Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:54

Президент Курманбек Бакиев Баткенге барды


Президент Курманбек Бакиев Баткенде, 2009-жылдын 30-октябры. ("Азаттыктын" архивиндеги сүрөт)
Президент Курманбек Бакиев Баткенде, 2009-жылдын 30-октябры. ("Азаттыктын" архивиндеги сүрөт)

Президент К. Бакиев 19-мартта Баткенде аскер бөлүгүн ачып, “Айгүл-Таш - Самат” жогорку чыңалуудагы электр линиясынын курулушун баштоо аземине катышты. Өлкө башчысы эл менен жолугушуп жатып, азыркы митингдер 2005-жылдагыга такыр окшобостугун айтты.

Өлкө башчысы Баткен шаарына жакын жердеги коргоо министрлигинин тоо аткычтар бөлүгүнүн ачылыш аземине катышып, аскер шаарчасынын абалы, шарты менен таанышты. Аталган аскер бөлүгүнүн курулушу өткөн жылы апрелде башталып, өлкөнүн бюджетинен 168 млн.сом сарпталган. Анан да бул жерде жалаң келишимдик негизде кызмат өтөгөн жоокерлер болушат.

Ачылуу аземинде сөз сүйлөгөн башкы кол башчы аскер бөлүгүн курууга Баткен бекеринен тандалбаганын айтты:

- Батальондун жайгашуу ордун тандоо жөн жерден болгон жок. Азыр эл аралык террористтик уюмдар Ооганстан жана Пакистандын аймактарында орун алганы белгилүү. Андыктан улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген негизги багыттар түштүк чектери аркылуу өтөөрүн эске салгым келет. Биз үчүн азыр Ата Мекендин чектерин коргоо, аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу эң биринчи жана ыйык милдет. Жаңы түзүлгөн бөлүктүн экинчи маанилүү мамлекеттик милдети - бул өлкөбүздү эл аралык чөйрөдө татыктуу көрсөтүү.
Жолуңар оңолуп, электр жарыгы да өчпөй, жашоо деңгээлибиз жакшы болооруна ишенем.
К. Бакиев

Андан ары президент Айгүл-Таш - Самат жогорку чыңалуудагы электр өткөргүч линиясынын курулушун баштоого катышты. Бул курулушту Ислам өнүктүрүү банкы каржылап, 11 жарым миллион АКШ долларын бөлүп берген. Курулуучу линиянын жалпы узундугу 140 чакырымды түзөт. Ошондо буга чейин Тажикстан аркылуу электр кубатын алып келген Лейлек району менен Сүлүктү шаарына өз аймагыбыз аркылуу электр кубаты жеткирилмечи.

Бул жерде сөз сүйлөгөн өлкө жетекчиси аймакты баардык тармактан кошуна өлкөлөргө көз карандысыздыкка чыгарышыбыз керек деди:

- Лейлек районунун, Сүлүктү шаарынын тургундары, жалпы эле Баткен облусу Тажикстанга көз каранды болбой өзүбүздүн электр энергия менен толук камсыз болуп, электр жарыгыңар да өчпөй, жолуңар да оңолуп жашоо деңгээлибиз жакшы болуп калат деп мен толук ишенем, урматтуу туугандар.

Ушул жерден шаар тургундарынан бирөөсү өлкө жетекчисине кайрылып, 2005-жылкы бийликтин алмашуусуна салымын кошокон санаалаштарыңызга телекөрсөтүү аркылуу чыгып, ыраазычылык билдирип койсоңуз деген сунуш жолдоду. Президент Курманбек Бакиев ага жооп берип жатып, азыр митингдерге, нааразылык чараларына чыккандар акчанын күчү менен чыгып жатканын, ал эми мындан беш жыл мурда өлкөнүн бардык аймактарынан эл өзү көтөрүлүп чыкканын айтты:
Азыр митинг уюштургандар акча менен уюштуруп жатат. 2005-жылы болсо өлкөнүн бардык аймактарынан эл өзү көтөрүлгөн.
К. Бакиев

- 24-март күнү мен сөзсүз чыгып айтам. Бул өзүмдүн оюмда да бар. Себеби жакында менин китебим да чыкты, бул революциябы, же төнкөрүшпү дегендерге жооп иретинде. Азыркы митинг уюштургандар акча менен уюштуруп атат. Акча берет, тияктан, бияктан алып кел деп. 2005-жылы эч кандай акча берген эмес эч ким. Эл өзү көтөрүлгөн, көтөрүлгөндө да Кыргызстандын бүт аймактарынан көтөрүлгөн.

Ал эми Баткен шаарынын тургуну Асылбек Сулайманов болсо мамлекет куралдуу күчтөргө, коопсуздукка өзгөчө маани берип, күч кызматтарын колдоого алынганы жакшы, бирок коопсуздук жаатында бир туруп Орусия, бир туруп Американын колун кармаганыбыз кайра коркунуч алып келиши мүмкүн деген пикирин “Азаттыкка” билдирди:

- Азыр өлкө башчысынын коргонуу жагына аскерий күчтөрдү чыңдап атканы жакшы эле болуп атат. Бирок Орусиянын, Американын аскерий базаларын да киргизип алып, биз дагы Ооганстанга окшоп аскерий бир полигонго окшоп калбашыбыз керек.


Президент Курманбек Бакиевдин Баткен облусундагы иш сапары ушул эле күнү соңуна чыкты.

XS
SM
MD
LG