Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:02

К. Кошалиев: Ынтымак курултайында көйгөйлүү маселелер каралышы керек эле


Кадыр Кошалиев
Кадыр Кошалиев

“Кыргыз эл биримдиги” уюмунун мүчөлөрү Ынтымак курултайына катышуудан баш тартышты. Уюмдун мүчөсү Кадыр Кошалиев анын себептерин төмөнкүчө түшүндүрөт.

- Адегенде өзүңүздөрдүн курултай ишине катышпоо чечимиңиздердин себеби тууралуу айта кетсеңиз?

- Биз жакында, 18-март күнү маалымат жыйын өткөрүп, анда Баш мыйзамга элдик курултайды киргизүү, жылуулук, электр жарыгына тарифтерди өзгөртпөө, стратегиялык ишканаларды менчикке чыгарбоо, Нарын, Алай элдеринин мүдө-талаптарын калыс чечүү, “Манас” дастанын ЮНЕСКОдон Кыргызстандын энчиси катары каттатуу, маданият-маалымат коопсуздугу, “Кыргыз эл биримдигинин” жакында кабыл алган декларациясын талкулоо сыяктуу бир канча маселе көтөргөнбүз. Бирок ошолордун бири дагы күн тартибине кирбегендигине байланыштуу биз ал жакка барууга, өзүбүздүн артыбыздагы элдин суроо-талаптары менен позициябызды карап туруп баш тарттык.

- Азыркы кезде Ынтымак курултайынын күн тартибине кандай маселе коюлуп жатканы сиздерге маалым болдубу, эгерде сиздер койгон маселелер каралбай турган болсо?

- Бизге жеткен маалымат боюнча Ынтымак курултайынын жетекчилиги шайланат экен, регламенти такталат экен, президент Бакиевдин сөзү угулуп, анан талкуу жүрөт экен. Эгерде мындай формат болсо, анда мурдагыдай эле депутаттарды, анан активди чогултуп туруп эле кайрылуу жасап койбойбу, же болбосо телекайрылуу кылып койсо деле болбойт беле. Ушунча 750 кишини жер-жерлерден делегат катары шайлап, чакырып, канча каражат сарптап, анан ушундай форматтагы жолугушуу курултай бизди канаттандырган жок. Себеби бүгүнкү күндөгү эң көйгөйлүү маселелер бул жогорку жыйында көтөрүлүш керек эле.

- Кандай деп ойлойсуз 750 киши кандайдыр бир мунасага келип, ошончо маселелерди талкуулашка мүмкүнчүлүгү бар беле негизи?

- Эмне болгон күндө дагы бүгүнкү күндөгү өтө маанилүү маселелер каралыш керек болчу күн тартибине коюлуп, ал эми дүңүнөн коюп эле, мурдагыдай бир доклад окулуп, анан аны талкулап коюу, Ынтымак курултайы чынын айтканда 3-4 айдан бери эл арасында дүң болуп аткан да, анан кийин ушул жерде жок дегенде улуттун, мамлекеттин маанилүү маселелери талкууланат деп эл күтүп жаткан. Ошондон улам бул формат анчейин бизди канааттандырган жок.

- Кадыр мырза, сиздердин уюм башка делегаттар менен жолугуп, Ынтымак курултайында кандай иш жүргүзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү беле?

- Буга чейин 6 пунктан турган сунушубузду делегаттардын арасында талкуулап, бүгүнкү маалымат боюнча 30га жакын делегат кол коюп беришкен. Аны биз 2-3 күн мурда уюштуруу тобуна да жөнөткөнбүз. Бир эле “Кыргыз эл биримдиги” эмес негизи кыргыз элине, мамлекетине кайдыгер карабаган, квота аркылуу келген, жөн түз эл шайлап келген делегаттар дагы биздин күн тартипке сунуштаган маселелерибизди колдоп, кол коюп берген. Аны биз жөнөткөнбүз, ММКларга да жарыялаганбыз. Эми чынын айтканда коомдо ар кандай маселелер көтөрүлүп атпайбы, анан ага карабастан президенттин доклады, анан аны талкулоо, бул чоң элдик Ынтымак курултайдын алдына койгон ишке окшобой атат. Бул кандайдыр бир бийликтин өзүнүн алдына максат коюп, ошону бир кампания менен өткөрүп коюуга эле окшоп калды да.

- Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG