- Жыргалбек мырза, айрым серепчилер ачкачылык акциялары нааразылык билдирүүнүн формасы катары азыр Кыргызстанда натыйжалуу эмес, бийлик укпайт деп айтып атышат. Сиздин оюңузча, саясий майданда оппозиция жаңы ыкмаларды табышы керекпи, тапса ал кандай ыкмалар болуш керек?
-Албетте, саясий ыкмаларды издөөдөн, аларды пайдалануудан мурун азыркы учурдагы саясий кырдаал эмнеси менен айырмаланып турат, кандай өзгөчөлүктөр бар экенине, ушул учурга өзгөчө басым жасап, маани бериш керек деп ойлойм. Азыркы учурда кырдаал эмнеси менен айырмаланат? Биринчиден, бийликте эле эмес, коомдо үч катмардан турган топтордун түзүлүшү менен айырмаланат. Биринчиси, бир ууч эл башкаруучулар - бийликтегилер, экинчиси - кулдар, анан үчүнчүсү карапайым калк деп айтууга болот. Себеп дегенде биз азыр оппозиция деген классикалык түшүнүктөн качышыбыз керек. Оппозиция элге сиңип кетти, эл оппозицияга сиңип кетти.
Бул жалпы абалдын биринчи белгиси, экинчи белгиси - ошол кимдир бирөөлөр тарабынан балким долбоорлонгондур, бирок бийлик ишке ашырып жаткан бир долбоордун ишке ашырылышы. Кимдир бирөөлөр тарабынан калкты, коомду манкуртташтыруунун экинчи этабынын башталышы. Бул манкуртташтыруу жараяны үч баскычтан турат, анын биринчи баскычында бийлик өзүнүн максатына жетти, оппозициянын илең-салаң болуп каякка оорун билбей жүргөндөрүн манкуртка, кулга айландырды.
Экинчи баскычында, жүрөгүндө оту бар, коркпогон, чындыкты айткан Исмаил Исаковго окшогон накта патриотторду манкуртка айландырып, эгерде баш ийбесе соттоп, түрмөгө отургузуп кетирүү жагын ишке ашырайын деп атат. Үчүнчү баскычында болсо ошол жалпы калкты манкуртташтыруу максатын көздөгөн долбоор ишке ашырылып жатат. Мына ушундай учурда саясий күчтөр, чыныгы патриоттор, элчилер албетте буга каршы күрөштү башташ керек.
- Кантип башташ керек, жаңы ыкмалар мененби?
- Жаңы ыкма деген жок, мындай түшүнүктү эстен чыгарып коюшуңар керек, бул терең жаңылыштык болот. Бүт дүйнөдө колдонуп келе жаткан, кыргыз эли колдонуп келе жаткан жалпы ыкмалар бар. Бул - каршылык көрсөтүү акциялары, ошол эле митингдер, ачкачылык жарыялоо, пикет уюштуруу. Мындан башка эч кандай ыкмалар болбойт. Буга болгону ар кайсы күчтөр кошулат. Кеп эми ошол манкуртташтыруу жараянына каршы, коомдун чөйрөсүндө жалгыз калган мамлекеттик бийликти менчиктештирүү иштерин ишке ашырбай, мизин кайтарыш үчүн жалпы элдин гана чыгышында турат.
- Маегиңизге рахмат.