Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:44

А. Жекшенкулов: Убактылуу өкмөттөгү ажырым ачыкка чыкты


А.Жекшенкулов "Азаттыктын" студиясында 15-июль, 2010-жыл
А.Жекшенкулов "Азаттыктын" студиясында 15-июль, 2010-жыл

Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов өлкөдөгү соңку кадрдык өзгөрүүлөр Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн ортосундагы ажырымды ачыкка чыгарды, эми элге түшүнүктүү ачык ссаясат жүрөт деп эсептейт.

“Азаттык”: - Аликбек мырза, вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров башкы прокурор Байтемир Ибраев менен Жогорку соттун төрагасы Кубаныч Момбековдун кызматтан алынышынан кийин бүгүнкү күнү ага жана анын командасына карата сокку башталгандай абал пайда болгонун билдирди. Анын командасы кимдер жана анын, мынчалык теригүүсүнө канчалык негиз бар?

А.Бекназаров "Форумдун" жанындагы жыйында. 14-май,2010-жыл.
Аликбек Жекшенкулов:
- Мурда белгилүү болгондой Убактылуу өкмөттүн ичинде үч-төрт саясий топтор бар болчу. Ар биринин өзүнчө саясий көз караштары, өздөрүнүн кызыкчылыгы сыяктуу абдан чоң айырма бар болчу. Ошонун негизинен кадрлык саясат өзгөрүп жатат. Менин оюмча Роза Исаковна туура эле кылды. Анткени Баш прокурор болуп дайындалган Кубатбек Байболов тажрыйбалуу, принципалдуу, таза киши. Ал эми Азимбек Бекназаров болсо мурда оппозицияда жүргөндө “ойногон”, азыр дагы “ойноп” өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөгөн саясатчы. Революциядан кийин кандай көп мүчүлүштүктөр болгонун өзүңөр билесиңер, ушул прокуратура, күч органдары жактан менин оюмча, азыр Убактылуу өкмөттүн ичинде саясий ажырымдар чоң экенин дагы бир жолу көрсөттү, мындан ары дагы саясий ажырымдар күчөйт. Анткени кээ бирөөлөр жеке кызыкчылыгын көздөп, ар кандай сеператисттик маанай, же болбосо түндүк-түштүккө бөлүп көп “ойногон” саясатчылар бар. Эми ошолор ачыкка чыгып, элге түшүнүктүү ачык саясат болот деп ойлойм. Роза Исаковна баштаган саясий топ ушул жолдон кайтпай, принципалдуу кадр саясатын жрүгүзүшү керек.

“Азаттык”: -Ошондой эле А.Бекназаров кадрдык баш аламандык токтотулбаса чечкиндүү чараларга барарын айтыптыр, муну кандай түшүнсө болот?

Аликбек Жекшенкулов: -Бул баягы эле коркутуп-үркүтүү. Билесиңер да Бакиевдин убагында ушундай ыкмага салган. Азыр дагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн коркутуп-үркүтүп, өзүнүн кызыкчылыгын жогору коюп отурат. Бул кишинин саясий стили ушундай экен. Менимче, азыр А.Бекназаровду эл колдобойт. Анткени ал ким экенин эл түшүнүп калды. Экинчиден, түштүккө таянгансып жатат. Бирок мен кечээ түштүккө барып келдим, аны эл колдобойт. Ал ошондой коркутуп-үркүтүү менен кала берет.

“Азаттык”: -Кадрлык алмашуудан соң Убактылуу өкмөттүн ортосунда бөлүнүп-жарылуу болуп Азимбек Бекназаров менен президент Роза Отунбаеванын мамилеси суубайбы деген суроо туулат.

Аликбек Жекшенкулов: - Албетте, булардын арасы сууду. Менин билишимче, Ош окуясынан кийин ушул А.Бекназаров баштаган топ
А.Жекшенкуловю 5-октябрь, 2006-жыл.
өзүнчө эле бөлүнүп, өзүнүн кызыкчылыгы үчүн ар кандай саясий жүрүштөрдү жасаган. Азыр болсо ачыкка кетти. Менимче Роза Исаковна принципалдуу түрдө өзүнүн позициясынан тайбай, убактылуу өкмөттөгү таза күчтөр позициясынан тайбай түз турса эл колдоп кетет.

“Азаттык”: - Аликбек мырза, кадрдык алмашууларды алдыдагы шайлоо менен байланыштарган дагы пикирлер айтылууда. Бул маселенин шайлоого тикелей тиешеси барбы?

Аликбек Жекшенкулов: -Албетте тиешеси бар, бирок анчейин эмес. Апрел, май, июнда эле Убактылуу өкмөттүн арасындагы тирешүүлөрдү массалык маалымат каражаттары берип жатпадыбы. Эми ачыкка чыкты. Мындан ары дагы ажырым, карама-каршылык көбөйөт.
Ошол үчүн саясий топтор бүгүн жеке кызыкчылыгын ойлобой жалпы кыргыз мамлекетинин, кыргыз элинин кызыкчылыгын ойлошу зарыл. Бүгүн туруктуулукту сактаганга конструктивдүү күчтөрдү колдош керек.

"Азаттык": - Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG