Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Чекарачылар: “Аскерди саясатка тартпагыла!”


Чек ара кызматынын өкүлдөрү маалымат жыйынында, Ош, 2010-жылдын 30-апрели.
Чек ара кызматынын өкүлдөрү маалымат жыйынында, Ош, 2010-жылдын 30-апрели.

Чек ара кызматынын өкүлдөрү офицерлер тобунун атынан деп убактылуу өкмөттүн башчысына жолдонгон кайрылууну четке кагышты. Анда бул кызматтын башчылыгына дайындалган К. Матенов аскер туткуну экени белгиленген эле.

Айрым сайттарда жана гезиттерде аты-жөнүн атабаган офицерлер тобунун утурумдук өкмөттүн башчысы Роза Отунбаевага жолдогон кайрылуусу жарыяланды. Анда авторлор «Өлкөдөгү жогорку аскердик-саясий мансапка, болгондо да Чек ара кызматынын төрагалыгына мурдагы аскер туткуну Курманакун Матеновду дайындоого кантип батындыңыздар?» - деп суроо ташташат да, бул чечимди осол иш катары белгилешет. Анткени алардын айтымында, Курманакун Матенов 1999-жылы коргоо министрлигине караштуу чалгындоо башкармалыгын жетектеп туруп, генерал-майор Анарбек Шамкеев экөө террорчулар тарабынан туткундалган. Ушундан кийин өзүн сыйлаган офицер кызматын тапшырып кетиши керек эле.

Ош шаарындагы маалымат жыйынында чек ара кызматынын өкүлдөрү жогорудагы билдирүүлөрдү төгүндөп, кайрылуунун авторлорун ачык медиа эрөөлгө чакырышты.

- Мен расмий түрдө айтып койоюн, чек ара кызматынын өздүк курамы же башка катмардагы өкүлдөрү массалык маалымат каражаттары аркылуу жаңы бийликке эч кандай кайрылуу жасашкан эмес. Каттын авторлорунун бүгүнкү күндө биздин кызматка кымындай тиешеси жок, - деди чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Чолпонбек Турусбеков.

Ал эми генерал-майор Рысбек Мырзаматов өз оюн мындайча бөлүштү:

- Аскер туткуну туурасында эл аралык нормалар бар. Ал эрежеге ылайык эки мамлекет согушуп жатканда колго түшкөн армия кишиси гана аскер туткуну болуп саналат. Менин билишимче, а кезде уруш баштала элек, Курманакун Матенов 1999-жылы Баткен районунун жетекчилери менен кошо куралчан кишилерге сүйлөшүүгө барып, капысынан барымтага алынган. Бирок кийин бошотулган. Ал эми генерал-майор Анарбек Шамкеевдин жөнү башка. Аны бул жерде айтыштын кажети жок. Полковник Курманакун Матенов менен аскердик окуу жайда чогуу окуганбыз, кийин армияда да бирге кызмат өтөдүк. Өз ишинин устаты. Өтө талапчыл. Чыныгы аскер адамы. Ошондуктан, Чек ара кызматынын төрагалыгына убактылуу өкмөт туура эле тандаган.

Буга кайчы пикирди Чек ара кызматынын аялдар кеңешинин төрайымы Анара Курманалиева ачыктады:

- Аскер кызматындагы кишилерди дегеле саясатка аралаштырышпаса деп тилеймин. Ошентсе да, 24.kg интернет сайтына жарыяланган маалымат менен бардыгыбыз толук тааныштык деп айта албаймын. Андыктан, аялдардын атынан бирдеме деш кыйын. Биздин жамаатта кайрылууну билбеген адамдар арбын.

Кайрадан сөзгө аралашкан Чолпонбек Турусбеков эгерде чек арачыларды жана убактылуу өкмөт дайындаган жетекчи курамды жөнсүз каралоо дагы улантылса, анда мындай массалык маалымат каражаттарын аяшпай тургандыгын эскертти:

- Мындан ары кимдир бирөөлөр ММКлар аркылуу текшерилбеген маалыматтарды жайылтып, жетекчиликтин жана жалпы чекарачылардын аброюна шек келтирсе, дароо сотко кайрылалы деп жатабыз.

Сөз арасында «Азаттыктын» кабарчысынын чек ара кызматынын жетекчилигине «Мурдагы президент Курманбек Бакиевге, туугандарына жана уулдарына кылмыш иши козголуп, издөө жарыялангандыгын билесиздер. А бирок кээ бир маалыматтарда айтылып атат, айрым жакындары Кыргызстандан чыгып кетти деп. Мисалы Жаныш Бакиев Тажикстанда жүрөт деген кептер тарады. Мунун канчалык чындыгы бар? Ошондой эле Бакиевдин туугандарын сыртка чыгарбай кармоо үчүн кандай аракеттер жасалууда?» деген суроосуна мекеме башчысынын орун басары Чолпонбек Турусбеков төмөнкүчө жооп катты:

- Бакиевдин туугандары Тажикстанда жүрөт деп ойлосоңуз, айтаарым бул: бүгүн Тажикстандын чек арасы ачык болуп атат. Анткени, ал жерде делимитация бүтө элек. Ошого байланыштуу ар түрдүү жолдор менен алар чыгып кетиши ыктымал. Биз муну өткөн жок деп тасктыктап айта албайбыз. Бирок бизге караштуу өткөрүү бекеттеринен Бакиевдин үй-бүлөсү же ошого жакын адамдар өткөн жок.

Ал аралыкта серепчилер Казакстан жана Өзбекстан апрель окуясына байланыштуу чек арасын бир тараптуу жапкандан бери өлкө экономикалык блокадага кабылгандыгын, анын натыйжасы май-июнь айларында даана сезилээрин, убактылуу өкмөт коңшу өлкөлөр менен чукул сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөсө, туташ кризис жаңы толкундоолорду жаратаарын айтышууда.

XS
SM
MD
LG