Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:34

Үй-бүлөлүк башкаруу Ынтымак курултайында эмне үчүн айтылбады?


Ынтымак курултайынын жүрүшү жана анда кабыл алынган чечимдер боюнча суроолорго курултайдын делегаты, “Кылым шамы” укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдырасулова жооп берет.

- Азиза айым, Ынтымак курултайдын ишине жана кабыл алган чечимдерине канааттандыңызбы?

- Курултайдын ишине, же кабыл алган чечимдерине канааттандым, канааттанбадым деп бүгүн айтыш өзү эрте. Себеби курултайдын кабыл алынган чечимдери канчалык деңгээлде ишке ашат, мен ошол жагын ойлонуп атам. Бир топ эле чечимдер кабыл алынды, ошонун ичинде жакшы чечимдер кабыл алынды. Бирок ошонун канчалык деңгээлде бүгүнкү күндө мамлекет башчысы, өкмөт тарабынан ошол чечимдер ишке ашырылат. Бул өтө чоң маселе.

- Сиз ушул курултайда ачык-айрым диалог, сөз болду деп эсептейсизби?

- Курултайда жетишерлик эле ачык-айрым эле сөз болду. Чыгып сүйлөгөндөр 5-7 мүнөт дегени менен 10-15 мүнөткө чейин дагы трибунадан түшпөй сүйлөштү, элдин чыны айта турган сөзү, көйгөйлөрү көп экен. Ачык эле айтып сүйлөп калышты. Эми арасында болду жан тарткандар, кошомат кылгандар, эл экен да. Бирок негизинен айтылчу сөздөр айтылды.

- Эмне үчүн бир да делегат президенттин үй-бүлөсү бийликке топтолуп алышы, Гуревич жаңжалы боюнча сөз айта албады?

- Бул мындай болуп калды, ал ошол саясий партиялар көтөрүүчү, айта турган маселелер эле. Бүгүнкү үй-бүлөлүк башкаруу, бүгүнкү саясат боюнча саясий партиялар айтыш керек болчу. Ал эми саясий партиялар катышпагандыктан, карапайым эл катышкандыктан ар ким өзүнүн көйгөйүн көтөрүп чыкты. Мисалы, мен укук коргоочу катары Кыргызстандагы адам укугунун абалы жөнүндө айттым. Дагы бирөөлөр социалдык, бирөөлөр жол курулуштарын айтты. Миграцияга кеткендер болсо мигранттардын абалын айтты. Ар ким өз көйгөйүн айтты.

Ушул жерде саясатчылар да катышып, алар үй-бүлөлүк маселе, Гуревич жөнүндөгү сөздөрдү көтөрүп чыкса жакшы болмок. Мисалы, мен чыгып сүйлөгөндө адам укуктарын айтып бүтпөй туруп эле менин убактым бүттү, кайра-кайра сөз алганга таптакыр мүмкүнчүлүк жок болду. Элдин бардыгы сүйлөгөнгө аракет кылды. Ал эми айылдан келгендер өзүлөрүнүн деңгээлине жараша айылдын маселесин көтөрүп атышты да.

- Дал ошол себептен мүмкүн “Азаттыктын” маселеси, башка сайттардын тосулуп жатышы, сөз эркиндигинин абалы боюнча маселе көтөрүлгөн жокпу?

- Дал ушул “Азаттыктын”, журналисттердин маселеси боюнча эки укук коргоочу сөзгө жазылган, Динара Ошуракунова, журналисттердин, укук коргоочулардын, саясатчылардын, Конституциянын абалы, ошол эле убакта “Азаттык” жана сайттардын жабылышы боюнча өзүнчө чоң докладка даярдаган болчу. Динара Ошуракунова эртеси күнү курултайга катышпай Женевага кетээрин биз маалымдап турганыбызга карабастан ага биринчи күнү сөз берилбей калды. Ошону менен Ошуракунованын даярдаган доклады окулбай калды. Анан Эркин Асаналиев деген жигитке ошонун эле докладын кайра берип, биз кайра-кайра жүгүрүп Эркинге сөз берип койгула деп аракет кылдык. Бирок ага сөз берилбей калды. Ошондуктан “Азаттык” үстүртөн айтылып калды. Өкүнүчтүүсү кенен атайын даярдалган материалдар президенттин колуна да жетпей калды, айтылбай да калды.

- Сиз укук коргоочу катары президенттин адам укуктарын сактоодо, кароодо бир беткейлик өкүм сүрүп калды, биз коомдун, жаратылыштын дагы маселесин карашыбыз керек дегенге кандай карап жатасыз. Сиз үчүн бул кооптуу нерсе эмеспи?

- Мен башында айтып кетпедимби, курултайдын чечимдери, өткөндөгү жыйынтыгы бүгүн эле мындай болду деп айтыш кыйын. Буга убакыт керек. Балким ушул эле бийлик курултайдагы айтылган маселелерге тескери мамиле кылып, андан бетер абал өзгөрүп начарлап кетиши мүмкүн. Балким эгер жакшы жагына барса, ошол курултайда көтөрүлгөн маселелерди оң жагына чечип, эл менен жакындашканга аракет кылышы мүмкүн. Аябай көп маселелер көтөрүлдү. Эми аны кандай чечүү бийликтин колундагы иш. Биз айта турганыбызды айтып койдук. Чечиле турган иш бийликтин өзүнүн колунда, ошол эле убакта Курманбек Бакиевдин өзүнүн колунда калды.

- Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG