Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:26

М. Ниязов: Кыргызстанды саздан чыгаруу үчүн жаңы күч керек


Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов өлкөдөгү коомдук-саясий абал, алдыдагы президенттик шайлоо тууралуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна жооп берди. Саясатчынын пикиринде, Кыргызстанды азыркыдай кыйын абалдан чыгаруу үчүн жаңы күч келиши керек.

- Мирослав мырза, өлкө башчысы кечээ Жалал-Абаттагы болгон иш сапарында да экономикалык өнүгүүлөр болуп атканын, Камбар-Ата ГЭСтеринин жана башка ишканалардын курулуп атканын айтып өттү. Курманбек Бакиев президенттик кызматка келгенине төрт жылдын жүзү болуп калды. Ушул аралыкта Бакиев президент катары эмнелерге жетишти жана эмнелерди жоготту?

- Кыргызстан деген өлкөбүз бар, кыргыз деген элибиз бар. Тилекке каршы эгемендүүлүктү алгандан бери президенттерибиз кур сөз менен эле бизде алдыга жылыш болуп атат деп, элди алдоо жолу менен кетип атышат. Бирок негизги экономикабыз, социалдык акыбал өтө оор. Мурдагы 15 республикалардын арасында Кыргызстан эң акыркы орунду алып атат. Кедейчилик жагынан, айлык акы, баалардын өсүп аткан жагынан биз эң биринчи орунда болуп калдык. Эл аралык уюмдар өлкөдө коррупция да гүлдөп өсүп жактанын айтууда. Мындай шартта Кыргызстандын алдыга кеткенге эч кандай мүмкүнчүлүгү жок болуп калды. Биз эртели-кеч түшүнүшүбүз керек, эгемендүүлүк деген бул чоң жоопкерчилик. Муну бийлик дагы, эл дагы, оппозиция дагы түшүнүш керек. Тилекке каршы бүгүн бийлик дагы, карапайым эл дагы, оппозиция дагы түшүнбөй, жасалма жол менен кетип баратабыз. Ушинтип жүрө берсек Кыргызстан деген мамлекетти жоготуп коюшубуз ыктымал.

- Сиздин баамыңызда, президент Курманбек Бакиев март ыңкылабынан кийин берген убадаларын канчалык аткарды?

- Бир дагы убадасын аткарган жок деп айтаар элем. Ошол эле үй-бүлөлүк башкаруу системасы, ошол башкаруу системасы толугу менен коррупцияга берилген система болуп калды. Эртели-кеч мен карапайым элге кайрылат элем, биз бүгүн мамлекеттин бүтүндүгү үчүн, мамлекеттин коопсуздугу үчүн, өлкөбүздүн келечеги үчүн жоопкерчиликти алышыбыз керек

- Президент К.Бакиев кол койгон 2009-2011-жылга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясы боюнча программа канчалык деңгээлде ишке ашат деп ойлойсуз?

- Менимче, бул программаларды жазган адам асмандан түшкөндөй. Анткени бул документтин Кыргызстандын проблемаларын түшүнбөгөнү, арамзачылык менен жазылганы көрүнүп турат. Бул жөнүндө мен көп жерде айткам. Ага ишеним жок болду. Анткени 4 жылдан бери бир дагы жакшы иш болгон жок Кыргызстанда.

- Айрым байкоочулар алдыдагы президенттик шайлоо бурмалоо жолу менен өтүшү мүмкүн деп боолголоп жатышат. Сиздин баамыңызда алдыдагы президенттик шайлоо кандай өтчүдөй?

- Чыгыш мамлекеттеринде негизинен бийлик алмашууда эки гана жол бар болчу, биринчиси - бийликтин башында турган адам көз жумушу, экинчиси - эл ошол бийликти сүрүп чыгышы. Биз бийлик алмаштырууда маданияттуу жолго өтө албай атпайбызбы. Бийликтин колунан таптакыр эч нерсе келбесе дагы бийликке тырмышып-жармашып турат, эл эмне болуп атканын түшүнгүсү келбейт, менден башка эч ким жок деген ойдо. Ушундан улам Кыргызстан азыркыдай абалга келди. Кыргызстан азыр өтө оор абалга келип калды, саздын түбүнө чейин жетип калдык. Ошондуктан бизге азыр жаңы күч керек. Кыргызстанды саздан, кризистен чыгарып, Кыргызстандын келечегин көрсөтүп бере ала турган жаңы күчтөр керек болуп атат.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG