Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:17

Жайнаган жаштар уюмдары, үчүнчү күчтүн үстөмдүгү


Апрель айындагы ыңкылаптан кийин жаштардын ондоп саналган бирикмелери уюшулган. Бул жаштар уюмдарынын айрымдарынын артында мурдагы саясатчылар же болсо өз кызыкчылыгы үчүн жүргөн күчтөр тураары белгиленүүдө.

Азыркы маалда Кыргызстанда 200гө жакын жаштардын коомдук уюмдары бар. Алардын 70ге жакыны 7-апрелде өткөн ыңкылаптан кийин түзүлгөндүгү маалым. Саясат таануучулар жаштардын өкүлдөрүнөн турган мындай топтордун айрымдарынын артында кандайдыр бир күчтөр турушу мүмкүн деп боолгошууда.

“Учурда өлкөдөгү коомдук уюмдарды экиге бөлүп ыңкылапка чейинки жана андан кийинкилер деп бөлүп кароо туура эмес” дейт “Үмүт” жаштар уюмунун өкүлү Бакыт Мааткеримов.

-“Ак шумкар”, “Ата мекен” партияларынын жаштар канаты жаңы түзүлгөн уюмдар ыңкылапка чейин кайда жүрдүңөр деген суроону көтөрүп жатышат. Жаңы иштеп баштаган бирикмелерди антип басынтуу демократиянын жоболоруна туура келбейт. Ал уюмдардын өздөрүнүн көз карашы жана пикири бар. Мүмкүн алар өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошоор.

Негизинен апрель окуясына чейин оппозициялык маанайда жүргөн жаштар уюмдары жаңы түзүлгөн бирикмелерге сын көз карашта. Алардын баамында иштеп баштаган айрым уюмдардын артында өз кызыкчылыгын коргогон күчтөр турушу мүмкүн.

“Эгемендик” коомдук бирикмеси чет өлкөдө билим алган жаштардан туруп бир нече жылдан бери билим жана экономика багытында иш жүргүзүп келишет. Уюмдун башчысы Эрмек Өмүралиев жаңы бирикмелердин артында үчүнчү күчтүн адамдары турушу мүмкүн деген ойдо.

- Апрель окуясынын кийин түзүлгөн уюмдар саясий оюндун курмандыгына айланып калышууда деп айтсак жаңылбайбыз. "Дагы үчүнчү революция болот, Жаштар министрлиги керекпи?" деген маселелерди эске алсак. Жаштар курал болуп калууда. Саясий партиялар болсо кээ бир уюмдарды өз курамына алууну көздөп, атайын иштерди жүргүзүүдө. Биз мындай кадамга каршы эмеспиз. Бардыгы мыйзам чегинде болсо деген эле тилек.

Эрмек Өмүралиевдин айтымында, алардын бирикмесине да мурдагы бийликтин адамдарынан сунуштар болгон.

- Бизге көп эле сунуштар болду. Биз андай нерсеге кошулбай, өзүбүздүн “Эгемендик” коомдук бирикмебиз туруктуу мамлекет болуубузга кандай салым кошо алабыз деген максатта иш жүргүзүп жатабыз.

Жаш лидерлердин бири Мавлян Аскарбековдун баамында, учурда жаштарда уюмдарды каржылоо үчүн акча жок. Мындан улам жаңы түзүлгөн кыймылдарды кимдир бирөөлөр каржылашы мүмкүн деген ойдо.

Алсак жаңы түзүлгөн Коомдук коопсуздук кеңешинин башында экс премьер-министр Феликс Кулов тураары маалым. Ошондой эле "Жаңы максат", "Биз чын жүрөктөн шаарыбыз үчүн", "Жашоонун сергек мүнөзү" деген сыяктуу уюмдардын артында "Ак жол" партиясынын жаштар канаты, тагыраак айтканда Максат Кунакунов, Анастасия Завьялова, Рустам Юсупов сыяктуу жаштардын өкүлдөрү тураарын "Учур" гезити жазып чыкты.

Ал эми “Биримдик” жаштар кыймылын Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров жетектеп келет. Бул уюмдардын баары кимдир бирөөнүн, кайсы бир күчтүн камчысын чапкан жок деп эч ким кепилдик бере албайт.

Мындай мисалдарды эске алган бир нече жаш атуулдар 17-майда үчүнчү күчтүн өкүлдөрүнө бийликке умтулууга жол бербөө максатында акция өткөрүүнү көздөшкөн. Бирок учурдагы абалды эске алып, бул иш-чараны токтотуп койгонун айтат Чыңгыз Амантур уулу:

- Азыркы абалдан пайдаланып майлуу-сүттү орундарды ээлеп калууну көздөгөн адамдар мындай бирикмелерди уюштуруп жатканы баарыбызга эле белгилүү. Биз мындай көрүнүштөргө каршы акция уюштуруну көздөгөнбүз. Акаевдин заманынан бери келаткан Кулов, Мадумаров, жаш саясатчылардан Алишер Мамасалиев сыяктуу креслону жакшы көргөн адамдар май менен челдин ортосунан өз орундарын таап келишет. Ушул адамдарга окшогон саясатчыларга жол бербөө максатында акция өткөрүүнү көздөгөнбүз. Бирок азыркы абалды курчутпаш үчүн бул иш-чараны токтотуп турууну чечтик.

Азыркы маалда курамына бир нече уюмдарды топтогон Кыргызстан жаштар кеңеши, Кыргызстан жаштар конгресси жана Жаштар уюмунун коалициясы деген аталышта республикалык бирикмелер түзүлгөн. Алардын бардыгы келечек үчүн кам көрүп, стабилдүү мамлекеттин орношуна өз салымын кошушабы? Учурда бул суроо бардык жаштарды ойлондурууда.

XS
SM
MD
LG