Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:55

Конституцияны өзгөртүү - мураскерге шарт түзүү амалыбы?


“Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор президенттин ыйгарым укуктарын бекемдөөнү көздөп, бийликти мураскерине өткөрүп берүүгө ыңгайлуу шарт түзөт деп эсептейт. Бул тууралуу саясатчы “Азаттыктын” таңкы түз обосунда билдирди.

- Темир мырза, сиздин партияңыз президенттин Конституцияга өзгөртүү киргизүү аракетин кескин сынга алып чыкты. Оор салмактуу же лоялдуу болуп келген партиянын мындай кескин каршы пикирди жарыялап чыгышына эмне себеп болду?

- Биз саясий партия болгондон кийин Кыргызстанда болуп аткан орчундуу саясий окуяларга өзүбүздүн баабызды дайыма берип турабыз. Аны эми кандай кабыл алат бул адамдардын, саясий серепчилердин өз эрки. Биз баардык орчундуу окуялар боюнча өз көз карашыбызды айтып келгенбиз, жакында эле Конституцияга өзгөртүү, түзөтүү киргизүү боюнча президент өзүнүн демилгесин көтөрүп Жогорку Кеңешке долбоорун киргизди.

Ал долбоор негизинен президент менен өкмөттүн ортосундагы ыйгарым укуктарды бөлүү болуп эсептелет. Анда президенттин укуктары кеңейтилип жатат, көп жагынан өкмөттүкү кыскарып атат. Эң опурталдуусу - эгерде мурун кандайдыр бир себептер менен президент өзүнүн милдетин аткара албай калса анын ордун убактылуу Жогорку Кеңештин төрагасы аткарчу эле, ал болбосо өкмөттүн башында турган адам аткарчу эле, эми мунун баарын президенттик кеңешмеге беребиз дешүүдө. Анын аты так аталбаган адам болуп атат. Биз муну президент өзүнүн ыйгарым укуктарын бекемдеп, анан бийликти мураскерине таштап кетүүгө ыңгайлуу шарт түзүү деп эсептейбиз.

- Сиздерде мындай сындан кийин кандай аракет болот?

- Эми биз биринчиден, Жогорку Кеңешти жана коомчулукту буга макул болбогонго чакырдык, анан азыр Конституциялык Сот карап атат, андан кийин ал Жогорку Кеңешке келип түшөт. Жогорку Кеңеш биринчи окуу менен экинчи окуунун ортосунда үч айдан кем болбогон мөөнөттө кабыл алыш керек. Мына ошол убакытта да биз өзүбүздүн иш аракеттерибизди кылабыз.

- Темир мырза, мына акыркы кездеги кейиштүү окуялар, соттор оппозициялык күчтөрдүн биригүүсүнө база болуп бере алабы?

- Эми оппозициянын биригүүсү деп жөн эле үстүнөн жасалма талап кылуу болбойт экен, буга кандайдыр бир шарттар, кандайдыр бир окуялар түрткү болуш керек. Көрө жатарбыз аны...

- Кошуна Өзбекстанда кечээ парламенттик шайлоо өттү, ушул кошуна өлкөдөгү парламенттик шайлоого кандай пикирдесиз?

- Эми мурун Кыргызстан “демократиянын аралчасы” болуп кандайдыр бир үмүт берип турган, андан мына төрт жылдан бери бизден да мындай үмүт кетти. Деги эле Борбор Азия өлкөлөрүндө шайлоо процесстери абдан чоң мыйзам бузуулар менен өттү, эл аралык талаптарга жатпайт деп табылып атпайбы. Өзбекстан да ошонун ичине кирет.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG