Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:49

Кыргыз бийлиги ЕККУ сунушун кабыл алабы?


ЕККУ Кыргызстандагы президенттик шайлоо тууралуу баяндамасын жарыялап, бир катар сунуштарды келтирди. Саясий серепчи Жыргалбек Турдукожоев болсо кыргыз бийлигинде андай сунуштарды аткаруу ниети жок деп эсептейт.

- Кечээ Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун шайлоого байкоо салуу миссиясы Кыргызстандагы президенттик шайлоо тууралуу баяндамасын жарыялады. Анда бир катар сунуштар да айтылган экен. Сиздин оюңузча, кыргыз бийлигинин бул сунуштарды кабыл алып, шайлоодо кетирилген мүчүлүштүктөрдү оңдоо ниети барбы?
Жыргалбек Турдукожоев

- Эгерде азыркы бийлик ЕККУ гана эмес, башка эл аралык уюмдардын шайлоонун жыйынтыгына берген сунуштарын, бааларын эске алса, анда кайра шайлоо өтүш керек болчу. Тилекке каршы андай болбой калды. Ал эми Кыргызстан ЕККУнун жана башка эл аралык уюмдардын мүчөсү катары алардын стандарттарына, эрежелерине жооп бере турган тартипте өткөрүш керек болчу шайлоону. Тилекке каршы андай болгон жок.

- Алдыдагы шайлоолорго чейин кандай иштер жасалышы мүмкүн? Маселен бул баяндамада административдик ресурстарды колдонууга бөгөт коюу үчүн кошумча аракеттер зарыл деп жазылыптыр?

- Албетте, биринчи кезекте мен айтаар элем, административдик ресурсту колдонуу боюнча, шайлоо процессиндеги башка мыйзамда көрсөтүлгөн жоболорду сактоо боюнча көп иштерди аткарса болот. Аны аткарууга биринчиден саясий эрк керек, азыркы бийликтин жөнөкөй эле адамдык ниети керек. Тилекке каршы андай ниет, саясий эрк болбогондуктан эл аралык уюмдардан, байкоочу коомдордон канчалык сунуш болсо дагы менимче, эч кандай жыйынтык чыкпайт.

- ЕККУнун баяндамасынын бир бөлүгү ММКга арналган экен. Маалымат каражаттары шайлоо жараянын адилет чагылдыруу үчүн көз карандысыз орган түзүү керектиги айтылган экен. Ушундай органды түзүү үчүн Кыргызстандагы жарандык коом кандайдыр бир иш-аракеттерди жасайт деп ойлойсузбу?

- Албетте, Кыргызстандагы жарандык коом абдан жакшы иштерди алып барып атат, өзгөчө президенттик шайлоо учурунда, ага чейинки парламенттик шайлоо учурунда дагы Кыргыстандын жарандык коомдору абдан жогорку деңгээлдеги, өздөрүнүн билимдүүлүгүн, сабатуулугун, активдүүлүгүн көрсөтүп, жакшынакай иштерди алып барышты. Абдан жакшы, калыс байкоо жүргүзүштү. Сиз айткандай органдарды албетте түзүүгө болот. Мисалы, учурунда оппозициянын катуу талабы менен УТРКнын коомдук телекөрсөтүүгө айлантуу боюнча мыйзам кабыл алынып, бирок жаңы парламент ал мыйзамды жокко чыгарып, ошондой ролду аткара турган көз карандысыз коомдук телерадио болбой калбадыбы. Ошол себептен мындай органды түзүүнүн канчалык даражада натыйжа чыгаары баары эле бийликтин өзүнүн саясий эркине жараша боло турган иш.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG