Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:43

А. Бегматов: Шайлоодо жети талапкер менен чектелип калышыбыз ыктымал


Абдыжапар Бегматов, БШК мүчөсү
Абдыжапар Бегматов, БШК мүчөсү

Бүгүн президенттикке талапкерлердин кол топтоо мөөнөтү аяктайт. Кол топтоо өнөктүгүнүн жүрүшү боюнча “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна БШК мүчөсү Абдыжапар Бегматов жооп берди.

- Абдыжапар, мырза кол топтоо өнөктүгү кандай өттү, кандайдыр бир тоскоолдуктар жөнүндө арыздар түштүбү?

- Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкерлер кол топтоолорун аяктап калды. Чогулган колдорду тапшыруу мөөнөтү бүгүн соңуна чыгат. Кол топтоо учурунда жер-жерлерден БШКга жергиликтүү бийликтер, же башка талапкерлер тарабынан бири-бирине жол тоскон, бут тоскон, алардын ишине кийлигишип аткан фактылар боюнча бизге арыз-даттануулар келип түшкөн жок.

- 16 талапкердин ичинен канча талапкер тийиштүү, 50 миңден кем эмес колду топтоду деген алдын ала маалымат барбы сиздерде?

- Бизге жеткен маалыматтар боюнча, азыр 7 талапкер жер-жерлерде өзүлөрүн колдогон кол топтоолорун облустук, Ош шаардык шайлоо комиссияларга тапшырышып, алардан тешелүү корутундуларды алып жатышат.

- Демек 7 талапкер менен чектелип калышыбыз ыктымал экен да?

- Толук ыктымал. Бирок алдын ала айтпайлы, бүгүн дагы ал талапкерлердин өзүлөрүнүн, же ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн түнкү 12ге чейин убактылары бар. Мүмкүн алардын саны көбөйөр. Бирок бизге жеткен маалыматтар боюнча 7 талапкер кол чогултуп жүрүшөт.

- Бюджеттик уюмдарда иштегендердин, мугалимдердин тизмеси түзүлүп, бийлик тарабынан кысым болгону байкалып жатат. Бул мыйзамдуубу? Дал ушул нерсе административдик ресурсту пайдалануу эмеспи?

- Бюджеттик мекемеде иштеген, же менчик структурада иштеген кызматкерлер болобу, алар кайсы бир талапкерди жактап, же үгүт иштери башталган мезгилде аларга каршы иш жасаса бул мыйзам ченемдүү нерсе. Бирок айлык таркатылып аткан жерлерде, же кайрымдуулук иш чаралары өтүп аткан жерлерде кол чогултууга мыйзам жол бербейт. Ушул күнгө чейин мындай фактылар менен бизге эч ким кайрылган жок.

- Чет өлкөлөрдөгү добуш берүү участкалары жана шайлоочулардын саны такталдыбы?

- Биздин мыйзам боюнча шайлоо участкаларын түзүү шайлоого 40 күн калганда аякташ керек. Башкача айканда 12-июнга чейин биз шайлоо участкаларын түзүп бүтүшүбүз керек, алардын чек араларын аныкташыбыз керек. Азыр биз мурдагыдай эле, 2007-жылы декабрда Орусияда, Казакстанда, андан башка мамлекеттерде биздин дипломатиялык, консулдук мекемелерибизде шайлоо участкаларын түзмөкчүбүз. Азыр так саны аныктала элек. Себеби биздин Тышкы иштер министрлиги берген маалыматтар боюнча БШКнын атайын отурумунда участкалардын саны бекитилет. Биздин мекендештер көп жылдан бери жашап атышкан өлкөлөрдүн баарында добуш берүүгө шарт түзгөнгө аракет жасайбыз.

- Шайлоону каржылоо маселеси чечилдиби?

- Каржылоо маселеси толугу менен чечилген. Азыркы күндө бардык облустук, райондук комиссияларга, чет жакаларда биздин түзүлө турган участкаларга биздин эсебибизде акча турат. Финансы маселесинен биз аксаган жокбуз бул шайлоодо.

Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG