Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Р. Казакбаев: ЖККУ Кыргызстанга аскер киргизүүнүн кажети жок деп чечти


ЖККУ күчтөрүнүн машыгуусу, Тажикстан, 2001-жылдын 28-апрели.
ЖККУ күчтөрүнүн машыгуусу, Тажикстан, 2001-жылдын 28-апрели.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Москвада өткөн кезексиз жыйыны кабыл алган чечимдер тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна Кыргызстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Руслан Казакбаев жооп берди.

- Руслан мырза, Жамааттык коопсуздук келишими уюму Кыргызстанга кандай жардам бере турган болду, аскерийби же гуманитардыкпы?

- Өзүңүздөр билгендей, Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө болгон мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын мөөнөтсүз кезексиз жыйыны Москвада болуп өттү. Ал жыйын Орусия мамлекетинин президенти Дмитрий Медведевдин сунушу менен болду. Ал жерде кечээ эки документ каралды. Биринчиси, ошол жерде катышкан мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын билдирүүсүнө кол коюлду. Анда Кыргызстандын түштүгүндө болуп аткан окуялар боюнча тынчсызданууну билдирилип, ошондой эле Кыргызстандын элин биримдикке жана ынтымакка чакырган кайрылуу жасалды. Мындай окуялар мамлекетти оор жагдайга алып келе турганын белгилешип, бир мамлекетте жашаган, тууган улуттар бири-бирине курал колдонбоосун суранышты. Экинчиси, чечимдин долбоору кабыл алынып, мамлекет башчыларына жөнөтүлдү.

Бир-эки күндүн ичинде жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө болгон мамлекет башчыларынын кол коюсу күтүлүүдө. Ал чечимде кыргыз мамлекетине эч кандай аскердик күчтөрдүн киргизүүсүнүн кажети жок экендигин жана Кыргызстандын түштүгүндө болгон жагдайды кыргыз өкмөтү кыргыз эли өзүнүн күчү менен токтотуу керектигин билдиришти. Ошондой эле баардык тараптан мисалы Кыргызстандын Коргоо министрлигине ар түрдүү аскерий жабдууларды, аскердик техникаларды, жерде жана абада жүрө турган учак, тик учактарыды күйүүчү май заттарын, материалдык-техникалык ар түрдүү жардам бериле тургандыгы билдирилди.

- Демек, буга кол коюлса эки күндөн кийин ишке аша турган маселе турбайбы?

- Ооба бир эки күндүн ичинде күтүп атабыз, ишке аша баштайт бул маселе.

- Ал эми Жамааттык коопсуздук келишими уюму жана Шанхай кызматташтык уюмунан башка эл аралык уюмдардан, батыш өлкөлөрүнөн Кыргызстанга жардам берүүгө сунуштар болдубу, кандай жардам күтүлүүдө?

- Өзүңүздөр билгендей, ШКУга мүчө өлкө башчыларынын жыйыны болуп өткөн Ташкентте. Ал жерде бул уюмга мүчө мамлекет башчылары да Кыргызстандагы жагдай жөнүндө сүйлөшүп, өздөрүнүн тынчсыздануусун билдиришкен жана Кыргызстанга ар түрдүү жардам берүүгө даяр экенин айтышкан. Ошол эле учурда азыр мисалы, Кытай мамлекетинен 5 миллион доллар бөлүндү. Орусия мамлекети болсо бардык тармактан гуманитардык жардамдар болсун, ошондой эле биздин Коргоо министирлигине, укук коргооо органдарына кандай керектүү жардамдарды, жабдууларды, керек болсо кеңешчилерди да жөнөтүүгө даяр экендигин билдирип атышат.

- Европа Биримдигинен жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмдарынан кандай жардамдар болуп атат?

- Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму да бул күндөрү жыйын өткөрүп, ал жерде биздин туруктуу өкүлүбүз катышып атат. Биздин Тышкы иштер министирлигинен атайын делегация жөнөтүлгөн. Делегация бүгүн бардык мамлекеттерге кайрылуу жасады. Европа Биримдигине кирген мамлекеттер да гуманитардык жардам берүүгө даяр экендигин билдиришип, азыр кагаз жүзүндө качан, кайсыл убакытта, кандай жардам келе турганын бизге билдирип атышат.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG