Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:48

Апрель окуясын мамлекеттик комиссия иликтейт


Бишкектеги кандуу кагылыш, 7-апрель
Бишкектеги кандуу кагылыш, 7-апрель

2010-жылкы кандуу окуялардын себептерин иликтөө милдеттендирилген мамлекеттик комиссия алгачкы жыйынга чогулду. Алар апрель-май айларында Талас, Бишкек, Жалал-Абад шаарларында, Маевка айылында катталган кайгылуу окуяларды сегиз багыт боюнча иликтеп, укуктук жана саясий баа берет.

Мамлекеттик комиссия тарыхта апрель окуясы деген ат менен калган 2010-жылкы кайгылуу окуялардын себеп-жайын 20-июнга чейин териштирип бүтүп, Убактылуу өкмөттүн кароосуна коюшу керек. Жыйында комиссиянын төрагасы Абдыганы Эркебаев убакыттын аздыгына жараша өтө кылдат жана ыкчам иштөөгө комиссия белсенип киришкенин белгиледи:

- Эки айдын ичинде болгон окуяларга айрыкча кан төгүлгөн окуялар “Эмне себептен болду?”, “Кимдин канчалык күнөөсү бар?” деген суроолорду ар тараптан иликтеп саясий баа беришибиз керек. Биздин милдет калыс, чынчыл жыйынтык чыгаруу. Мен өкмөт жыйынында биздин комиссияга сырттан бирөөлөр кийлигишпесин деп өтүндүм. Кудай буюруса биз ишибизди өз ыйманыбыз менен аткарабыз.

Комиссия ишинин буга чейин жанданбай жатышы өлкөдө коомдук-саясий кырдаалдын толук турукташпай турушу менен түшүндүрүлдү. Аталган комиссия өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева кол койгон декреттин негизинде 20-майда түзүлгөн. Анын курамына убактылуу өкмөттөн, коомдук уюмдардан, саясий партиялардан, маалымат каражаттардан 23 киши кирген. Комиссиянын курамына күч структураларынын өкүлдөрү кирген жок.

Жыйында маалымдалганга караганда, аталган комиссия сегиз багыт боюнча иликтөө жасайт. Алардын катарында мыйзамдык, саясий-социалдык, укуктук, коопсуздук жана экономика өңүттөр бар.

Апрель окуялары боюнча мамлекеттик комиссиядан тышкары Азиза Абдырасулова. Төлөкан Исмаилова баштаган укук коргоочулар да көз карандысыз комиссия түзүп, иликтеп жатат. Бул комиссия акыркы жыйынтыгын качан чыгарарын азырынча жарыялаша элек.

Абдыганы Эркебаевдин ынандырганына караганда, апрель окуяларын ар тараптуу иликтөөлөрдү, анын ичинде эл аралык комиссиялардын иликтөөлөрүн да мамлекеттик комиссия кубаттайт:

-Эл аралык комиссия болушу ыктымал. Коомдук уюмдар өзүнчө текшерди. Мамлекеттик комиссия иликтегени турабыз. Эми эл аралык комиссия текшерсин. Көрүшсүн.

Кыргызстанда буга чейин болуп өткөн Аксы окуясы, Ош окуясы өңдүү кайгылуу окуялар боюнча да көптөгөн комиссиялар түзүлүп, иштеп келгендиги белгилүү. Ошол эле мезгилде кыйла байкоочулар, укук коргоочулар аталган окуяларга укуктук да, саясий да баа берилбей келатканын айтып жүрүшөт.

Маселенин бул өңүтүнө мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Жыпар Жекшеев да токтолду:

- Бул иликтөөгө бүгүнкү убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү кийлигишпесе. Себеби ар бир партиянын, ар бир лидердин өз кызыкчылыгы болот. Ош окуясына жакында 20 жыл болот. Ошондо дагы комиссиялар бийликтин саясий кызыкчылыгынан чыга албай калган күндөр болгон. Себеби бийлик өзүн актап, өздөрүнө керектүү жыйынтыкты күтүшчү. Ошондуктан бул жерде саясий оюндар жүрбөшү керек.

Саясат таанучу Орозбек Молдалиевдин баамында, бул окуялардын күч алышынын бир себеби буга чейинки иликтөөлөр толук саясий баа албай калгандыгына байланыштуу деген ойдо. Биз өткөндөн сабак алышыбыз керек дейт саясат таанучу:

- Өзүнүздөр билесиздер, Ош окуясы боюнча иликтөөлөр аягына чыккан жок. Ага саясий баа толук берилген эмес. Ошондуктан биз бул жолу андай каталарды кайталабашыбыз керек. Бул нерселердин баары ачык-айкын айтылышы керек.

XS
SM
MD
LG