Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:19

Башкаруу системасы жаңыланабы же жаңылабы?


Аптадагы олуттуу окуя - президент К. Бакиев башкаруу системасын реформалоонун пландарын жарыялап, өкмөттүн жаңы түзүмү бекитилиши болду.

20-октябрда өлкө башчысы Курманбек Бакиев өкмөт үйүндө мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнүн, өкмөт мүчөлөрүнүн, парламент депутаттарынын катышуусу менен өткөн жыйында башкаруу системасын жаңылоо тууралуу сөзүндө, реформанын биринчи максаты - Президенттин институтун, Өкмөттүн түзүмдөрү менен функцияларын, укук коргоо жана сот органдарын реформалоо, жаңы аскердик доктринаны жаратуу жагын камтырын белгиледи.

Экинчиден - Бул бюджеттин мазмуну менен аны камдоонун жол-жоболорун тактоо, ишкердикке жана бизнеске шарт түзүү, коомдук ресурстарды натыйжалуу тескөө жагын камтырын айтты.

Үчүнчүдөн - маданиятты жана адамдык күч-кудуретти кайра жаратуу реформасы. Бул маданий саясаттын, билим берүүнүн жана социалдык коргоонун маселелерин камтырын билдирди.

- Өлкөнү башкаруунун реформасы башка реформаларга негиз болууга тийиш. Башкаруу системасынын өзүн жаңыртпай туруп, кадрларды ооштуруп коюу көз боёмочулук болуп каларын постсоветтик өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөттү. Бул эч кандай натыйжа бербейт, бериши да мүмкүн эмес. Реформалардын зарылдыгын жарыялаган кезде мен чыныгы өзгөрүүлөргө багытталган кадамдарды гана жасарымды дароо айткан элем, - деди президент.

Курманбек Бакиев белгилегендей, чиновниктер аппаратынын азыркы системасы эпсиз чоң келип, кризистик кырдаалга жана тез өзгөрүүлөргө дароо жана өзүнө тете жооп табууга ийкемсиз экени жашыруун эмес.

Ал эми коомчулукта Кыргызстанда башкаруу системасын буга чейинки реформалоолор сыяктуу эле азыркы бийлик аракет кылып жаткан реформа дагы эч бир натыйжа бербейт деген пикирлер айтылууда.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязовдун көз карашында:


-Эгемендүүлүктү алгандан бери өтө көп реформаларды өткөрдүк. Бирок ар бир реформанын натыйжасы тескери келип чыгып, акыбалыбыз улам начарлап кетип жатат. Эми ар бир реформа дегени бул бир эле максат менен жасалып жатат. Бул бийликтин бүт барын бир үй-бүлөгө баш ийдирүү деген ой менен болуп жатат. Азыркы реформа деле ошол эле максатта жүргүзүлө турган реформа. Бул реформанын дагы натыйжасы тескери болуп чыгат.

Өлкө башчысынын башкаруу системасын реформалоо багыты учурдун талабы, дейт мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиев.

- Негизинен учурда президенттин мындай кадамын эң зарыл деп эсептейм. Себеби акыркы 20 жылда биздин башкаруу системасы өзгөрүлгөн жок негизинен, баягы эле коммунисттик доордун башкаруу системасы калган. Менимче, азыр бизде жарандык коомдо жаңы сезим түзүлдү. Жаңы сезимдин пайдубалы бул - менчик. Ошон үчүн коомдо көз караштар өзгөрүлүп, башкаруу системасы болсо илгеркидей эле тоталитардык системага окшоп калды. Ошон үчүн азыр реформа керек.

Курманбек Бакиевдин Президентке тике баш ийген Президенттин аппараты, Президенттин катчылыгынан башка Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиги, коргоо, коопсуздук жана укук тартиби маселелери боюнча Мамлекеттик кеңешчиси жана тышкы иштер Мамлекеттик министрлигинин киргизилиши анын бийлигин күчтөндүрүү аркети катары баалагандар да бар.

“Ата Мекен” партиясынын төарагасы Өмүрбек Текебаев:

- Бул киргизген сунуштарынын баары жеке бийликти чыңдаганга, өзүнүн “Ак жолу” отурган парламенттин көзөмөлүнөн кетүүгө, демек элдин көзөмөлүнөн качууга жасаган аракет кылууда. Мисалы, көптөгөн структуралар өкмөттөн чыгарылып түздөн-түз президенттин алдына алынып кетти. Президенттин инвестиция-инновация деген агенттиги түзүлүп, Кыргызстанга келе турган тыйын-тыпырлар, аларды кайсы жакка салуу маселелери ошол жерден чечиле турган болду.

Ал эми премьер-министр Данияр Үсөнов болсо өкмөттүн укуктары мурдагы эле бойдон калганын белгилеп, айрым органдардын
өкмөттүн курамынан чыгарылышын туура деп эсептейт.

- Биздин коом ачык. Ошондуктан ар кандай пикирлер бар. Ар бир пикирге баа бериш менин оюмча туура эмес. Мен өзүмдүн позициямды айтайын. Өкөмттүн укуктары боюнча Конституцияда карасак, өкмөттүн мыйзамына таянсак өкмөттүн бир дагы укугу кеткен жок. Ошол эле Тышкы иштер министрлиги өзүнчө мамлекеттик министр болуп өкмөттүн курамынан чыкканы жалпы башкаруу системасына керектүү нерсе. Экинчиден, өкмөттүн курамынан Коопсуздук комитети чыгып, өзгөчө кызмат болгону дагы туура.

Саясат таануучу Кубан Абдымендин көз карашында дагы бул реформа менен президенттин бийлиги күчтөндүрүлө турган болду.

- Өкмөттүн буга чейин иштеп келгендеги бийлик укуктары кыскарганы, азыркы өкмөттүн структурасынын белгилеген сунуштарда көрүнүп эле калды. Муну менен президент чындап эле өзүнүн бийлигин бекемдеп, ошол эле мезгилде жоопкерчиликтерин өзүнө ала тургандай кадам жасагандагысы байкалып атат.

Жалал-Абат университетинин ректору, тарых илимдеринин доктору Ташмамбет Кененсариев президенттин бийлигин күчөтүү зарыл экендигин белгилеп, мамлекетти алга өнүктүрүү үчүн азыркы башкаруу системасын реформалоо өз учурунда башталганын, жаңы өкмөт курамын тажрыйбалуу кесипкөй жетекчилер түзгөнүн билдирди.

Коомчулукта өзгөчө Президенттин институтуна Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин киргизилиши кызуу талкууну жаратып, анын мамлекет үчүн иштөөсү ишенбөөчүлүктү пайда кылууда.

“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев аталган агенттик үй-бүлөнүн жана президенттин уулу Максим Бакиевдин
кызыкчылыгын көздөөрүн белгиледи.

- Өнүгүү фонду дагы, пакет да кетип отурат. Кыргызстандын байлыгынын баарын, карыз алынган акча, алтын кен жана башка пайда түшө турган тармактардын акцияларынын баарын чет элдик компанияга, тагыраак айтканда Америкадан келген уулу менен теңтуш жаш баланын колуна карматып берип койду. Өкмөт, Жогорку Кеңеш мына ошондон азыр акча сурап атат. Ошол Елисеев, Гуреевдер чечип атат. "Кимге канча пайыз менен беребиз биз чечебиз, Кыргызстан үчүн кайсы долбоор улуттук приоритет болот, аны биз чечебиз" деп отурат. Ал эми эл аралык тажрыйба боюнча, биздин Конституция боюнча муну парламент менен өкмөт аныктайт,

Ошентип 20-октябрда Президент реформаны жарыялагандан кийин эле өкмөт толук курамы менен кызматтан кетип, ошол эле күнү кечинде “Ак жол” партиясынын саясий кеңешинин жыйында жаңы премьер-министрдин кызматына Данияр Үсөновдун талапкерлиги каралып, 21-октябрда “Ак жол” фракциясы аны өкмөт башчылыгына 68 добуш менен колдогон. Ошол эле күнү президент Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен менен Данияр Үсөнов премьер-министр кызматына дайындалды.

Анын дайындалышы дагы коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратты. Айрым байкоочулар Данияр Үсөновду кыйла талаш-тартыштарды жараткан саясий фигура катары баалашып, 2007-жылы март айында Феликс Кулов Үсөновду вице-премьер-министрлик кызматка бекитүү үчүн Жогорку Кеңештин буга чейинки депутаттарына 300 миң доллар пара бергенин айтып чыкканынын эскеришти. Ошондо Данияр Үсөнов Феликс Куловду сотко берем деп бирок белгисиз себептер менен бул иш жабылуу бойдон калган.

Массалык маалымат каражаттары аны Бишкек мэри болуп турганда «Ата Түрк» сейил багынын жанында курулуп жаткан атка минерлерге таандык үйлөр боюнча эч нерсе чечпегенин, тескерисинче жарандардын тынч митинг, ар кандай жыйындарды өткөрүүсүн чектөөсү, кичи автобустарга жол кирени 8 сом кылганы менен эсте калып, дайыма өз кызыкчылыгы үчүн күрөшөт деп жазып чыгышты.

Ал эми аны колдоочулар Данияр Үсөновдун бизнести жакшы өздөштүргөн ишкер, заманбап жаңы технологияларды колдогон, жаңыча ой жүгүрткөн тажрыйбалуу жетекчи катары баалашууда.

“Ак жол” фракциясынын төрага орун басары, депутат Табылды Орозалиевдин пикиринде, Данияр Үсөнов премьер-министрлик кызматка дайындалышы түздөн-түз мамлекеттик башкаруу системасын реформалоого байланыштуу.


- Данияр Үсөнов Кара-Балта шаарынын аткаруу комитетинен өкмөттүн биринчи вице-премьерине чейин иштеди. Андан кийин Бишкектин мэри болду, президенттин администрациясын жетектеди, Жогорку Кеңештин депутаты да болуп иштеди, бизнести, экономика маселесин жакшы билет. Экинчиден, ушуга байланыштуу жетекчилик сапаттары да бар.

Данияр Үсөнов премьер-министр болуп дайындалгандан кийин 22-октябрда Жогорку Кеңеш 14 министрлик, 7 агенттик, 6 кызмат жана 2 фонддон турган өкмөттүн жаңы түзүмүн бекитип, бул мыйзамга президент кол койду. Ушул эле кнүнү өлкө башчысынын жарлыгы менен үч жаңы вице-премьер-министр, мурдагы министрлердин дээрлик бардыгы 14 министрликтин жетекчилигине дайындалды.

Айрым талдоочулар президент мамлекетти башкарууну жаңылоого багыт алгандан кийин өкмөттүн курамына мыкты чыкма жаштардан, “Ак жолдон” башка саясий партиялардын, саясий топтордун өкүлдөрүнөн дагы кошсо болмок деген ойдо калышты.

Парламенттеги СДП фракциясынын төрагасынын милдетин аткаруучу Иса Өмүркулов өкмөттүн жаңы түзүмүнөн реалдуу өзгөрүүлөр
болушунан күмөн санап турганын айтат:

- Бул жалпы структуранын түзүлүшү өзгөргөнү менен мааниси өзгөрбөй калчудай болуп калып атат. Себеби кечээ күнкү иштеп аткан министрлердин баары тең бүгүн кайра эле орду-ордуна келишти. Менимче, алды беш жылга чейин иштеп калды. Булардан орчундуу иш илгерилеп кетет деп күтүү күмөн туудурат.

Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов болсо бул реформалоо аркылуу президент бийлигин күчөткөнү менен жоопкерчиликти дагы өзүнө алганын колдоорун билдирди.

Мамлекет башчы Курманбек Бакиев башкаруу системасын жаңылоо багытын жарыялаганда, Башкаруу реформасынын биринчи этабы Конституцияга жана бир катар мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын белгилеп, ондогон регламенттерди иштеп чыгууну колдон келишинче тездетүүнү депутаттардан жана өкмөттөн өтүнгөн.

XS
SM
MD
LG