтылып келетат. Менин билишимче, бир нече сын-пикирлер айтылып кетти. Мисалга алсак, мамлекеттик катчынын институтун жоюп, анын ишин башка тармактагы бийлик бутактарына тапшырабыз деген ойлор бар экен. Бирок ошол эле мезгилде, сынчылардын айтымына караганда, жаңы эки бийлик бутагына окшогон институттар түзүлүп атат. Бул жогорку курултай дегени, анан президенттик кеңешме дегендегиси. Бул эми канчалык деңгээлде мамлекеттик бийликтин тармагы катары иштей алат деген суроого жооп бериш эртерээк. Бирок ошентсе дагы жаңы түзүлүп аткан бутактардын иши албетте мамлекет тарабынан каржыланмайынча ишке ашпайт. Андыктан бирдин ордуна жаңы эки бийлик тармагы келип, мурункудай эле бюрократтык аппараттар көбөйүп, анын жыйынтыгы катары ансыз деле ширелип калган коррупциялык аппаратты күчөтүп ийеби деген коркунуч бар экендиги талашсыз.

- Айрым талдоочулар президент президент башкаруу системасын ишке ашыруунун мөөнөтүн жана канча убакытта ишке киргизүү боюнча айтпаганы бул бийликтин өзүнүн даяр эместигин көрсөтүп турат деген ойлорду айтып атат. Буга сиз кандай карайсыз?

- Мындай көз караштар бар экендиги талашсыз. Албетте жаңы ыкманын баардыгын киргизип, анын жыйынтыгын белгилүү мөөнөттүн ичинде бийик деңгээлге көтөрө алам деген пландар болушу мүмкүн. Бирок ошол пландар айтылса жакшы болот эле, айтылбай калгандагысы албетте күмөңдү күчөтүп атат. Менин оюмча, пландарды иштеп чыга турган азыркы Кыргызстандын бийлигинин арасындагы бир топтун, же команданын так планы бар экендигине мен абдан күмөнмүн. Ошондуктан сунуш кылынып аткан башкаруу системасынын толук, ар бир кадамы иштелип, ойлонулуп чыккан планы бар деп айткан туура эмес го дейм.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG