Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:27

А.Бекназаров: Парламент бир үй-бүлөгө таандык


БЭКтин штаб башчысы А.Бекназаров ЖК бир үй-бүлөнүн парламентине айланып, анын айынан К.Кадыровго байланыштуу туура эмес чечим чыкты деп эсептейт.

- Азимбек мырза, Жогорку Кеңештин депутаттары кесиптеши Кубанычбек Кадыровду кол тийбестик макамынан ажыратууга макулдугун берүүгө добуш берди. Парламентарийлердин мындай чечимине сиздин пикириңиз кандай?

- Эл өкүлдөрү, элдин таламын талаша турган парламент өздөрүнүн кесиптешине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына, сен башка партиядансың, сени биз минтип коюбуз дегендей мамиле жасашынан Кыргызстан чынында эле бир үй-бүлөнүн колундагы өлкөгө айланып калганы байкалды. Парламент бир үй бүлөнүн парламенти экендигин тастыктады.

Айрыкча кыргыз эмес депутаттардын жана депутаттык комиссиянын парламентте сүйлөгөн сөзү “кыргыздар бириң өлүп бириң калбайсыңбы, депутатсыңбы, башкасыңбы?” дегендей таасир калтырып жатат.

Анткени мен Балыкчыда сотко катышып отуруп, депутат Кубанычбек Кадыровдун жана дагы бир депутат Мирбек Асанакуновдун канчалык деңгээлде күнөөсү бар экендигин өз көзүм менен көрүп, кулагым менен угуп отурам. Ал жерде күч органдарынан түзүлгөн айрым күбөлөр эле аны айыптабаса, калган күбөлөр алардын таптакыр күнөөсү жок экендигин айтып жатат. Мына ошол далилдерди депутат Роза Отунбаева алып келсе дагы, ошону укпай “сотто момундай болуп жатат, силер жок дегенде сотто болгон нерселерди угуп койбойсуңарбы”, десе айрым депутаттар кыйкырып-өкүрүп аны уккусу дагы келбей жатканын угуп алып, абдан кыжаалат болдум.

- Бириккен элдик кыймыл эми Кубанычбек Кадыровго байланышкан бул маселе боюнча кандайдыр бир чечим кабыл алабы?

- Биз, БЭКтин мүчөлөрү 21-сентябрда түштөн кийин чогулабыз. Анда депутат Кубанычбек Кадыров боюнча жана өзүбүздүн башка маселелер боюнча БЭКтин бюросунда чечим кабыл алып, ошол боюнча сөзсүз билдиребиз.

- Айрым бир маалыматтарга караганда, парламенттин СДП фракциясынын лидери Бакыт Бешимов АКШдан саясий баш паанек суроого ниеттенип жатыптыр. Бул боюнча маалыматыңыз барбы?

- Мен бул тууралуу мурда эле учкай айтып кетсем керек. Бул кылмыш иштери К.Кадыровго, эртең бүрсүгүнү М.Асанакуновго андан кийин Б.Бешимовго, андан кийинки кезек СДПнын лидери А.Атамбаевге, деги эле оппозициядагы саясатчыларга карата багытталгандай болуп турат, - деп. Анткени ошол кылмыш иштеринин ичинде оппозициялык күч, БЭК деген сөздөр абдан көп жазылган. “БЭКтин координатору, БЭКтин атынан”,-деген нерселерди Балыкчы шаарынын прокурору, милициянын башчысы, Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлү ачыктан ачык эле айтып жатышат. Ушуларга караганда Бакыт Бешимовдун АКШдан баш паанек сураганга ниеттенип жатканын билбейм, эгерде ошондой кылса мен туура эле кылды демекмин.

- Маегиңизге рахмат

XS
SM
MD
LG