Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:44

“Ата Мекен” башкаруу реформасы боюнча сотко кайрылат


Башкаруу реформасы мыйзам бузуу аркылуу өтүп жатат деп эсептеген “Ата Мекен” партиясы Конституциялык Сотко кайрылганы жатат.

Бул маселенин чоо-жайын “Азаттыкка” партиянын аппарат башчысы Алмамбет Шыкмаматов айтып берди.

- Айтсаңыз, партия Конституциялык Соттон эмнени сурап жатат, каттын өзөгү, мазмуну эмнеде?

- “Ата Мекен” социалисттик партиясы Кыргыз Республикасынын өкмөтүн түзүүнү бекитүү жөнүндөгү КР мыйзамын жана ал мыйзамды жүзөгө ашырууну камсыз кылуу чаралары жөнүндөгү президенттин жарлыгын өлкө Конституциясына карама-каршы келет жана конституциялык эмес деп таануу тууралуу Конституциялык Сотко кайрылып жатабыз. Себеби Конституциянын беренесинде өкмөт вице премьер-министрден, министрлерден жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан турат, өкмөттүн түзүмүн премьер-министр аныктайт жана өзүнө Кыргыз Республикасынын министрликтерин жана мамлекеттик комитеттерди камтыйт деп өкмөттүн курамы жана түзүмү так, толук аныкталган да.

Ал эми өкмөт түзүмүн бекитүү жөнүндөгү мыйзам жана президенттин жардыгы бул так аныкталган комитеттерди өз алдынча жоюп салды. Анан Конституциянын 2-беренесинин 3-пункту эч кандай мамлекеттик орган, мамлекеттик кызмат адамы Конституцияда жана мыйзамдарда аныкталган мыйзам укуктарынын чегинен ашалбайт деп мамлекеттик башкаруунун негизги принцибин аныктап койгон. Ошого карабастан биз атап айткан өкмөттүн структурасы жөнүндөгү мыйзам жана аны жүзөгө ашыруу жөнүндөгү президенттин жарлыгы аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктарын өзүнө өткөрүп алды. Тактап айтканда, президент аталган жарлыгынын 4-бөлүгүндө президентке түздөн-түз баш ийген жана отчет берген органдар катары аныктоо менен аткаруу бийлик бутактарын карамагынан чыгарып өз алдына өткөрүп алды. Мисал үчүн Улуттук коопсуздук комитети, азыр Улуттук коопсуздук кызматы болуп кайра түзүлдү.

- Алмамбет мырза, айрым адистер президентти башкаруу структураларын иштеп чыгып бекитүүгө мыйзамдык укуктары бар, оппозиция муну көргүсү келбей, реформага тоскоолдук кылып жатат деп атышпайбы. Президенттин башкаруу реформасындагы укуктары кайсы жерде башталып, кайсы жерде бүтөт, талдап көрдүңүздөрбү?

- Ооба, Конституциянын 46-беренесинде президенттин ыйгарым укуктары так жана толук көрсөтүлгөн. Андан тышкары президентке башка ыйгарым укуктар конкреттүү гана мыйзамдар менен көрсөтүлүшү мүмкүн деп Конституцияда так жазылган. Ал эми аткаруу бийлигинин иштөө тартибин аныктаган КР өкмөтү жөнүндөгү конституциялык мыйзам бар бизде. Ал мыйзамда дагы өкмөт комитеттерден турат деп жазылып турат.

- “Ата Мекен” азыр президент Бакиевди бийликти басып алды, узурпациялады деп да сындап келатат. Маселенин бул өңүтү силер жолдогон катта белгилендиби?

- Конституциялык Сотко биз сунуш түрүндө кайрылып атабыз. Биз Коституциялык Сотко Өкмөт түзүмүн бекитүү жөнүндөгү мыйзамды камсыз кылуу чаралары жөнүндөгү президенттин жарлыгын Конституцияга карама-каршы келет жана конституциялык эмес деп таанылсын деп, аны жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылганы жатабыз.

- Конституциялык Сотко ишеним канчалык, оппозициянын дооматын калыс таразалап берерине партияда ишеним барбы?

- Ачыгын айтканда бизде дагы, коомчулукта дагы Конституциялык Сот биздин арызды четке кагат деген божомол бар. Себеби бүгүн сот бийлиги өз алдынча, эркин делгени менен иш жүзүндө башкача болуп келатат. Аны барыбыз билебиз.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG