Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:18

Нарындын губернатору эмнеге алмашты?


Өмүрбек Суваналиев, Нарын облусунун мурдагы губернатору.
Өмүрбек Суваналиев, Нарын облусунун мурдагы губернатору.

Нарын облусунун жетекчиси алмашканын айрым жергиликтүү тургундар Жетим-Тоо темир кениндеги маселеге байланыштырууда.

Кечээ Нарын облусунун губернатору Өмүрбек Суваналиев кызматтан кетип, анын ордуна буга чейин Жети-Өгүз районун жетектеп келген Тынчтыкбек Чекиев дайындалган.

Өмүрбек Суваналиев Нарын облусуна губернатор болуп эки жылга жетпеген убакыт иштеди. Кызматтык өмүрүнүн дээрлик 95 пайызын ички иштер тармагына арнаган Нарын облусунун кечээки губернатору убагында «Комиссар Каттани» атыккан эле. Ал мамлекеттик коопсуздук комитетинин Ош облусу боюнча башкармасын жетектеп турган маалда эл аралык маанидеги темир жол каттамындагы 16 вагон курал-жарак жүк Ош шаарынан ачыкка чыгарылып, ал вагондор кайра артка кайтарылган. Ушул окуя дагы Өмүрбек Суваналиевдин ысымына байланыштырылган.

Өмүрбек Суваналиев 2005-жылдын март окуясынан кийин өлкөнүн Ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп, жаңы бийлик ага генерал-майор аскердик наамын ыроологон. Бирок кандайдыр себептен улам кийинчерээк өкмөт курамына кирбей, тандемден сүрүлүп калган баштагы кесиптеши Феликс Кулов түзгөн «Бириккен фронттун» казанбагын башкарып бийликке каршылыкка өткөн. Андагы ишмердүүлүгү үчүн мамлекттик коопсуздук кызматынын абагына да убактылуу камалган.

Ал аңгыча Өмүрбек Суваналиев Президенттик администрациясынын төрүнөн кызматка ээ болуп, 2008-жылдын январь айында Нарын облусунун губернаторлугуна дайындалган. Ал Нарын облусунда иштеп турган маалда бир катар окуялар болуп өттү. Алардын маанилүүсү - Жетим кырка тоосундагы темир кендин чалгындалышы жана Арпа өрөөнүнүн кытайлыктарга ижарага берилет экен деген аңыз кептер болду. Анткени 2006-жылы чалгындала баштаган темир кен Өмүрбек Суваналиев келгенде токтотулган болчу.

Бирок кайрадан темир кенге кытайлыктар келет экен деген уу-дуу кеп жергиликтүү калкты бушайман кылган эле:

- Баягы күнү 44 жаш бала ат менен чыгып, эмне кылабыз байке дегенде, азыр кое туралы, токтото туралы, жогору жак менен кеңешели, кандай иш чаралар болуп атат ошол жөнүндө чын-төгүнүн билип алып туруп анан баралы деп токтотконбуз. Бул боюнча элдин чөп, жыйын-терими бүтсө андан кийин иш чараларды көрөбүз го. Негизи эл аябай эле каршы болуп атат, элдин убалына калып атышат. Муну токтотуп койбосо чоң чырга айланып кетиши мүмкүн, - деп билдирген Нарын районундагы депутаттардын Дөбөлү айылдык кеңешинин төрагасы Улан Боогачиев июль айында.

Бирок ошол эле маалда мурунку геология жана минералдык агенттиктиктин стат-катчысы Дүйшөн Кыргызбаев Жетим тоосундагы темир кенине кызыккандар көп экендигин, ага сынактар болоорлугун шардана кылган болчу:

- Бул демилге көп участоктордон турат. Ошол участоктордун эң чоңу, баалуусу болуп Даңгы деген участок болуп эсептелинет. Ошол жерге биз өкмөттүн деңгээлинде тендер кылалы, конкурс жарыялайлы деп атабыз, Буга кызыкдар болгон компаниялар өтө көп.

Мындай маалыматты ошол учурда губернатор Өмүрбек Суваналиев дароо четке каккан:

- Жетим-Тоо боюнча биз буйрук чыгарганбыз, премьер-министрге да айтканбыз, азыр аткарылбайт.

Бирок август айында темир кенди иштетүүгө Жети-Өгүз району макулдук берип, натыйжада 60 кытай жараны кенге жол сала баштагандыгы белгилүү болгон. Бул абалды Жети-Өгүз районунун акиминин биринчи орун басары Акылбек Жаныбеков август айында мындайча чечмелеген:

- Минералдык геология ресурстары лицензияны бериптир, Жетим-Тоо эмес Күрмөнтү деп. Анан лицензиясын, сертификатын биздин комиссия карап, чечимин чыгарып берип атат. 34 гектар жер. Нарын районуна караштуу жер, бирок Жети-Өгүз районуна узак мөөнөткө колдонууга Союз убагында эле берилген.

Облус жетекчисин алмаштырууга байланышкан кадрдык саясатты жергиликтүү бир катар тургундар болсо президенттин өз кызыкчылыгын ишке ашыруу катары баалашууда:

- Менин атым Чолпон, Нарын шаарынын тургунумун. Нарынга жаңы губернатордун, башкача айтканда Тынчтыкбек Чекиевдин келиши бул Курманбек Бакиевдин түздөн-түз жаңы реформасына байланыштуу деп эсептейм. Себеби жаңы губернатор Чекиев Жети-Өгүз районунда аким болуп турган учурда Жетим-Тоо темир кенин алууга аракеттер болгон. Аны болсо биздин мурдагы губернатор Өмүрбек Суваналиев токтоткон эле. Мен бул кишинин келиши менен анда түздөн-түз президенттин кызыкчылыгы бар экендигин көрдүм.

«Ак жол» партиясынын Нарын облусу боюнча координатору Эмил Чымылдаков болсо бул кадрдык саясатты туура кадам катары баалайт:

- Өмүрбек Суваналиев өзү арыз жазгандан кийин губернатордун орду бош калды да. Бош калган орунга татыктуулардын татыктууларын алып келди деп ойлойм.

Ал эми «Ак шумкар» партиясынын Нарын облусундагы координатору Урмат Акунов мындай жүйөөгө кошулбайт:

- Губернатор Суваналиев жер маселесине, жер сатылышына катуу басым коюп аткан. Суваналиевдин бирден-бир Нарынга кылган жакшылыгы ушул жерге күйүп-бышканы. Жети-Өгүздүн мурдагы акими Чекиевдин келишин биз Жетим-Тоону бүтүрүп бериш үчүн, же ошол ишти күчөтүш максаты менен байланыштырып жатабыз.

XS
SM
MD
LG