Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:14

Аскар Акаев кол тийбестиктен ажырады


Аскар Акаев "Азаттыктын" кабарчысынын суроолоруна жооп берүүдө, Москва, 2010-жылдын 23-марты.
Аскар Акаев "Азаттыктын" кабарчысынын суроолоруна жооп берүүдө, Москва, 2010-жылдын 23-марты.

Убактылуу өкмөт Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевди кол тийбестик макамынан ажыраткан декрет кабыл алганын жарыялады. Анда Аскар Акаев бийликте турганда элге каршы ок атууга жол бергени, жер сатканы жана мыйзамдуулуктан аша чаап, үй-бүлөлүк бийлик орноткону кол тийбестиктен ажыратууга себеп болгону айтылат.

Декретке Убактылуу өкмөт төрайымы Роза Отунбаева кол коюп, Башкы прокуратурага Аскар Акаевди Орусиядан Кыргызстанга алып келүү жана жоопко тартуу милдети жүктөлгөн.

Мындай декрет кабыл алынганы жарыяланар замат Аскар Акаев маалымат каражаттарына кыргыз бийлигинин бул чечими мыйзамсыз экенин айтып чыгып, аны юридикалык күчү жок “сабатсыз жазылган грамота” катары сыпаттады.

"Азаттыктын" Москвадагы кабарчысы Муса Мураталиевге берген маегинде Аскар Акаев: "Бул декрет өзү мыйзамсыз, Конституцияга карама-каршы документ. Ошондуктан анын эч кандай күчү жок,"- деп айтты.

"Биринчиден, Убактылуу өкмөт өз демилгеси менен Кыргызстанда Баш мыйзам кабыл алган. Июлдан тарта Баш мыйзам ишке кирди. Ошол Баш мыйзамда кара тамга менен ак баракта “мурдагы президентти күнөөлөгөнгө бир гана Жогорку Кеңештин укугу бар” деп жазылган. Жогорку Кеңеш гана күнөө тагып, кийин ошол боюнча каралат. Ал эми Кыргызстанда болсо азыр Жогорку Кеңеш шайлана элек. Өкмөт Жогорку Кеңешти күзүндө шайлайбыз деп чечим чыгарбадыбы. Кыргызстанда Жогорку Кеңеш жок. Ошондуктан Акаевге эч ким күнөө койгон эмес, бул декретке эч кандай негиз жок.

Экинчиден, ага кол койгон Убактылуу өкмөт мүчөлөрү да мыйзамсыз. Жаңы Баш мыйзамда Убактылуу өкмөт жөнүндө бир да сөз жок, бир да тартип, эреже жок. Ошондуктан Кыргызстанда Убактылуу өкмөт да жок. Ошол себептен бул декрет өзү мыйзамсыз, Баш мыйзамга карама каршы келген документ. Анын эч кандай күчү жок. Бул элди алдоого багытталган саясий иш. Муну атын чыгаруу ниетинде кабыл алынган саясий документ деп эсептейм.

Буга окшогон мыйзамсыз, Баш мыйзамга каршы турган декреттерден ондогон документ кабыл алышты. Бул Убактылуу өкмөт өзү бийликке мыйзамсыз келди. Анан мыйзамсыз декреттерди жаратып, Баш мыйзамга каршы иштерди жасап атышат. Кабыл алынган Баш мыйзамды сыйлабай, кайра ага карама-каршы документтерди кабыл алып атат.

Менимче, Убактылуу өкмөт мүчөлөрү кыргызстандыктар үчүн эч бир жакшылык жасабайт. Кыргызстанда кырдаал абдан татаал. Саясий абал оор, түштүктө болсо кандуу тополоң окуяларынан миңдеген адам курман болуп, азыркы тапка дейре эл арасында биримдик жок, туруктуша элек. Ал эми социалдык, экономикалык абал болсо кыйроо алдында. Күндөн күнгө начарлап баратат.

Саясий абалды турукташтырып, социалдык, экономикалык абалды жакшыртуу үчүн аракет жасагандын ордуна Убактылуу бийлик ушинтип көпчүлүктү алдап жатат. Менимче, булар Бакиевдин ишин улантып атышат. Бийликти ээлеп алып, каршы болгон адамдарды куугунтуктап, өч алышууда. Ошондуктан, мен ойлойм, булар Бакиевдин командасындай болуп бүтөт. Миңдеген адамдын өмүрү үчүн булар сөзсүз Гаагадагы трибунал алдында жооп беришет" деди Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев "Азаттыкка" курган маегинде.

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев өлкөнү 15 жыл башкарып, 2005-жылдын 24-мартындагы ыңкылапта бийлигин таштай качкан. Ошол күнү өлкөдөн чыгып кеткен Аскар Акаев ошондон бери Москвада. Андан кол тийбестик макамын алуу жана жоопко тартуу маселеси ошол март ыңкылабынан кийин дароо козголуп, бирок ишке ашпай келген. Бул маселе быйыл 7-апрелдеги бийлик алмашуудан кийин кайра козголо баштаган.

Аскар Акаевден да кол тийбестик макамын алып салуу демилгесин 7-апрелдеги ыңкылаптан кийин Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров козгоп чыгып, бирок ал Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн каршылыгынан демилге ишке ашпай жатканын учурунда билдирген.

Убактылуу өкмөт буга чейин мурдагы президент Курманбек Бакиевди да кол тийбестиктен ажыраткан. 7-апрелдеги элдик толкундоонун натыйжасында бийликтен чегинген Кыргызстандын экинчи президенти учурда Минскиде баш калкалоодо.

XS
SM
MD
LG