Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:09

А. Кенжебаева: Реформа жакшы натыйжага алып келет


Башкаруу системасын реформалоо боюнча суроолорго Жогорку Кеңештеги «Ак жол» фракциясынын депутаты Айнура Кенжебаева жооп берди.

- Башкаруу системасын реформалоо боюнча структуралардын түзүлүшү келерки аптада Жогорку Кеңешке сунушталаары айтылып атат. Бул боюнча сиздерде алдын-ала маалымат барбы, кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн?

- Бул башкаруу системасын реформалоо жакында башталат. Азыр сиздерге белгилүү болгондой, жумушчу топ иштеп жатат. Ал ушул аптанын аягында же аркы аптада бизге келип түшүшү мүмкүн. Мен бир нерсени айтып кетмекчимин, биз кечээ күнү “Ак жол” фракциясында дагы башкаруу системасын реформалоо жөнүндө сүйлөшүп, 12 комитетибиз бар эле, азыр 8 комитет боло турган болду. Ошондой эле орто эсеп менен алганда Жогорку Кеңештин аппараты да 30 пайызга кыскарганы жатат.

- Ошол эле учурда коомчулукта президент Курманбек Бакиев башкаруу системасын реформалоону алдын ала дыкат даярдабай сунуштап жибергени жакшы натыйжа бербейт деген да ойлор айтылып атат. Ушуга сиздин көз карашыныз кандай?

- Ар кандай маалыматты ар кандай чечмелесе болот. Бирок менин көз карашымда, буюрса азыр жумушчу топ иштеп атат, жакшы натыйжалар болот. Курманбек Бакиев айткан сөзү менен жасаган жумушу төп келген киши, ошон үчүн мен ойлойм, бул иш өз деңгээлине жетет.

- Ал эми оппозициялык саясатчылар болсо бул реформа эч кандай жыйынтык бербейт, башкаруу системасын реформалоодон көрө бийлик системасын өзгөртүш керек деген сунуштарын айтып атышат. Буга сиздин көз карашыныз кандай?

- Сынга алуу деген оңой нерсе экен. Ошон үчүн мен ойлойм, башкаруу системасы өзү Советтер Союзунун мезгилинен калган калдык болуп эсептелип атат, ошондуктан ушул системаны өзүбүз реформага алып баштасак анан буюрса баары жакшы болот го келечекте.

- Ушул башкаруу системасын реформалоонун мөөнөтү узагыраак болуп атат деген көз караштарга сиздин пикириңиз...

- Узагыраагы кандай, азыр жумушчу топ жумушун бүтүп атат. Ошол жумушун бүткөндөн кийин эле буюрса баштайбыз. Ар бир жумушту баштоодо кичине ойлонуп туруп анан башташ керек. Мына жакында буюрса башталат. Узак мөөнөт дегендей бул 1-2 жылдап созулган жок да.

- Башкаруу системасын реформалоого “Ак жол” фракциясы да өзүнүн сунушун бердиби?

- “Ак жол” фракциясын эле эмес, ар бир комитетте иштеп чыгып, ар бирибиз өзүбүздүн сунуштарыбызды берип атабыз. Буга биздин “Ак жол” фракциясынын депутаттары аябай активдүү катышып атат.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG