Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:04

Ж.Назаралиев: Президенттик бийлик күчтөнүшү мүмкүн


Президенттикке мурдагы талапкер, доктор Ж. Назаралиев башкаруу системасын реформалоо боюнча ой бөлүштү.

- Жеңишбек мырза, президент Курманбек Бакиев башкаруу системасын реформалоо боюнча Жогорку Кеңеште билдирүү жасап, жарым жылдын ичинде бул реформа ишке ашаары айтылууда. Өлкө башчысынын мындай кадамын кандай кабылдап жатасыз?

- Көп кызматкерлерди кыскартуусу – эң туура. Эгерде бардык мамлекеттик кызматкерлерди 50 пайызга кыскарта турган болсо эң жакшы болот эле. Эми бул келчекте. Бирок жаңы структураларды ачып атпайбы, Жогорку курултай, президенттик кеңеш деген. Анда мындай суроо чыгып атат, анда Жогорку Кеңештин пайдасы эмне? Жогорку Кеңешти дагы жоюш керек болуп атпайбы. Анткени бирин жок кылып, экинчисин чыгарып, кайра эле ошону ордуна келтиртип, келечекте пайдасы болобу, пайдасы болбойбу, же бул убактылуу элеби, ошонусун анча түшүнбөй атабыз. Жогорку курултайдын, же президенттик кеңештин эмне кереги бар? Коомдук палата деген да бар да. Ошондуктан бул бир четтен башка четке чыгып эле, кайрадан эле көргөзмө болуп калышы мүмкүн.

Жогорку курултай дегенди эл шайлайбы же кайрадан эле президенттин жардыгы менен келеби? Эгерде дайындала турган болсо бул кайра эле президенттик администрациясын күчөткөн аракет болот. Эгерде шайлоо аркылуу келсе, аз болсо да пайдасы болушу мүмкүн. Бирок кайрадан суроо чыгып атат, анда бул Жогорку Кеңештин функциясын аткарып атпайбы, анда Жогорку Кеңешти жоюш керек деген маселе чыгат. Мына, Ирландияда Жогорку Кеңеш жок, өзүнчө чоң президенттик кеңеш бар. Ошондуктан буга кызыгуу бар, бирок ичинде көп суроолору да бар. Бул келечекте кандай ишке ашат, же кайрадан эле коррупция болуп, кайрадан эле элдин көзүнө бийлик аркылуу көргөзмө болуп атабы?

- Ал эми айрым талдоочулар айтып атат, реформа жасоо менен президент өзүнүн бийлигин эки эсе күчтөндүрүшү мүмкүн деп. Буга кандай карайсыз?

- Эгерде президенттик кеңеш менен жогорку курултай кыла турган болсо, президенттин бийлиги эки эсе эмес беш эсе күчтөнүп алышы мүмкүн.

- Оппозиция президенттик шайлоодон кийин добуштарыбызды уурдатпайбыз деген аракеттерди жасады эле. Сиз дагы оппозициядагы саясатчы, президенттикке мурдагы талапкер А. Атамбаев менен ушул президенттик шайлоону тааныбайбыз деп чыктыңыздар эле. Ушунун жыйынтыгы кандай болот?

- Биз талапкер катары өз пикирибизди айтып кеттик, бул легитимсиз президент деп. Эми жыйынтыгы кандай болот муну убакыт өзү көрсөтөт, оппозиция кантип биригет, кантип чечет? Негизи кайрадан мөөнөтсүз президенттик шайлоо кылыш керек.

- Айрым талдоочулар айтып атат, оппозиция ич ара ыркы кетти, бүгүнкү күндө Кыргызстанда оппозиция жок дегендей. Ушул оппозицияга сиздин көз карашыңыз кандай?

- Мен дагы ошондой деп ойлойм. Аты эле бар оппозиция деген. Бирок булар биринчиден, финансы жагынан кыйналып атышат, экинчиден, булар баардыгы биригип өз ой-пикирлерин түбүнө чейин жеткире албай атат. Кемчилиги ошол жактан чыгып атат. Ар бири өз жагына тартып, партиялар бири-бири менен бөлүнүп, ишенич жок болуп калды. Ошондуктан эгерде жаңы адам чыга турган болсо, балким элди бириктирип, нак оппозиция катары чыкса болот деген ой бар.

- Ал эми доктор Жеңишбек Назаралиевдин көз карашы кандай болот, оппозицияда болосузбу, же бийликчилби?

- Менин көз карашым - мен дайым өз оюмда калам. Себеби оппозицияда да, бийликте да көп кемчиликтер бар. Ошондуктан мен оппозицияга да, бийликке да кошулбайм. Келечекте кандай жол менен жүрөрүбүздү убакыт көрсөтөт.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG