Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:26

Д. Ошурахунова: Шайлоодогу негизги маселе - коопсуздук


Динара Ошурахунова "Азаттыктын" студиясында
Динара Ошурахунова "Азаттыктын" студиясында

«Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын жетекчиси Динара Ошуракунова коопсузудукту камсыз кылуу алдыдагы парламенттик шайлоодогу негизги маселелердин бири деп эсептейт.

- Сиз жетектеген уюм буга чейин болгон бардык шайлоолорго байкоо жүргүзүп келатат. Алдыдагы парламенттик шайлоого байланыштуу дагы сиз өзүңүздүн ой-пикирлериңизди айтып атасыз. Шайлоого даярдыктар кандай болуп атат сиздердин байкоо боюнча, анын таза, калыс өтүшүнө шарттар түзүлүп калдыбы?

- Бардыгы эле бир күңдө, же 2-3 айда алмашып кетпейт экен. Ошондуктан азыр деле кооптонуулар бар. Андан тышкары биздин азыркы келаткан парламенттик шайлоо эки айдын ичинде эле өткөрүлүп атат. Ошондуктан убакыт абдан аз. Бирок ага карабастан азыр БШК бардык мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүп, бүт иштерин өз убагында жасап турат, биз аны көрүп атабыз, байкоо жүргүзүп атабыз.

- Шайлоонун мөөнөтү белгиленип, ушул тапта 10-сентябрга чейин партиялардын өздөрүн жарнамалоого тыюу салынган болчу. Ушул сыяктуу шайлоо алдындагы эрежелерди бузууларды байкай алдыныздарбы?

- 10-августка чейин июнь, майдан баштап эле саясий партиялар жер-жерлерде жарнамаларын илип аткан. Ага БШК тыюу салды, ошондон кийин алар илинген жарнамаларын алыш керек эле. Бишкекте кээ бир жердерде алынып, кээ бир жерлерде калып калып атат. Ошонун ичинде жер-жерлердеги биздин байкоочулар айтып атат, кээ бир айылдарда илинип турат деп.

- Буга чейин сиз коопсуздук маселесине байланыштуу парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдырып туруу боюнча сунушуңузду айтпадыңыз беле. Азыр андай кооптондурган жагдайлар барбы, ошол боюнча пикириңиз өзгөрдүбү?

- Өзгөргөн жок, пикирим ошондой эле. Шайлоо жарыяланды, ошондуктан биз байкоо жүргүзөбүз. Бирок ошого карабастан биринчи коопсуздук маселеси турат, экинчиден, түштүк трагедиясынын проблемалары чечиле элек. Эң коркунчтуусу - саясий партиялардын адамдары түштүктөгү кайгылуу окуяны добуш алууга пайдаланышы мүмкүн. Үчүнчүдөн, кайра эле мыйзам бузуп, саясий партиялардын куралдары бар, ошол куралдарды пайдаланып кетүү коркунучу бар. Ички иштер министрлиги, УКМК, Башкы прокуратура бул боюнча иштеп, тыюу салса жакшы болот эле. Бирок саясий партиялардын лидерлери ушул проблеманы түшүнүп атат деген чоң үмүттөбүз. Ушул проблемаларды көбөйтүп жибербей, азайтса деген тилектебиз.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG