Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:58

У. Ормонов: Максим Бакиев ишкер катары өзүн көрсөттү


“Ак жол” фракциясынын төрагасы Улугбек Ормонов Максим Бакиевдин Өнүктүрүү, Инвестиция жана Инновация боюнча борбордук агенттиктин башчысы кызматына дайындалышын туура чечим катары кубаттады.

- Максим Бакиев ишкер катары өзүн көрсөтүп, сырт жактарда инвестиция менен иштеп жүргөндүгү баарыбызга белгилүү. Ошондуктан бул дайындоо Кыргызстанга инвестиция тартып келүүгө, экономикасын көтөрүүгө жардамын тийгизет.

- Өлкөдөгү оппозициялык күчтөр президентти үй-бүлөлүк башкарууга жол берди, анын жакындары мамлекеттик башкарууга аралашып жатат, деп сындап келишчү эле. Бул дайындоо ошол айтылган сындардын далили болуп калбайбы?

- Инвестициялык агенттик – бул мамлекеттик башкаруу эмес, тескерисинче Кыргызстанга инвестицияларды тартып өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө болгон аракеттердин бири. Эгерде өкмөт башчы кылып, же өкмөттүн мүчөсү, министр кылып дайындаса бул башка кеп. Максим Бакиев бул иштен өзүн көрсөтсүн. Эгерде чет өлкөлүк ишкерлер менен мыкты иштеп, инвестиция тартып келген болсо, биз аны колдошубуз гана керек

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG