Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:43

Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы түзүмүн бекитти


Ага ылайык, өкмөттүн жаңы түзүмүндө премьер-министр, 3 вице-премьер министр кызматы, 14 министрлик, 7 агенттик, 6 кызмат жана 2 фонд болот.

Өкмөттүн жаңы түзүмүн сунуштаганы парламентке премьер-министр Данияр Үсөнов келди. Бул түзүм кечээ Жогорку Кенештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитетинде, үч фракцияда жактырылган.

Өкмөттүн жаңы түзүмү жөнүндө мыйзам долбоорун кароодо айрым депутаттарды долбоордо маданият министрлигинин жоктугу, анын агенттик болуп статусунун төмөндөшү, Социалдык фонддун каражаттарын салыкчылар топтошу тынчсыздандырды.

Маселен, Коммунисттик фракциянын лидери Исхак Масалиев жаңы структура менен өкмөттүн статусу өзгөрөрүн, ал чарба менен алек болбой, ишкерликке шарт түзүүнүн үстүндө гана иштерин белгиледи. Бул капитализм, деди Масалиев. Ал ошондой эле Маданият министрлигинин статусу төмөндөшү туура эместигин айтып, мамлекеттин идеология тармагы боштукта калганын кошумчалады.

Социал-демократиялык фракциянын лидеринин милдетин аткаруучу Иса Өмүркулов да Маданият министрлигинин статусу төмөндөшүнө каршылык билдирди

Бирок өкмөт башчы Данияр Үсөнов долбоор сунушталган формада кабыл алыныш керек деп, депутаттардын сунуштары 20-октябрдагы президенттин сөзүндө айтылгандарга каршы келерин эскертти. Ошентип айрым депутаттардын мындай сунуштары колдоого алынган жок.

Жогорку Кеңештин депутаттары сунушталган түзүмдү 79 добуш менен кабыл алынды. Андан кийин ал парламенттин токтому менен бекитилди.

Премьер-министр Данияр Үсөнов парламент жыйынында өкмөттүн жаңы түзүмүн төмөнкүдөй санап берди. Анын айтымында, өкмөт түзүмү премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр, вице-премьер-министр жана вице-премьер-министр-аппарат башчысынан, 14 министрликтен турат. Ошондой эле 7 агенттик, 5 кызмат жана 2 фонд болот.

Жаңы өкмөт түзүмүндөгү министрликтер:

  • Финансы министрлиги
  • Юстиция министрлиги
  • Коргоо министрлиги
  • Ички иштер министрлиги
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
  • Энергетика министрлиги
  • Экономикалык тескөө министрлиги
  • Айыл чарба министрлиги
  • Жаратылыш ресурстары министрлиги
  • Транспорт жана байланыш министрлиги
  • Мамлекеттик мүлк министрлиги
  • Саламаттык сактоо министрлиги
  • Билим берүү жана илим министрлиги
  • Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги.

Өкмөт алдында жети агенттик болот:

  • Антимонополиялык жөнгө салуу агенттиги
  • Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги
  • Социалдык камсыздандыруу агенттиги
  • Байланыш агенттиги
  • Дене тарбия жана спорт агенттиги
  • Архитектура жана курулуш агенттиги
  • Маданият агенттиги

Мындан тышкары, Өкмөт алдында алты кызмат түзүлөт:

  • Жаза аткаруу кызматы
  • Чек ара кызматы
  • Салык кызматы
  • Бажы кызматы
  • Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө кызматы.
  • Мамлекеттик каттоо кызматы
Ошондой эле эки фонд - мамлекеттик материалдык резервдер фонду жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду түзүлдү.

XS
SM
MD
LG