Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:13

Бакиев сүйлөшүүлөрдү баштоого макул


Бакиев Курманбек. 9-апрель 2010-жыл.
Бакиев Курманбек. 9-апрель 2010-жыл.

Түштүк жергесинде жашырынып жүргөн президент Курманбек Бакиев убактылуу өкмөт менен сүйлөшүү ниети бар экенин билдирүүдө. Мамлекет жетекчиси Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун ортомчулугу аркылуу ушундай оюн билдирип, элге каршы курал колдонбой тургандыгын убада кылууда.

Анткени менен убактылуу өкмөттүн жергиликтүү өкүлдөрү буга анчалык ишенбей, Ошто дагы Бишкектегидей бөөдө кан төгүлүшү ыктымал деп чочулап турушат. Алардын айтымында, минтип кабатырланууга Курманбек Бакиевдин айрым чет өлкөлүк үналгыларга курган маектери себеп болууда. Ошон үчүн Курманбек Бакиев, анын үй-бүлө мүчөлөрү жана туугандары мыйзам чегинде жазаланмайынча, маселеге чекит коюлушу кыйын.

Түштүк жергесинде жайланышкан кыргыз президенти Курманбек Бакиев акыркы сааттарда убактылуу өкмөт менен сүйлөшүүгө ынтызар экендигин айтууда. Бул туурасында Ош шаар мэри Мелисбек Мырзакматов маалымат жыйынында билдирди:

- Оштогу координациялык Кеңештин тапшырмасын аткарып, Курманбек Салиевич менен убакылуу Өкмөттүн ортосунда мен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатамын. Эки жаатка бөлүнүп тирешүүгө жол койбоого, Бишкектегидей кандуу окуяларды кайталабоого же ар кандай башаламандыкты болтурбоого эки тарап тең убадасын берип жатышат.

Ошентсе да Мелисбек Мырзакматов бул сүйлөшүүнү расмий диалог катары санабай тургандыгын кошумчалады.

Буга улай шаардын мэри Ош калаасында кырдаал курч бойдон калып жаткандыгын ырастады:

- Бүгүнкү күндө Ош шаарында ар кандай чагымчыл жана радикалдуу күчтөр улуттар аралык мамилени курчутууга, ошол эле учурда талап-тоноочулукка үндөгөн көрүнүштөр болуп жатат.

Мэр Мелисбек Мырзакматов ар кандай мыйзамсыз жоруктарга карата катаал чаралар көрүлөөрүн эскертти. Ал ошондой эле президент Бакиев жана анын таламдаштары калкка каршы курал колдонбой тургандыгына ишендирди:

- Бир гана нерсе - ал кишинин (Курманбек Бакиевдин – ред.) куралдуу кагылышууга барайын деген ою жок!

Анткени менен убактылуу өкмөттүн жергиликтүү өкүлдөрү Курманбек Бакиевдин ортомчу аркылуу жолдогон убадасына анчалык ишенбей жатышат. Алар учурдагы президенттин тарапкерлери чагым уюштуруп, Ошто дагы Бишкектегидей ок атып, бөөдө кан төгүлүшү ыктымал деп чочулап турушат.

- Президент Бакиев өз элин атып салып, анан дагы уялбай ошол оппозиция лидерлери менен сүйлөшөм дегенге моралдык акысы жок, ага мыйзам дагы жол бербейт. Ушунча адамдын канын төктү, ошондуктан, мындан кийин калкты тополоң кылбай, күндө удургутпай, кызматын тынч тапшырып кетсе жакшы болмок, - деген убактылуу өкмөттүн Ош облустук координациялык кеңешинин мүчөсү Таалай Зикиров башкаларга сабак иретинде Курманбек Бакиев жана анын үй-бүлө мүчөлөрү мыйзам чегинде жазаланмайынча, маселеге чекит коюлбайт деп эсептейт.

А бирок 8-апрелде “Москва жаңырыгы” үналгысына курган маегинде президент Курманбек Бакиев убактылуу өкмөттү тааныбай тургандыгын жарыя кылды:

- Сиздер кантип ойлойсуздар, президент, жалпы эл шайлаган мамлекет башчысы, өз элине каршы колуна курал кармап барышы ыктымалбы? Эмне деген сандырактык! Ким муну ойлоп тапты! Мен конкреттүү өлкөнү атагым келбейт, бирок сырткы күчтөрсүз мындай координацияланган операцияны жасоого мүмкүн эмес эле. Мен азырынча кызматымды тапшырганга шашылбайм. Ага негиз жок. Мен ойлойм, бир нече күндөн кийин баары дайын болот, бүгүн өздөрүн жетекчимин деп жарыялагандар, алар өлкөнү башкарууга жөндөмсүз, тескерисинче, мамлекетти туңгуюкка кептешти, муну үчүн алар жооп берчү күн алыс эмес, - деди президент Курманбек Бакиев “Москва жаңырыгы” үналгысына курган маегинде.

XS
SM
MD
LG