Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:29

Телефонгейт: чын-төгүнүн ким билет?


Алмазбек Атамбаев 23-майдагы маалымат жыйынында эч качан пара албаганын билдирди.
Алмазбек Атамбаев 23-майдагы маалымат жыйынында эч качан пара албаганын билдирди.

Узаган жумада Убактылуу өкмөт өкүлдөрү А. Атамбаев менен А. Бекназаровдун бажы кызматынын жетекчилигине дайындоодо 400 миң доллар пара алуулар жөнүндө сүйлөшкөнү ачыкка чыгып кеткен эле. А. Атамбаев жекшембидеги маалымат жыйынында мындай сүйлөшүү орун алганын, бирок эч кимден пара албаганын айтып чыкты.

Жуманын ортосунда маалымат каражаттарына Убактылуу өкмөттүн айрым өкүлдөрү ортосунда болгон телефон аркылуу сүйлөшүү ачыкка чыккан. Анда Азимбек Бекназаров Алмазбек Атамбаевди “400 миң доллар пара алгансың” деп айыптаган:

А.Бекназаров: - Мына кечээ күнү Сооронбай ыйлап аткан адамдан да 400 миң доллар алып, башка кишини коюпсуңар.

А.Атамбаев: - Эгерде алган киши болсо, анда кама алган кишини.

А.Бекназаров: - Камайбыз.

А.Атамбаев: - Камагыла. Мен, мисалы, эч кимден бир тыйын алганымды билбейсиң.

А. Бекназаров:- Силер ушинтип эле ыңкылапты жалгыз жасап эле, көрүнгөн жерге силер коюп калдыңарбы. Биздин да мээнет бар...

Алмазбек Атамбаев ачыкка чыгып кеткен чуулгандуу телефон сүйлөшүүсү боюнча 23-майда маалымат жыйынын өткөрүп, ушундай сүйлөшүү болгонун мойнуна алды. Бирок анын айтымында, сот жана прокуратура тармагын тейлеп аткан Азимбек Бекназаровдун “400 миң доллар пара алгансың” деген сөзү чындыкка жатпайт:

- Бекназаров өзү деле мен эч качан пара албаган адам экенимди билет. Ал болсо мени 400 миң доллар алгасың деп күнөөлөдү. Муну менен ал менин аброюма шек келтирип атат. Ошон үчүн мен жөн калбастан өзүмдүн таза экенимди далилдөөнү эп көрдүм. Менин башым үчүн көп акча сайылганын билем, андыктан дагы канча жашаарым белгисиз. Ошон үчүн мүмкүнчүлүк барда өзүмдүн актыгымды далилдейин деп атам.

Алмазбек Атамбаевдин айтымында, тиешелүү органдар ушул маселе боюнча күнөөлүүлөрдү таап, Убактылуу өкмөттүн өкүлү экенине карабастан кылмыш ишин козгошу зарыл:

- Мен Баш прокурорго бүгүнкү маалымат жыйынына катыш деп чалсам, ал Ысык-Көлдө экен. Орун басарларынын бири да келе албайт деди. Бул иш тергелип, күнөөлүүлөр жазага тартылышы керек. Эгерде менин күнөөм аныкталса анда мени камашсын, башка бирөө айыптуу болсо анда ал адамды камакка алышсын.

Баш прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү Улан Дыйканбаев бул иш боюнча азырынча эч кандай маалымат бере албасын "Азаттыкка" билдирди.

Бул маселе боюнча Азимбек Бекназаровдун өзү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Ал эми анын жардамчысы Анарбек Кайназаров Бекназаровдун бул ишке тиешеси жок экенин "Азаттыкка" буга чейин айткан:

- Бекназаров түнкү саат он бирге чейин элди кабыл алып жатат. Биз 12-апрелден 12-майга чейин төрт жарым миң адамды кабыл алдык, ар кыл суроолор боюнча. Жанагындай акча-сакча дегенге аралашканга убакыт да болгон жок.

Коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери, коомдук ишмер Иманберди Жалилов сөз болуп аткан телефон сүйлөшүүлөрдү жазып алып, коомчулукка жарялоонун артында үчүнчү күчтөр турушу мүмкүн деген пикирде:

- Учурдагы кырдаалда Казакстандын болобу, Орусиянын болобу же башка мамлекеттердинби, айтор үчүнчү күчтөрдүн кызыкчылыктары жок деп айтууга болбойт. Анын үстүнө телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жаздырып алуу анчалык деле кыйын иш эмес. Бирок биз тыштан күнөөлүүлөрдү издегенди адат кылып алдык. Анын ордуна сүйлөшүүлөрдү ошондой мыйзамсыз жаздырып алгандарга укуктук баа берүү зарыл.

И. Жалиловдун пикиринде, кептин баары Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн үчүнчү күчтөргө аларды каралоого мүмкүнчүлүк берип атканында. Андыктан бийлик башындагылар таза иштөөгө аракет кылуусу керек.

Саясат таануучу Бакыт Мааткеримовдун пикиринде, бийлик башында тургандардын ич ара ызы-чуусу калктын Убактылуу өкмөткө карата ишенимин ого бетер начарлатып жибериши мүмкүн:

- Ансыз деле абал курчуп турганда булар өз ара бийлик талашып аткандай сезилип атат. Ушундай чыр-чатактарды элге чыгарбастан бири-бири менен сүйлөшүп, маселени чечип алышса болмок. Бирок бул жерде партиялар ортосундагы оюндар, “мен акмын, эл үчүн иштейм, тигил таза эмес” деген пиар акциялар дагы болушу мүмкүн. Анткени парламенттик шайлоо алдында ушундай оюндардын күчөшү турган иш.


Буга чейин интернет айдыңына Убактылуу өкмөттүн өкүлү Темир Сариев менен Азимбек Бекназаровдуку делген телефон сүйлөшүүсү да чыгып кеткен. Анда бир миллион доллардын изин жашыруу тууралуу кеп болгон. Темир Сариев бул сүйлөшүү тууралуу "Азаттыкка" комментарий берип, каражат өлкөнүн коопсуздугу үчүн жумшалганын айткан.

Алмазбек Атамбаев болсо жакын арада бийлик башындагылардын бул эки үн тасмадан да курч телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү же башка сенсациялуу фактылар ачыкталышы мүмкүн экенин, андыктан буга даяр туруу зарыл экенин айтты.

XS
SM
MD
LG