Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:38

И. Абдразаков: Өлкөдө ажырым күчөп баратат


Коомдук ишмер Ишенбай Абдразаков Убактылуу өкмөт өткөөл мезгилдеги президент тууралуу декрет кабыл алып, президентикке Роза Отунбаеваны дайындашын айласыз кадам катары баалайт.

- Кечээ Убактылуу өкмөт өткөөл мезгилдеги президент тууралуу декрет кабыл алып, президентикке Роза Отунбаеваны дайындады. Бул азыркы бийликти легитимдештирүү максатында жасалып жатканы айтылды. Бул иш-аракеттер Кыргызстандагы Убактылуу өкмөттү мыйзамдаштырууга канчалык жардам бере алат?

- Бул акыбалдын өзгөчөлүгүнөн чыккан нерсе болуш керек. Мурда тарыхта мындай нерсе болгон эмес, ачыгын айтканда, 2005-жылдагы окуядан азыркынын айырмасы президент кеткенден кийин жаныдан келген өкмөткө каршылык абдан күчтүү болуп атпайбы. Ал эмес куралдуу күчтөр дагы каршы чыгып аткандарын көрүп атабыз. Ошону менен бирге, тилекке каршы, өкмөттүн өзүнүн ич арасында дагы биримдик жок болгондон кийин ушундай президенттик, башкача айтканда жеке адамдын башчылыгына көнүп калган экенбиз. Учур ушундай курчуп бараткандыгына байланыштуу жаңы өкмөт мыйзамдаштыруу жагына кечигип бараткандыгынан ушундай чарага барганы - бул айласыздан болгон окуя деп баа берем мен. Себеби тез аракет кылбаса азыр абал курчуп кетиши да мүмкүн.

- Өлкөдө эмне себептен олку-солкулук абал тынчыбай, бир жөнгө келбей атат?

- Тынчыбай келгенинин себеби мурдагы бийликтин тарапкерлери азыр ушундай акыбалдын болушуна мурдатан даярданып келген болуш керек. Ошон үчүн аларда каражат да, курал да бар. Бул бир жагы. Экинчи жагы, саясий жагынан алганда дагы мурдагыга караганда азыр өздөрүнүн мүдөөсүн көздөгөн адамдар, топтор көбөйүп калган да. Дагы бир нерсеси, тилекке каршы буга улут аралык мамилелерди дагы, провокациянын кесепети менен аралашып кеткен учурду байкай баштадык. Жалал-Абаддагы акыбал буга күбө.

- Убактылуу өкмөт ушул абалды оңдош үчүн жетиштүү, кечиктирилгис чараларды көрүшү керекпи?

- Убактылуу өкмөт башынан баштап өздөрү биримдүү болуп, бир идеяны аркалап, ошон үчүн күрөшкөндүн ордуна, булардын өз ара дагы ынтымагы болбой калганын байкап атабыз. Мындай учурда эл деген ушундай болот, чар тарапты көрүп туруп, аларга каршылык кылуу да күчөй баштайт. Бизде азыр легитимдештирүү маселеси абдан курч туруп атпайбы. Бирок 1-2 күндүн ичинде эле аны жасап коюш мүмкүн эмес. Даярдык көрүп жатышканына биз дагы күбө болуп атабыз. Бирок ошол убакта эле ушуга каршы боло турган күчтөр дагы абдан активдештирилип баратат. Ошондуктан кеч болуп кетелекте бир бүтүмгө келишсе керек. Эми маселе декретте айтылганы менен бир кишинин айтканын көбүрөк аткарып, ошонун тегерегине баш кошсо, бир жыйынтык бериши мүмкүн. Азыр эң негизи нерсе - биздин өлкөдө ажырым күчөп баратат. Экинчиден, ошого байлыныштуу жакында ЖККУдагы чечимдерди эл билет, “Голубые краски” дегенди түзүштү. Ошону менен бирге биз дагы көп улуттуу эл болгондуктан ошону ар кандай интерпретация кылып атышат.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG