Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:26

Үсөн Сыдыков: Азыркы парламент эч нерсеге жөндөмсүз


«Жаңы Кыргызстан» партиясы ишембиде Ошто аймактык курултай өткөрдү. Партия төрагасы жыйындан соң кабарчыбыздын партия лидерлеринин ортосундагы пикир келишпестик, алдыдагы президенттик шайлоо тууралуу суроолоруна жооп берди.

- Үсөн мырза, түштүктөгү курултайда эмне үчүн Курманбек Бакиевди президентикке талапкер кылып көрсөттүңүздөр, араңыздарда татыктуу инсандар жок беле?

- 2005-жылы элдик ыңкылап болгондо «Жаңы Кыргызстан» Кыргызстан элдик кыймылынын эң башында турган. КЭКти түзгөн сегиз партия тең Курманбек Бакиевди жабыла колдоп, президенттикке көтөргөнбүз. Жаңылышпаптырбыз. Акаев доорунда он беш жыл бою бир дагы турак жай курулган эмес экен, азыр курулуш жанданып, милиция кызматкерлери жана башка жөнөкөй кишилер үйлүү болуп жатышат. А түгүл мекемелер өздөрү да көп кабаттуу үйлөрдү тикелегенге ыкташты. Андан тышкары мамлекеттик бюджеттин эсебинен Камбар-Ата ГЭСи башталды. Кызыл-Кыя цемент заводу бүткөнү калды. Акыркы төрт жылда бюджет эки-эки жарым эсеге өстү. Ооба, өзүңөр билесиңер, иш жүргөн жерде сөзсүз кемчилик болот. Ошон үчүн Курманбек Салиевичти экинчи мөөнөткө сүрөп турабыз. Анткени, төрт жыл ичинде бир топ такшалды, каныкты, көп нерсеге үйрөндү. Мындан ары бирөөнүн кеп-кеңешисиз тыянак чыгарганга кудурети жетет. Демек, кийинки беш жылда, менин оюмча, өлкөгө жаман болбойт.

- Эми уюмдун баш катчысы Исмаил Исаковдун маселесине кайрылсак, аны жактагандар Бакиевдин талапкерлигине каршы чыгып, курултайды таштап кетишти. Алайлык жердештеринин мынчалык тызылдаганына караганда генералды партиядан да өчүрдүңүздөрбү?

- Жок, Исаков партиянын мүчөсү бойдон калды, бирок башкатчылыктан бошоттук.

- Жана жыйында айттыңыз, президентке ортого түшүп мурунку коргоо министрине чек ара кызматынын төрагалыгын сунуш эттик деп. Көндүбү? Кокус буга ынабаса, дегеле Исаковдун жумуштан бошогондон кийин Бириккен элдик кыймылга кошулуусуна кандайча карап жатасыздар?

- Кийинки кезде анча аралашпай калдым, антсе да, менин катышуумда биз катуу аракет жасадык, Исаков өзү жанагындай кызматтарга макул болбой койду. Эми мындан кийинки тагдыры өзүнүн колунда. Төрт жыл чсгуу иштедик. Ар ким өзү билет турбайбы, кеп-сөз жок эле бир күнү дароо оппозицияга ооп кетти. Мен муну эки жүздүүлүк, туруксуздук катары эсептейм. Башкача баа бералбайт экем. Өзүңөргө дайын, мен өзү канчалаган жылдардан бери бир позицияны тутунган адаммын. Акаев мезгилинде да талашып-тартышып оппозицияда болдук. Бүгүн деле азыркы президентке бир топ кемчиликтерди ачык айтып жатабыз. Кээсин туура кабылдайт, айрымдарын шарт, мүмкүнчүлүк мындай деп түшүндүрөт.

- Баса, “үзөңгүлөш партия катары «Ак жол» менен «Жаңы Кыргызстан» азыркы бийликти бөлүштүрүп алып иштешүүдө” деген айрым серепчилердин пикирлеринин канчалык чындыгы бар?

- Баары бири-бирин кайталап атпайбы. Ошондуктан, биз республика элине экономикалык жактан жардам берели деген максат койгонбуз. Бу боюнча президент Бакиев менен да макулдашканбыз. Ал «Ак жолду» өзү баштап, коррупция менен күрөшөм деди, анда сиз ошондой кылыңыз, биз «жаңыкыргызстанчылар» экономика жагын тарталы деп сүйлөштүк.

- 2007-жылкы парламенттик шайлоодо социал-демократтарга же коммунисттерге салыштырмалуу Жогорку Кеңеште көбүрөөк орун ээлегенге мүмкүнчүлүгүңүздөр бар эле. Бирок таймашка неге катышпай койдуңуздар?

- Биз 2007-жылдын күзүндөгү курултайыбызда «Ак жол» партиясы менен бирге чыгалы деген чечимге токтолгонбуз. Бирок эми атын атабай эле коеюн, кээ бир жолдоштордун таасиринен улам «Ак жолдун» тизмесине төртөө гана кирип, көпчүлүгү чийилип калды. Кийинчерээк кайра катталып, өзүнчө тизме түзгөнгө кечиктик. Мунун жашыра турган жери жок. Партиялаштарыбыз бүт билет.

- Акыркысы, Оштогу курултайда келерки жылдын башында парламенттик шайлоо болушу күтүлөт деген ойдун башын кылтыйттыңыз. Мындай божомолду бир нерсеге негиздеп айтып жатсаңыз керек?

- Жана курултайда партиялаштарыма бекеринен кайрылган жокмун. Жакшылап иштегиле, кийин уттуруп коюп, арманда калбайлы дедим. Анткени, бизде ошондой ой бар, тагыраагы ошондой эле болот. Себеби, азыркы Жогорку Кеңештин деңгээлин көрүп жатасыңар. Эч кандай маселе чечпейт. Кээ бир мыйзамдарды терең ойлонбостон кабыл алышууда. Кептин кыскасы, парламентте учурда боштук өкүм сүрүүдө.

- Үсөн мырза, ачык-айрым маегиңиз үчүн ыракмат!

XS
SM
MD
LG