Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:58

Оппозициялык талапкерлердин өкүлдөрү куугунтукка кабылды


Бириккен оппозиция талапкери Алмазбек Атамбаев менен жолугушууга келген эл.22-июнь, Ош облусу.
Бириккен оппозиция талапкери Алмазбек Атамбаев менен жолугушууга келген эл.22-июнь, Ош облусу.

Өлкө башчылыгына талапкер Алмазбек Атамбаев Кара-Кулжа, Өзгөн райондорунун шайлоочулары менен жолугуп, президенттин шайлануу мөөнөтүн кыскартуу, кол тийгистик укугун чектөө маселесин көтөрдү. Ал эми атаандашы Темир Сариев карасуулуктар менен кездешип, учурдагы президент Курманбек Бакиев менен тандем түзгөндүгү туурасындагы маалыматтарды төгүндөдү.

Президентикке талапкер Алмазбек Атамбаев Кара-Кулжа, Өзгөн райондорунун шайлоочулары менен жолугушту. Ал 2005-жылдын мартындагы ыңкылапка катышып чоң катачылык кетиргендигин, себеби, окуядан көп узабай ашынган акаевчилер кайрадан бийликке аралашып, азыркы президент Бакиев алардын барымтасында калгандыгын моюндады.

- Биздин мындан аркы программабыз негизинен эки бөлүктөн турат, - деп кебин улантты Алмазбек Атамбаев. – Биринчиден, президентти бир гана мөөнөткө шайлайбыз. Өзү үчүн же үй-бүлөсү үчүн байлык топтобосо, калкка ак кызмат кылганга беш жыл жетиштүү. Экинчиден, Аскар Акаевден баштап бардык мурунку мамлекет башчыларынан кол тийгистик укугун алып таштайбыз. Антпесек, булар бийликти тез эле мекчиктештирип, Кокон ханына окшоп каалаганын жасашчудай.

Алмазбек Атамбаев 23-июль күнү шайлоонун жыйынтыктарын 100 миң чакты тарапкери менен оппозиция өзү эсептей тургандыгын да билдирди.

Ошол эле учурда Бириккен элдик кыймылдын аймактардагы мүчөлөрү аларга карата куугунтук күчөгөндүгүн, а түгүл өмүрүнө коркунуч туулуп жаткандыгын ачыкташты. Кысымчылыкка кабылгандардын бири – Социал-демократиялык партиянын Өзгөн райондук төрагасы Алишер Бакышев мындай дейт:

- Көрдүңүздөр, жолугушуу убагында дагы бүт күч структуралары оппозицияга каршы иштеп жатат. Менин артымдан тынымсыз аңдуу, ал эми үй-бүлөмдү бала-чакама дейре коркутуп-үркүтүү күчөдү. Фактыларды тизмелеп прокурорго эки, райондук милиция башчысына эки, акимге үч ирет кирип кайрылдым. Эч кандай натыйжа жок.

«Ак шумкар» партиясынын атынан өлкө башчылыгына көрсөтүлгөн талапкер Темир Сариевдин да түштүк калкы менен жолугушуусуна тоскоолдук арбыды. Бул туурасында жарыя кылган анын ишенимдүү өкүлү Анвар Артыков ушундай себептерден улам жердештери менен кезигүүнү Кара-Суу районуна караштуу Шарк айылындагы үйүндө уюштурууга мажбур болгондугун белгиледи.

Кепке кошулган Темир Сариев өлкө башчысы Курманбек Бакиев менен тандем түзгөндүгү туурасында айрым массалык маалымат каражаттарында жарыяланган маалыматты төгүндөдү:

- Алты талапкер экенбиз. Андыктан, менден башка бешөөсүн тең мактай да, жамандай да албайм, - деди Темир Сариев. - Саясатчы болгондон кийин анын айланасында ар кандай кептер жүрөөрү түшүнүктүү Бирок азыр көпчүлүк гезиттердин мен жөнүндө жазгандарынын баары кызылдай калп! Сариев президент Бакиев менен сүйлөшүп алып шайлоого аттанган жок. Биз өз жолубуз менен таймашка түштүк. Чындыгында, Курманбек Салиевич менен сүйлөшкөн да, соодалашкан да эмесмин. Мен эч убакта тутунган принцибиме чыккынчылык кылып, жеке кызыкчылыгымды санаалаштарымдын, айрыкча мекендештеримдин ар-намысына алмаштырбаймын.

Темир Сариев андан ары кыргызстандыктар Акаевди жана артынан Бакиевди шайлап эки жолу жаңылгандыгын, эми бул ирет антүүгө акысы жоктугун, анткени, өлкөнүн болочогу 23-июлда бир жаңсыл чечилээрин эскертти.

Аймактык күч органдары оппозициялык маанайдагы адамдарды куугунтуктоо оюнда жок экендигин айтышууда. Маселен, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаевдин пикиринче, аймактарды кыдырууда бардык талапкерлерге бирдей шарт жаратылган:

- Үгүт иштери эч кандай тоскооолдуксуз жүрүп жатат. Оппозиция гезиттерин же баракчаларын каалагандай таркатууда. Өнөктүк башталгандан бери бир дагы талапкерден же партиядан бут тосуу, мыйзам бузуу жөнүндө билдирүү түшө элек.

Айтмакчы, талапкер Алмазбек Атамбаев бүгүн, 23-июлда, Кара-Суу районунун жана Ош шаарынын калкы менен жолугушууда. Ал эми Темир Сариев үгүт иштерин улантуу максатында Ысык-Көлгө жөнөп кетти.

XS
SM
MD
LG