Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Оппозиция бир партияга биригүү аракетинде


Бириккен элдик кыймыл бир партиянын астына биригүү иштерин уюштуруу үчүн жети кишиден турган жумушчу топ түздү.

21-сентябрда Бириккен элдик кыймылынын саясий бюросунун кезектеги отуруму болду. Анда бир эле маселе - СДП менен “Ата Мекен” партияларынын бир партияга биригүү боюнча маселе каралды. ОШол эле учурда БЭКтин жоболору, саясий куугунтук боюнча күн тартибине коюлган эки маселе каралган жок. Отурумда Социал-демократиялык жана “Ата Мекен” партияларын бириктирүү иш чараларын уюштуруу үчүн жети кишиден турган жумушчу тобу түзүлдү.

БЭКтин саясий кеңешинин мүчөсү Топчубек Тургуналиевдин айтымында, оппозициялык маанайдагы жаңы партия куугунтуктоолорго, укук бузууларга жана Бакиевдин бийлигин кулатууга алы жетпегени менен бийликтин жалган оппозициясынын түптөлүшүнө бөгөт койсо болот:

- Канчалык күчтүү партия болгону менен учурдагы үй-бүлөлүк тоталитардык диктатуранын куугунтугу кайра күчөй берет. Бийлик алмашканда гана биз абалды оңой алабыз.

БЭКтин саясий кеңешинин мүчөсү Топчубек Тургуналиев ошондой эле жаңы оппозициялык маанайдагы партияга кошулуу макулдугун Эркин Бөлөкбаев жетектеген “Жашылдар” партиясы да билдиргенин кошумчалады.

Оппозициянын минтип бир партияга биригип жатышы коомчулукта түрдүү пикирлерди пайда кылууда. Маселен саясий серепчи Жусуп Пиримбаев муну оппозициянын бийликтин “Ак жол” партиясына тең ата чыгуу аракети катары баалайт:

- Оппозиция өзүнүн программасына кыйла түзөтүүлөрдү киргизүүсү зарыл. Ошондо коомдо тең салмактуулук келип, бийликти мыйзам чегинде алмаштыруу деңгээлине жетет элек. Менимче, оппозиция “Ак жол” партиясына тең келе турган чоң партия түзгөнгө аракет жасап жатат.

Ошол эле учурда учурда элде оппозицияга муктаждык сезими төмөн дегендер да жок эмес. Мындай пикирин жаштардын “Кебел” коомдук кыймылынын мүчөсү Мирзат Аджиев билдирди:

- Оппозиция керек экенин азыр эл деле өзү толук сезбей жатат. Бирок коомчулук оппозициянын чындык үчүн күрөшүп жатканын сезе турган убакыт келет деп ойлойм.

XS
SM
MD
LG