Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:36

Т.Сариев: Жаңы төрага реформа жүргүзөөрү арсар


“Ак шумкар” партиясынын лидери Т. Сариев ЖКнын жаңы төрагасы З. Курманов мыкты илимпоз болгону менен парламентте ыкчам реформа жүргүзө албайт деп эсептейт.

- Жаңы төраганын келиши менен парламентте кандайдыр бир өзгөрүүлөр болот деп ойлойсузбу?

- Баардык органдардан айрымаланып, Жогорку Кеңеш консервативдүү болуп саналат. Анын табияты ушундай. Андыктан ал жерде реформа жүргүзүүнүн өзү оор иш. Ошондуктан ири өзгөрүүлөр болооруна көзүм жетпейт. Зайнидин Курманов өзү күчтүү билими бар мыкты илимпоз. Парламентаризмдин табиятын жакшы билет. Андыктан парламент институттарын куруу, турукташтыруу боюнча көп иштерди жасашы мүмкүн. Бирок антсе да Зайнидин Курманов Жогорку Кеңеште ыкчам реформаларды жүргүзө алат деп айта албайм. Бул анын жамандыгынан эмес, жалпы парламенттин алсыздыгынан. Негизи эле, парламенттин аброю түшүп турган маалда кандайдыр-бир ири өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу дээрлик мүмкүн эмес.

- Демек, Курманов өзү убада кылган реформалардын жүрүшү арсар экен да?

- Албетте өзүнүн күчтүү позициясын, принциптерин көргөзүү үчүн ички дем, күч пайда болушу керек. “Ак жол” фракциясы парламентти дээрлик көзөмөлдөп турганда бул кыйын иш болуп калат. Ошон үчүн Жогорку Кеңеш алсыз болгон үчүн көп туура эмес иштер болуп жатат.

- Бүгүнкү жыйында бир топ депутаттар Зайнидин Курмановдон кыргыз тилиңизди жакшыртсаңыз деп суранышты. Тил маселеси боюнча эмне айта аласыз?

- Негизи бийлик бутактарында отурган жетекчилер кыргыз тилин билиши керек. Билбесе бул мамлекет үчүн, келечек үчүн балта чабылганга барабар. Ал эми Курмановду кыргыз тилин билбейт дегендер жаңылышат деп ойлойм. Ал кыргыз тилинде жакшы эле сүйлөйт, адабий сөздөрдү кошпогону гана болбосо. ”Башка түшсө, байтал жорго болот” деген кеп бар. Менимче, жаңы төрага кыргыз тилин мындан да жакшы өздөштүрөт болушу керек.

XS
SM
MD
LG