Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:38

Алмазбек Атамбаев: К.Бакиев дагы А.Акаевдин каталарын кайталады


БЭК президенттик шайлоого талапкер катары көрсөткөн Социал-демократтар партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев 22-апрелде “Азаттыкка” интервью берди. Оппозиция талапкери анда учурунда премьерликке эмне үчүн барганы, азыркы бийликтин каталары, алдыдагы президенттик шайлоо тууралуу кенен-кесири кеп салып берди.

- Алгачкы суроом ушундай, Алмаз мырза, албетте, бул суроону Бириккен элдик кыймылдын өкүлдөрүнө бериш керек эле, ошентсе дагы сизге дагы берейин, эмне себептен оппозиция талапкер катары сизге токтолду деген ойдосуз?

- Кубат иним, өзүң туура айттың, бул суроону БЭКтин мүчөлөрүнө бериш керек эле. Мен ачык айтайын, керек болсо талапкерди бекитүү убагында мен биринчи эки саатына катышкан жокмун, өзүңөр чечкиле, деп. Анан бир чечимге келгенден кийин кирдим. Ошон үчүн эмнеге мени тандады, эмнеге мындай чечим болду - аны өздөрүнөн сураш керек. Мен дагы кайталап кетейин, мен убагында өзүм башка талапкерлерди сунуштагам, Өмүрбек Текебаев менен Бакыт Бешимовду.

- Сиз көргөзүлгөндөн берки убакттын ичинде интернеттеги талкуулардан, эл арасында мындай сөз болуп атат - А. Атамбаевдин каражаты бар болгондуктан балким оппозиция ага токтолду го, деген?

- Каражат жагынан алсак, менимче, БЭКтин кээ бир мүчөлөрүнүн каражаты меникинен көбүрөөк, анткени, менин тапкан мүлкүмдүн көбүнөн Аскар Акаевдин кезинде ажырагам. Менимче, башка бир негиздер болду окшойт. Өздөрүнөн сурасаңар тактап айтып берер.

- 2005-жылдын алдында дагы ошол кезде “Реформа үчүн” кыймылы Курманбек Бакиевге талапкер болгонго чейин бир топ шарттарды коюшкан. Эми азыркы учурда БЭК сизди талапкерликке көргөзүп жатканда сизге дагы ошондой шарттарды койдубу, койсо кандай шарттар коюлду?

- Мага албетте, бир топ талаптар коюлду, туурасын кабыл алдым, туура эмесин талаштык-тартыштык, аягында, буюрса, талаш маселе калган жок.

- Дагы бир маселе, сиздин талапкерлигиңиз жөнүндө талкуулардын арасында сизди мурда Бакиев менен иштешип калган премьер катары, түзүн айтканда, ошол убакта оппозицияны сатып кеткен, кантип ошол адам кайра оппозицияны жетектеп бир талапкер катары баштап чыгалат, деген пикирлер болуп атат?

- Мындай сөз эки жылдан бери абдан таратылды. Бирок кандай болгонун чындыгында жакында Азимбек Бекназаров дагы кайталабадыбы пресс-конференцияда, "Атамбаев бизди сатпай эле, биз Атамбаевди сатканбыз", деп. Чындыгында иш башкача болгон, аны билем деген адам билгиси келсе, жакын арада документтер гезиттерге чыккан. Окуя башкача болгон, мен бийлик менен, К.Бакиев менен кызматташууга оппозициянын чечими менен баргам. Барганда дагы мени менен кошо бир топ оппозициядагы досторум бармак, бирок ошол чечимди оппозиция аягында аткарбай калды. Бирок азыр кеңешсек, бир тобу айтып атат, ошондо ошол чечимди аткарып, сени менен бийликке чогуу барганда азыр башка мамлекет болмок экен, деп. Чындык ушундай болбогондо оппозиция тегеренип жүрүп кайра менин талапкерлигиме токтолбойт эле го. Албетте мен да адаммын, мен да адашам, мүмкүн бир топ менден да кетти. Бирок негизи айтып атпаймбы дагы бир жолу, оппозициянын ошондой чечими бар болчу. Ошондуктан оппозициянын алдында менин жүзүм жарык. Бирок мүмкүн менден катачылык кетти. Убагында бул нерсени айткан эмеспиз, кайра эле оппозицияга сөз тийбесин деп мен эки жыл сөз көтөрүп чыдап жүрдүм.

- Премьер-министрлик кызмат Кыргызстанда чоң таасирлүү кызматтардын бири, ошол убакта эмнеге жетиштим деп ойлойсуз, негизги жасаган иштериңизди айта аласызбы?


- Биринчиден, ошол убакта Кыргызстанда абдан татаал кырдаал болчу, Кыргызстан граждандык согушка бараткан, түндүк-түштүккө бөлүнүүгө бараткан, керек болсо парламентте дагы депутаттар эки тарапка бөлүнүп, жарлашмай башталган. Билесиңер ошондо чоң антимитингдерди уюштурабыз деп, миңдеген жигиттер келген ар кайсы региондордон, керек болсо согушка даярданып келгендери да болгон. Ошондо биринчиден, Кыргызстанды согуштан, бөлүнүүдөн сактап калдык, ал кырдаал азыр артта калды. Анткени азыр азыркы бийлик үчүн түштүк деле төшүн тоспойт. Экинчиден, премьер-министр катары иштеп атканда бир эле мисал келтирейин, мен 8 ай премьер-министр болдум, 8 айдын ичинде бюджетти профицитивдүү кылып бердим, башкача айтканда, бюджетте акчанын артыкчылыгы болуп калды. Азыр бюджетте эч нерсе жетишпейт, деп атышпайбы. 8 айда бюджеттеги ашык акча 10 млрд. сомдон ашып кеткен. Бул Кыргызстандын тарыхында буга чейин бир эле жолу болгон эмес. Үчүнчүдөн, ИДПнын өсүшү 8 пайыздан ашып кеткен, ага чейин 2-3 пайыз эле. Биз таза иштегенди, ууруларды ооздуктаганды көрсөтүп кеткенбиз, иштесе болот деп.

- Эгер сиз профицитти түзсөңүз, жанагыдай ички кан төгүүлөрдөн сактасаңыз, эмне себептен сизге узагыраак иштөөгө мүмкүнчүлүк берген жок. Сизден өздөрү сураныштыбы, же сиз өзүңүз кеттиңизби?
Премьер-министр Атамбаев Кумтөр алтын кенинде, 2007-жылдын 17-ноябры

- Мени кетиришти да, ачык айтканда, билесиңер, абдан мактап, коюлган максаттарды аткарды деп, орден берип туруп анан кетиришкен. Анткени билесиңер, ошондо парламенттик шайлоонун алдында турганбыз. Жаңы түзүлүп аткан “Ак жол” партиясына ачык эле каршы чыккам, бир топ ойлорумду президентке деле айткам, президент партия башчысы болгон туура эмес, президент деген журт башчысы болуш керек деп. Анын үстүнө бир топ ууруларды ооздуктап койгом, аппетиттерин токтотуп, колго чаап, дегендей. Бир топ киши үчүн кекиртегине тыгылган сөөктөй эле болдум, өзгөчө президенттин жакындарына. Ошондуктан мени кетиришти. Ал киши (президент) дагы туруштук бере албай койду.

- Президент Бакиевдин кемчилиги эмнеде деп ойлойсуз?

- Президент тилекке каршы, тегерегиндегилердин таасиринен чыгалбай койду Аскар Акаевичке окшоп. Мен Курманбек Салиевичке деле далай жолу айткам, Аскар Акаевичти жакындары аңга алып барышты эле, сизди дагы алып барат деп. Партия ("Ак жол") түзүлүп атканда деле айткам, бүгүн К.Бакиевдин командасыбыз дегендер кечээ Акаевдин командасы болчу, эртең эгер шайтан президент болуп калса алар шайтандын командасы болот, деп айткам. Ал киши керек болсо ошондо күлгөн "сеники туура" деп. Бирок аягында болбой эле ошолордун таасиринен чыгалбай, ошолорду ээрчип кетти. Демек, ал киши мамлекеттин кызыкчылыгын жакындардын кызыкчылыктарынан өйдө кое албай койду.

- Сиз бир учурда, 2006-жылы ноябрда болсо керек айткансыз - президент Курманбек Бакиев “саясий өлүк” болуп калды, биз аны менен сүйлөшпөшүбүз керек, деп, андан кийин жалпы бийликти ажыдаарга салыштыргансыз. Демек, азыркы жагдай ошол калыбында калды деп айтсак болобу?

- Биринчи сөз боюнча мындай, адашпаган адам жок дегендей, пайгамбар айтпады беле мен дагы адаммын, адашам, деп. Мен пайгамбар эмесмин. Мен көп адашып жүрөм, албетте сөздөн дагы адашкан, жаңылышкан учурлар болгон. Азыркы бийлик ажыдаар экенин баары көрүп турат, менимче. Мен дагы өзүмдүн тажрыйбаман көрдүм, ал ажыдаарды бир адам, албетте, жеңе албайт экен. Мен дагы ойлогом, ажыдаардын арасына кирип, ажыдаарды колу-бутунан байлап жеңе аламбы деп. Андай эмес экен, чоң күч керек экен. Азыр ошондой күч бар - Бириккен элдик кыймыл.
БЭКтин маалымат жыйыны.20-апрель, 2009

- Кыргызстан кандай жол менен өнүгүшү керек деген ойдосуз, оор абалдан чыгыш үчүн эмнелерди жасаш керек?

- Эң негизиси - кеп Бакиев, Атамбаев, же Назаралиевдин шайланганында эмес, системаны алмаштырыш керек. Биздин оюбуз адамды эмес, системаны алмаштыралы деп атабыз. Бийлик системасы ачык-айкын болуп, бийлик элдин алдында жоопкерчиликтүү болуш керек.

- Мындай сөздөр болду, БЭКтин ичинде талапкерди тандоо убагында Кыргызстанга кандай система керек деген, кандай башкаруу керек деген маселенин айласында көп талаш-тартыштар болду деген. Сиздер эмнеге токтолдуңуздар? Эгерде сиздердин жеңишиңиздер камсыз болуп калса, анда Кыргызстан башкаруунун кандай жолуна түшөт, парламенттик, президенттик, же элдик деп айтып жүрүшөт?

-Албетте, ошондой талаш-тартыштар дагы эле жүрүп атат, бирок негизги суроолор чечилди. Жакында буюрса, өзүбүздүн көз карашыбызды айтып беребиз эл алдында. Биринчи ирет бийлик тең салмактуу болот, эч ким хан боло албайт, эч ким Кокон хандыгын түзө албайт, Кыргызстан бир үй-бүлөгө иштебейт. Мамлекет, эл үчүн иштейт.

- Мындай пикирлер бар, президенттик шайлоону тышкы күчтөр, айрым бир улуу мамлекеттер, державалар Кыргызстанга таасир көргөзүүнүн куралы катары пайдаланып калышы ыктымал, ошондой куралдын бири оппозиция болушу ыктымал деген сөздөр бар. Ушундан улам оппозициянын артында кайсы мамлекет турат деген да сөздөр бар. Кыргызстан кайсы мамлекеттер менен иштешүүгө басым жасаш керек деген ойдосуз?

- Биринчиден, оппозициянын артында эл, кудай турат. Ким менен иштешиш керек? Албетте биринчи ирет биздин кошуналар бар – Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан. Албетте, биринчи ирет Орусияны унутпашыбыз керек, ал биздин стратегиялык шеригибиз. Орусияда азыр 300-400 миң жигиттерибиз иштеп атат. Орусия менен биздин тарыхыбыз да бир. Азыр Кыргызстанда да жарым миллиондой орус тилдүү жарандарыбыз бар. Муну унутпашыбыз керек. Албетте башка мамлекеттер менен дагы мамилени бузбаш керек, эч кимди душман кылбаш керек - Америка болобу. Кытай болобу. Бул мамлекеттер абдан чоң таасирдүү мамлекеттер. Колдон келсе баары менен тил табышыш керек. Баары менен мамиле таап, баарынын пайдасын көрүш керек.

- Кыргыз бийлиги АКШ баштаган коалициялык күчтөрдүн аба базасын чыгаруу тууралуу чечим кабыл алды. Жакында болсо президент К.Бакиев Кыргызстан дүйнөнүн тең ата оюнчуларынын катарына кошулду ушул чечимди кабыл алуу менен деп айтты. Базаны чыгаруу туура болдубу сиздин оюңузда?
Бишкектеги "Манас" авиа базасы

- Базаны чыгаруу чечимин биз көрбөдүкпү, ал Кыргызстандын азыркы бийлигинин кыйындыгынан болгон жок. Азыркы бийлик уурдап атып, бюджетти тешип бүткөнүнөн, акча керек болгонунан кор болуп акча сурап алып, базаны чыгарбадыбы. Керек болсо орус саясатчылары деле ачык айтты, башка мамлекеттердин деле саясатчылары айтып атат, кыргыздын бийлигин сатып алса болот экен деп. Мындай чечимге эч качан барбаш керек, Кыргызстан өзүн сыйлаш керек, дайыма өзүн баалаш керек. Эгерде база боюнча конкреттүү сүйлөшсөк, бул базанын кетишин да, калышын дагы азыркы президент чечет. Анткени билесиңер, базанын чыгарылыш мөөнөтү 18-август, шайлоо 23-июлда өтөт, анан Конституциялык Сот деген бар 7 күн, анан БШКнын 4-5 күнү бар, анан президент өз милдетин аткарууга киришүү дегени бар. Ошону менен жаңы президент база маселесине кайрылганга да үлгүрбөйт. Бул базанын тагдыры азыркы бийликтин колунда, сөзүнө турса кетирет, айнып кетсе калтырат. Бир нерсе кошуп кетейин, мен жакында Москвада болгондо орус саясатчыларына да айттым, негизи Ооганстан тынчтык өкүм сүргөн мамлекет болсо бул биринчи ирет Орто Азияга жана Орусияга керек. Америка эртең чыгып кетсе, ошол эле Орусия ошол жакка каражатын сарптайт, ошол эле Орто Азия, анын ичинде Кыргызстан биз дагы кыйналып калышыбыз мүмкүн ал жакта радикалдар бийликке келсе. Ошон үчүн бардык нерсени саясий оюнга айландырбай, ойлонуп кылыш керек. Менимче, Ооганстандагы стабилдүүлүк биринчи ирет Орто Азия менен Орусияга керек, анан кийин Америкага.

- Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушу Борбор Азия аймагында дагы бир топ талкууларды жаратты. Бул курулушка Орусиядан алып аткан 2 млрд. доллар делип аткан насыя боюнча кандай пикирдесиз?

- Биринчиден, мен айтып кетейин, Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушунун башталышына биздин өкмөт акча бөлүп берген. Биринчи 300 млн. сомду мен премьер-министр болуп отурган кезде акча топтогонубуз үчүн, профицит, ашык акча болгон үчүн биз баштаганбыз. Жакында “Ак жолдун” бир депутаты кыйкырып чыгыптыр, азыркы бийлик ГЭС баштады, Атамбаев эч нерсе кылган жок, деп. Азыркы салынып аткан ГЭСти дагы мен баштап кеткем аз иштесем дагы. Анткени бюджетке акча толуп, артып бараткан. Орусия кредити боюнча албетте, анын шарттарын жакшылап караш керек. Бул албетте, Кыргызстан үчүн керектүү нерселер. Ошол эле убакта коңшу мамлекеттер менен дагы тил табышыш керек. Жакшылап түшүндүрсө, жакшылап баардыгын көрсөтсө, бул долбоорлор Совет кезинде эле жасалган. Жасалганда дагы жалаң эле Кыргызстан үчүн эмес, ошол эле Өзбекстан, Казакстандын муктаждыгын эсепке алуу менен жасалган долбоорлор. Менимче, бул жерде жөн эле түшүнбөстүктөр бар, ич ара бир оюндар, ич ара атаандашуу бар Орто Азияда. Жакшылап сүйлөшсө кошуналар деле түшүнөт. Эч ким тоскоолдук кылбайт.

- Премьер-министрлигиңизге байланыштуу дагы бир суроо, ошол кезде сизди ууландыргандыгы тууралуу маалыматтар тараган. Ал иш кандай иликтенди, эмне жыйынтыктар болду, азыр ден-соолугуңуз кандай, негизги талапкерлердин бири болуп атасыз?
Алмазбек Атамбаев премьер-министр кезинде "Азаттыктын" суроолоруна жооп берүүдө. 21-апрель, 2007-жыл.

- Ырасмий жыйынтыгы “кокустуктан ууланды” деген сөз болгон, Улуттук коопсуздук кызматы ушундай тыянак чыгарган. Эми "кыңыр иш кырк жылда билинет" дейт, эртели-кеч, бир күнү билинет го баардыгы. Тилекке каршы, ал менин ден-соолугума зыян келтирди, уулангандан кийин үч күнчө күнү-түнү кускам. Ошондо ашказаныма доо кетиптир. Өткөн жылы декабрда Түркияда операция жасаттым, жакында барып дагы бир жолу текшерилип келдим, азыр баардыгы жайында. Ар кандай иштерге даярбыз.

- Оппозиция башынан эле айтып келатат, Кыргызстанда шайлоо системасына ишеним кетти, таза шайлоо болбойт деп. Эгер таза шайлоо болбосо, анда БЭК, оппозиция - сиздер эмнеге ишенип турасыздар, шайлоо кандай өтөт деген божомолдор бар?

- Шайлоого эч ким ишенбегенге албетте бийлик өзү күнөөлү да, бийлик ошого алып барбадыбы. Бир эле мисал келтирейин, керек болсо БШКнын төрагасы Клара Кабилова качып кетпедиби, президенттин уулу мени өлтүрөм, деп айтты, деп. Биздин оппозициянын мүчөлөрү ал киши менен деле жолугуп сүйлөшкөн. Албетте бул бийлик шайлоого бир топ нерселерди, фальцификацияларды даярдап атат. Бирок азыр эл башка. Мен ойлойм, бул жолу биздин эл өзүнүн ойлорун сактап калат. Эгерде бийлик кайсы бир оюндарга, фальцификацияга кетсе - анда элдин да күчүн көрөт. Эл деген сел, эл менен ойнобош керек. Ошондуктан бийлик акылы болсо бул жолу ойнобойт. Эгерде ойносо анда өзүнө кыйын болот.

- Бул жолу президент Бакиев сизди кайрадан чоң кызмат сунуштап, премьер-министр бол Алмаз, кел, кайра чогуу иштешели, оппозиция менен чогуу бир коалициялык өкмөт түзөлү десе, сиздердин жообуңуздар кандай болот?

- Эгерде мага кызмат эле керек болсо, буга чейин деле бир кызмат алмакмын. Анткени ачык сөз, президент экөөбүздүн мамилебиз жаман эмес, саясатта пикирлерибиз карама-каршы, эки карама-каршы күчтү да башкарып атабыз. Бирок бирибиз-бирибизге душман эмеспиз. Эгерде мага кызмат керек болсо, капкачан бир кызматты алмакмын. Мага кызматтын кереги жок, мага Кыргызстандын келечеги керек. Анын үстүнө маалымат жыйынында Өмүрбек Текебаев айтпадыбы, биз Атамбаевге кызмат берген жокпуз, Атамбаевге тобокелдикти берип атабыз, Атамбаевге жоопкерчиликти берип атабыз, деп. Башыбызды канжыгага байлап чыгып атабыз чоң казатка. Анткени бул бийлик - билесиңер - кандай бийлик, чындыкты жазгандардын колун сындырат, кулак, бармак кесет, керек болсо өлтүрүп, өрттөйт. Бул бийлик коркунучтуу бийлик. Ушул бийликти тазалаш керек.

- Маегиңизге рахмат.

Алмаз Атамбаев президенттикке талапкер болот
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:42 0:00


Тасма: Алмаз Атамбаев президенттикке талапкер болот

Бириккен Элдик Кыймылдын жетекчилери 20-апрелдеги маалымат жыйынында СДПнын лидери, мурдагы өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев президенттикке орток талапкер болоорун жарыялады. БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров бул чечим 15-апрелде эле кабыл алынган деди.

XS
SM
MD
LG