Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:05

Г. Бейшенбаева: «Ата Мекендe» жаштар арбын


«Ата Мекен» партиясындагы өзгөрүүлөр жана СДП менен биригүү аракеттери тууралуу партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Гүлниза Бейшенбаева айтып берди.

- Партиянын саясий кеңеши жыйын курган экен, анда кандай маселелер каралды?

- Саясий кеңештин жыйынында негизги эки маселе каралды, биринчиси - саясий кеңештин курамына жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу. Анан Кыргызстан социал-демократтар партиясы менен “Ата Мекен” партиясынын биригүүсү тууралуу маселе да күн тартибине коюлду.

- Саясий кеңешке канча мүчө жаңыдан кирди, анын курамы канча кишиден тура турган болду?

- Саясий кеңештин курамына кечээки жыйында 23 жаңы мүчө кабыл алынды. Ошондо эски мүчөлөр менен кошулуп баардыгы 60 мүчө болду.

- Бул курамга жаштар кирдиби?

- Албетте, азыркы кезде көп эле маселе козголуп жатпайбы, оппозициялык партиялар картайды, алардын ордуна жаңы жаштар келиш керек деп. Биз саясий кеңештин курамын карасак, 70 пайызга жакыны 45 жашка чейинкилер, ал эми 30 пайызын 35 жашка чейинки жаштар түзүптүр

- Социал-демократиялык партия менен биригүү үчүн эми кандай иштер аткарылмакчы?

- Бул эки партиянын биригүүсүн албетте тез убакыттын ичинде ишке ашыруу мүмкүн эмес. Биригүүнүн юридикалык, техникалык жактарын эске алып, кандай формада болот, кандай маселелер бар, ошолордун бардыгын эки партиянын кызыкчылыгын эске алуу менен чечиш үчүн биз координациялык кеңеш түздүк. Ал кеңешке жети региондун өкүлдөрү кирди жана анын башында партиянын лидери турат. Бул кеңеш сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана дол-жоболорду саясий кеңеш менен макулдашып чечишет.

- Ага кандайдыр бир мөөнөт коюлдубу?

- Мөөнөт коюлган жок. Бул сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнөн көз каранды болот.

- Жыйында өлкөдөгү азыркы саясий кырдаал дагы талкууландыбы, талкууланса кандай баа берилди?

- Саясий кырдаал албетте талкууланды. Өткөн президенттик шайлоодон оппозиция утулуп калбадыбы. Азыр эми көпчүлүк эле саясатчылар, саясий серепчилер тарабынан оппозиция картайды, алардын идеялары, программалары ишке ашпай жатат жана алардын ордуна жаңы оппозициялык саясий күч пайда болуш керек деген маанайдагы көз караштар айтылып жатпайбы. Биз бул маселени дагы талкуулап, биздин партияда жаштардын көп экенин, аялдар да бардыгын эске алдык. Биз партиянын 15 жыл мурун багыт алган идеясынан баш тартпай, ошол идеяны эле улантып кете турганыбызды далилдей алдык.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG