Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:42

Б. Бешимов: Бир гана партиянын кызыкчылыгы ишке ашып жатат


Социал-демократтар партиясынын парламенттеги лидери Бакыт Бешимов Конституциялык Сотко президент Курманбек Бакиев партиялык ишмердүүлүгүн уланта алабы, жокпу деген маселе боюнча кайрылышы коомчулукта чоң талкууну жаратып атат. Ушуга байланыштуу Бакыт Бешимовду түз ободо кепке тарттык.

- Бакыт мырза, бул маселе боюнча Конституциялык Сотко кайрылууга кандай муктаждык себеп болду, эмне үчүн мурунураак берген жоксуз, башка жагдайларда берген жоксуз дегендей суроо туулуп атат?

- Жок, биз мурун ушундай маселелер менен кайрылганбыз. Мисалы Башкы прокуратурага, эмне үчүн президент жалпы Баш мыйзам боюнча элдин ынтымагынын символу болуп жазылып турса, мыйзамга каршы бир партиянын эле кызыкчылыгын эңсеп иш жүргүзүп атат деп кайрылганбыз, бирок тиешелүү жоопту албадык. Андан тышкары Конституциялык Сотко биринчи жолу кайрылганда, алар жооп берген, анын формасын өзгөртүп анан бизге кайрылгыла деп. Ошондуктан мен кайрадан кайрылып бул маселени көтөрүп атам. Ошондуктан бул чынын айтканда жаңы демилге эмес. Бул мурдатан эле жүргүзүлгөн иш. Азыркы президенттик шайлоого байланыштуу бул маселени абдан курчутуп атпайбы. Ошондуктан азыр көпчүлүктүн көңүлү ушуга бурулуп атат.

- Азыр Конституциялык Сот мыйзамдык эрежелер боюнча аны качан карайт деп күтүп атасыз, сүйлөшүүлөр, жооп болдубу?

- Алты айдын ичинде жооп бериш керек. Бирок Шайлоо кодексине байланыштуу депутатпы, же жөнөкөй жаранбы, шайлоого байланыштуу маселени көтөрүп Конституциялык Сотко кайрылса, алар тез мөөнөттүн ичинде карап бергенге тийиштүү.

- Президент Бакиевдин партиялаштары президент партиялык ишке эч кандай киришкен жери жок, партиялык ишти мыйзам чегинде башка кишилер аткарып атат деген негиздемелерди айтып атышат. Сиз Бакиевдин партиялык лидер катары активдүү иштеп жаткандыгын эмнеден көрүп жатасыз?

- Биринчиден, фактыларга кайрылалы. Бакиев улам-улам “Ак жол” партиясынын жетекчилерин кабыл алып, алар менен иш жүргүзүп атат. Ошондой эле коммунисттер менен жолугуп атат. Бирок СДП “га келгенде таптакыр андай иштер көрүнбөйт. Экинчи факт, жер-жерлерде “Ак жол” партиясынын мүчөлөрүнө иш жүргүзгөнгө бүткүл шарттар түзүлөт. Жергиликтүү органдары мыйзамды бузуп иш убагында аларга жардам берип атат. СДП эгерде жолугушуу өткөрөйүн десе, же залдар жок, же элди коркутат. Акыркы мисал Каракол шаарында биздин партиянын штабы талкаланды. Ошол учурда ал жерде РИИБинин башчысы, прокуратуранын тергөөчүлөрү турган. Мыйзам бузулуп атса, бирөө дагы маселеге караган жок. Көрдүңүзбү, ушундай фактыларды келтирсем абдан көп. Бир гана партиянын кызыкчылыгы ишке ашып атат, президент түзмө-түз ошого киришип атпайбы. Президенттин сүйлөгөн сөздөрүн карап көрсөңүздөр, ошол сөздөрүндө айтылып атпайбы “Акжол” партиясы жөнүндө.

- Социал-демократтар фракциясы өз демилгеси менен ушул маселелердин баардыгын, талылуу маселелерди президент менен бетме-бет сүйлөшүп айтканга кандайдыр бир демилге барбы?

- Биз бир жылдан бери президент К. Бакиевге расмий кат менен кайрылып жаттык. Биздин экономикалык кризистен чыгуу жөнүндө конструктивдүү сунуштарыбыз бар деп, андан тышкары президент Бакиевди жолугушууга чакырдык, андан кийин Бакиевди түз эфирдеги маекке дагы чакырдык. Эки ай өтүп кетти, президенттин парламенттеги өкүлүнө расмий түрдө биз чарчагандан кийин кат жөнөттүк президент Бакиев менен фракция катары жолугуп, орчундуу маселелерди талкуулайлы деп. Азыркыга чейин бир дагы жооп жок. Жаңылануу курсунда жазылган оппозиция менен диалог болуш керек деп, бул курулай эле сөз.

- Бакыт мырза, азыр сиз азыркы кайрылуудан кандайдыр бир майнап чыгат деп ишенип атасызбы?

- Негизги мыйзам бузууларды көрүп турсаңыздар, ага жол бербес үчүн сөзсүз бир чара көрүшүңүз керек. Мен депутат катары ошондой кадамды жасадым. Эми Конституциялык соттун иши, кандай жооп бергенин көрөбүз.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG