Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:28

Каныбек Жороевдин камалышына тарапкерлери нааразы


Каныбек Жороев
Каныбек Жороев

1-майда экс-президент К. Бакиевдин аппарат жетекчиси К. Жороевдин жүздөн ашуун тарапкери Жогорку Кеңештин жанында нааразылык акция өткөрүштү.

Алар К. Жороевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылышууда.

Башкы прокуратура К. Жороев апрель окуяларына байланыштуу кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып жатканын билдирди. Аны кармоога санкцияны Биринчи май райондук соту бергени маалым болду.

1-майда К. Жороевдин жактоочулары Бишкекте парламенттин алдында тынч жыйынга чогулушту. Нааразылык акциясынан чыккандардын бири Султан Саматов Лейлек районунун келген. Анын баамында К. Жороев буйрукту аткарган гана кызматкер болгон, ошондуктан апрелдеги кандуу окуяларда күнөөсү бар экенин сот далилдей алса гана кармалышы керек:

- Каныбек (Жороев) башкалардай, жеп-ичкендерден болсо башка жакка качып кетип калышы мүмкүн болчу. Каныбек андай жумуштарга эч качан барбайт болчу. Анткени ал кагаз жүзүндө гана буйрукту аткарган киши. Президент буйрук берсе, ошонун буйругун аткарып жургөн, кагаз жумушундагы адам болгон.

Кыргыз эл ырчысы Саламат Садыкова Каныбек Жороевдин жердеши катары анын кармалышына байланыштуу тынчсызданып үн катты. С. Садыкова “Азаттыктагы” маегинде К. Жороевди мурунку бийликтин тушундагы күнөөсүз кадрлардын бири деп мүнөздөдү:

- Бакиевдин системасында таза деле азаматтар кызмат кылды. Азыр утурумдук бийликтин орган жагын башкарган Бекназаров мырза сыяктуу адамдарда калыстык бар деп ойлойм. Ушундай келечегинен үмүттү жандырган биздин азаматтар аркы алдым-жуттумдардын катарында тагдырына балта чабылып калбаса деген тилек.

Антсе да президенттин аппаратынын жетекчиси сыяктуу саясий кызматта ээлеп келген Каныбек Жороевди сүттөн ак деп эсептебей тургандар четтен табылат.

Жороев азыр Улуттук коопсуздук кызматынын абагында камакта отурат. Аталган кызмат К. Жороевдин кармалышына байланыштуу расмий билдирүү тарата элек. Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев “Азаттыктагы” маегинде апрель окуяларында кандуу окуяга тиешеси бар деп кармалгандардын укугу бузулбай турганын айткан:

- Шектүү деп, бул-тигил кылмыш кылды деген адамдар, албетте, көп. Бирок биз бардыгын эле бир бурчка камап, күнөөлүү деп жарлык таккандан алыспыз. Биз Бакиевдерден айырмаланып ар бир жасаган кыймыл аракетибизди, ар бир сөзүбүздү мыйзамдын чегинде жасагыбыз келет. Ошондуктан бардык иштер текшерилет. Эгерде кандайдыр бир кылмышты, тартип бузууну жасаган болсо, Бакиев болобу, башкасы болобу, баардыгы сот алдында, мыйзам астында жооп берет.

Каныбек Жороев 2009-жылдын октябрь айынан тарта мурунку президент Курманбек Бакиевдин аппаратын жетектей баштаган. Ага чейин президенттин администрациясынын башчысынын орун басары болчу. Ал марттагы бийликтин Ынтымак курултайын уюштурууга активдүү аралашкан.

К. Жороевдин тарапкерлеринин маалымдашынча алар 3-майда түштө убактылуу өкмөт башчынын орун басары Алмазбек Атамбаев менен жолугуп, К. Бакиевдин мурунку аппарат башчысы Каныбек Жороевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүнүшмөкчү.

XS
SM
MD
LG