Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:10

А. Абдрахматова: Үй-бүлөлүк башкаруудан арылуу ниети ишке ашпай калды


Президенттин кенже уулу Максим Бакиев
Президенттин кенже уулу Максим Бакиев

Президенттин уулу Максим Бакиевдин мамлекеттик чоң кызматка келиши боюнча коомчулукта дагы деле ар кандай сөздөр айтылууда. Бул маселе боюнча жаш саясат талдоочу Атыр Абдрахматова “Азаттык” менен ой бөлүштү.

- Мына азыр өлкөдө башкаруу систамасын реформалоого байланыштуу бир катар иштер жүрүп атпайбы. Анан президенттин уулу Максим Бакиевдин үлкөн чоң мамлекеттик кызматка дайындалышы менен буга чейин айтылып жүргөн үй-бүлөлүк башкаруу тууралуу дооматтар тастыкталып калган жокпу?

- Албетте, бир четинен бул 2005-жылдын 24-мартындагы окуяларга байланыштуу. Ошондо “Үй-бүлөлүк башкаруудан арылабыз” деген ураан эң башкы ураандардан болгон. Азыр ошол нерсе сакталбагандыгы көрүнүп турат. Бир жагынан болсо, Максим Бакиев жаш, чындап эле экономист катары өзүн элге тааныткысы келген адамдардын бири. Өзүнүн командасына жаш адистерди алып келип атканы сүйүндүрөт. Ошондуктан менин оюмча, ал мындай карама-каршылыкты өзүнүн жакшы иши менен, элге чындап эле пайда алып келе турган иш менен жеңип кетсе туура болмок.

- Президенттин ушундай кадамы менен башка мамлекеттик аткаминерлер дагы жакын туугандарын ачыктан-ачык эле кызматка тартуу күчөйт деп ойлобойсузбу?

- Күчөшү мүмкүн болчу. Бирок башка европалык өлкөлөрдө болгон окуяларда эл чындап эле өзүнүн нааразычылыгын билдирген болчу. Бирок кыргыздарды бир жагынан абдан көтөрүмдүү эл деп айтып жүрүшөт. Бир жагынан болсо бизде азиалык мамлекет болгондуктан унчукпай болсун, көрөбүз деп койгон мамиле бар. Ошондуктан Кыргызстанда менимче азырынча буга чындап нааразылык байкалбайт. Эгерде чындап эле Максим Бакиевдин элге жакпаган, элдин кызыкчылыктарын колдобогон иши болсо балким нааразылык күчөшү мүмкүн.

- Сиз Европа мамлекеттери деп айтып кеттиңиз, Францияда жакында эле Николя Сарказинин уулу Парижде маанилүү кызматка келүү тууралуу ниетин билдиргенде француз коомчулугу катуу каршылыгын билдирген. Кыргызстанда деле март ыңкылабынын алдында президенттин уулу, кызы менен депутаттыкка келээрде дагы ушундай каршылыктар болбоду беле. Кандай ойлойсуз, кыргыз коомчулугу өзүнүн позициясын айта алдыбы ушул маселе боюнча?

- Аскар Акаевдин балдары тууралуу учурунда Кыргызстандын коомчулугу айтып кеткен. Бирок анын балдарынын депутат болуп келишинин алдында андан да көп себептер болгон. Балдарынын келиши коомчулукта эң акыркы нааразылыктын бири болгон. Ошондуктан коомчулук каршы чыгып, өзүнүн нааразычылыгын билдирген. Европада болсо чындап эле эл башка, ал жакта мындай нерселер жөн өтүп кетпейт. Менин оюмча азыр деле бүт саясий реформа, Максим Бакиевдин келиши деле кыргыздардын өзүнүн позициясын көрсөтүп коюп атат. “Иштесин, көрөлү, анан баабызды беребиз” деген позиция болуп калды.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG