Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:51

Президенттикке Темир Сариевдин да талапкерлиги көрсөтүлдү


“Ак шумкар” партиясы бүгүнкү курултайында алдыдагы президенттик шайлоого партия төрагасынын талапкерлигин көрсөттү.

Ошентип Темир Сариев Бириккен элдик кыймылдын курамындагы саясатчылардан президенттикке көрсөтүлгөн үчүнчү талапкер болуп калды. Бул кыймылдагы саясатчылардан буга чейин мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков президенттикке талапкерлигин көрсөткөн эле. Андан кийин БЭК оппозициянын бирдиктүү талапкери катары Социал-демократтар партиясынын төрагасы, мурдагы премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин ысмын атаган.

Айрым талдоочулар “бириктик” деген оппозициядан минтип үч талапкер чыгып жатышы бийлик үчүн ыңгайлуу болоорун айтышууда.

“Ак шумкар” партяисынын төрагасы Темир Сариев буга чейин Жогорку Кеңештин экинчи жана үчүнчү чакырылыштарынын депутаты болгон. 1963-жылы Чүйдүн Сокулук районундагы Төш-Булак айылында туулган. 1989-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган.

Эмгек жолун 1984-жылы жүндү кайра иштетүүчү Аламүдүн фабрикасында жумушчулуктан баштап, ушул ишканада ага экономистикке чейин жеткен. Андан соң комсомолдук-партиялык жумушка өтүп, 1990-жылдарга чейин Аламүдүн райондук комсомол комитетинде, ушул эле райондун партиялык комитетинде иштеп, райондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басарлык кызматын да аркалаган.
Андан соң ишкерлик менен алектенип, 1995-2000-жылдары “Тотон” өндүрүштүк-финансылык фирмасынын башкы директору болгон.

2000-жылы ЖКнын мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттыгына шайланган. 2005-жылы да ЖКнын үчүнчү чакырылышына депутат болгон.

XS
SM
MD
LG