Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:05

Ж. Акматов: Референдумда мурдагыдай жалган фактылар колдонулбайт


Жеңиш Акматов, БШК мүчөсү.
Жеңиш Акматов, БШК мүчөсү.

27-июнга белгиленген жалпы элдик референдумга даярдык иштери тууралуу БШК мүчөсү Жеңиш Акматов кеп салып берди.

- Албетте негизги иш сиздердин мекемеге жүктөлмөкчү, даярдык иштери башталдыбы?

- Ооба, даярдык иштери ортолоп калды. Өзүбүз кабыл алган календарлык план боюнча иш аракеттер жүрүп жатат. Азыркы убакта Каржы министрлиги тарабынан акча каражаты бөлүнүп жатат. Райондук комиссиялар түзүлүп, аларды бүгүндөн баштап окутуу процесси башталды. Бүгүн Бишкектин 4 районунда трениг өткөрүлдү, ал эми биринчи күндөн баштап республиканын облустарында окутуу иштери башталат.

- Ошол райондук жергиликтүү шайлоо комиссия мүчөлөрү алмаштыбы бийлик алмашкандан кийин, же ошол эле адамдар калдыбы?

-Бизди кандай тартипте шайласа, жарымы жарандык коомдон, жарымы партиялардан деген принципти колдондук. Жарандардын чогулушунан жана өкмөттүк эмес уюмдардан комиссиянын жарымы, ал эми жарымы саясий партияларынын өкүлдөрү болду. Биз көрсөтүлгөн адамдардын ичинен Кыргызстан боюнча 2007-09-жылкы комиссияларга катышып, бурмалоолорго жол берген комиссия мүчөлөрүн бул жолку комиссиянын курамына киргизген жокпуз.

- Демек комиссиянын курамы толугу менен жаңыланды десек болобу?

- Буйруса.

- Тренинг өтүп жатат деп айттыңыз, ошону кимдер өткөрүп жатат?

- БШК жана Эл аралык шайлоо фонду деген эл аралык уюм бар, ошол уюмдун тренерлери менен биргеликте өткөрүүдөбүз.

- Каржы министрлиги референдум өткөрүү үчүн жалпы жонунан канча акча бөлдү?

- Жалпы 122 млн. сом бөлдү.

- Бул каражат жетиштүүбү?

- Бул, буйруса, референдумга жетет болуш керек.

- Бул өнөктүк Убактылуу өкмөт үчүн чоң сынак болмокчу. Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева "жайында бизди чоң сынак күтүп жатат" деп айтты. Өнөктүктүн таза өтүшү үчүн кандай чара көрүлөт?

- Өзүңүздөр билесиздер, бул жерде биринчи кезекте Кыргызстандын шайлоочуларынын активдүүлүгү керек. Буга чейин референдум десе кыргыздын аллергиясына тийген. Бул референдумга элдин 98-99 пайызы "катышкан" болчу. БШК жана азыркы өкмөт ошондой жалган фактыларды бул референдумда колго албайлы деген негизде чыныгы элдин оюн билдирели деп атабыз. Бирок элдин саясий активдүүлүгү ылдый болушу бул факт. Ошондуктан Убактылуу өкмөттүн декрети менен референдумду өттү деп эсептелүүчү 50 пайыздык барьер өкмөттүн декрети менен 30 пайызга түшүрүлдү.

- Ал эми эл аралык байкоочулар чакырылабы, келеби?

- Биз 19 эл аралык уюмдарга жана КМШ, Евросоюздун өлкөлөрүнө эл аралык байкоочуларды жөнөткүлө деген арызыбызды жөнөттүк. Бүгүн ЕККУнун мүчөлөрү келишти, ошол уюмдун байкоочуларынын миссиясынын жетекчиси менен жолугуштук, алар бүгүндөн баштап өз ишин башташты. Анан 3 күн калганга чейин башка байкоочулар келе беришет.

- Чет өлкөлөрдөгү кыргыздар бул добуш берүүгө катыша алабы?


- Убакыт тар болгондугуна байланыштуу биз мурдагы президенттик шайлоодогудай Орусиянын 14 шаарында участок ача албайбыз. Биз Кыргыз Республикасынын элчилиги, же консулдук кызматы бар шаарларда гана участокторду ачууга чечим кабыл алдык.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG