Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Кыргызстанга кандай коалиция керек?


Кыргызстандын жаңы парламентинде кандай коалиция түзүлөөрү азыр коомчулукта кызуу талкууда.
Кыргызстандын жаңы парламентинде кандай коалиция түзүлөөрү азыр коомчулукта кызуу талкууда.

10-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин өлкөдө кандай коалиция түзүлөт деген маселе коомчулуктун көңүл борборунда.

Чындыгында БШК шайлоонун жыйынтыгын расмий түрдө жарыялагандан кийин гана коалиция тууралуу расмий сүйлөшүүлөр башталары анык. Бирок ага карабай Кыргызстан үчүн азыр кандай коалиция керек деген маселе коомчулуктун көңүл борборунда турат. Мына ушул маселе мурунку биринчи вице премьер-министр Эсенгул Өмүралиев, экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев жана юридикалык илимдердин доктору Бекбосун Бөрүбашевдин катышуусунда "Азаттыктын" тегерек үстөлүндө талкууланды.

"Тынчтык, биримдик алып келе турган коалиция керек"

«Азаттык»: Кыргызстанга кандай коалиция керек? Бул суроо азыр көпчүлүктү түйшөлтүп турат. Коомчулуктун ичинде бир топтору кеңири масштабдагы коалиция түзүлүш керек деген сунушту айтса, башкалар революциячыл партиялар өкмөттү түзүүгө тийиш деген ойдо. Эсенгул мырза, Кыргыз мамлекети үчүн кандай түрдөгү коалиция ыңгайлуу жана улуттук кызыкчылыктарга дал келет азыркы мезгилде?

Эсенгул Өмүралиев
Эсенгул Өмүралиев:
Менин оюмча, Кыргызстанга азыр тынчтык, биримдик алып келе турган коалиция керек. Азыр башка маселелердин барын жыйыштырып, келечекти, элдин биримдигин, мамлекеттин бүтүндүгүн көздөп биригүү керек. Эгерде кеңири коалицияга бардыгы макул болуп, бир баштуу болуп кетсе абдан жакшы болот эле. Бирок, тилекке каршы, андай болууга шарттар менимче жок. Эгерде туруктуу коалиция десек, азыркы өткөн беш партиялардын төртөө бириксе жакшы болот эле. Ошол багытта сүйлөшүүлөр жүрүп атат деп угуп атам. Ошонун жыйынтыгы жакшы болуп калса, менимче, бул эң жакшы болот эле.

«Азаттык»: Революциячыл күчтөрдүн, же партиялардын коалициясы, революциячыл дегенге мен «Республиканы» дагы кошуп атам, себеби бул партиянын лидери Өмүрбек Бабанов ынанымы, көз караштары боюнча «Ата Мекен» менен СДПК партиясына жакыныраак. Мына ушул үч партиянын: Кыргызстан социал-демократиялык партиясы, «Ата Мекен», «Республиканын» коалициясы ийгиликтүү боло алабы?

Жумакадыр Акенеев: Эсенгул мырза айтып кеткендей, коалиция түзүүгө мажбур болуп атабыз. Себеби өткөн беш партиянын арасынан эч кимиси көпчүлүк добушка ээ болгон жок. 8 пайыз менен 5 жарым пайыздын ортосунда айырмасы өтө деле чоң эмес. Ошон үчүн кеңири коалиция түзүүгө туура келип атат. Бүгүнкү күнү революцияга катышкан партиялар, революцияга катышпагандар деп бөлбөө керек. Себеби үч партия бириккен күнү да конституциялык көпчүлүк болбойт. Мен Эсенгул мырзанын сөзүнө кошулат элем. Бардыгын эле билебиз да биз. Азыр силер “катыштыңар”, “катышкан жоксуңар” дегенден алыс болуп, өзүнчө сүйлөшүп алышса. Бир маселени, бир программаны алдына коюп, араларынан болобу, же башка жактан болобу, өкмөттүн ишин алып кетчү адамды премьерликке дайындап, жакшы иш алып кетсе, анда иш болот. Анан эки тарапка бөлүнүп, мен болом деп талашса, анда эч кандай иш болбойт. Бир партия 50 пайыздан добуш алып туруп, үстөмдүк кылса анда бир жөн эле. Бардыгынын күчтөрү бири-бирине жакын. Булар жеке амбицияларын сырт жака коюп туруп эле, кыргыз элинин, мамлекетинин кызыкчылыгын алдыга коюп, чогуу иш жасаса, анда жакшы иш болуп кетишке мүмкүнчүлүк болот.

«Азаттык»: Мен Бекбосун агайга бир суроо бериштен мурда Эсенгул агайдан бир нерсени тактап алайын деп атам. Бизде беш пайыздык тосмодон беш партия өткөнү анык болуп турат. Кайсы партияны сиз четке чыгарып турасыз?

Эсенгул Өмүралиев: Четке эч кимисин деле чыгаргым келбейт. Бирок азыркы коалиция кандай түзүлүшү мүмкүн? Биринчи программалык платформанын негизинде. Мисалы, парламенттик башкаруу системасын колдогон партиялар бар, бул эки партия «Ата Мекен» жана СДПК. Ошол эле убакта күчтүү бийликти программалык лозунг кылып алып чыккан партиялар бар, бул «Ар намыс» менен «Ата-Журт». «Республика» партиясы бул ортомчу позицияда турган партия болуп атат. Көп нерсе ушул партиянын позициясынан көз каранды. Эгерде булар «Ата Мекен» менен СДПК жакка кошулуп кетсе, мен ойлойм, буларга «Ата-Журт» партиясы да кошулуп кетиши мүмкүн келечекте кызыкчылыкты көздөп. Анда «Ар-намыс» партиясы четтеп калат. Эгерде күчтүү бийлик тараптуу деген болсо, анда «Ата-Журт», «Ар-намыс», «Республикага» СДПК партиясы кошулуп кетиши мүмкүн. Анда «Ата Мекен» партиясы оппозицияда калат. Бирок мен ушул жерден дагы бир нерсени айтып коеюн, биз бүгүн ак, кара, көк, кызыл, революциячыл, революциячыл эмес деп бөлбөшүбүз керек партияларды. Азыр алардын барын унутушубуз керек дагы, келечекти көздөш керек.

Коалиция туруктуу болобу?

«Азаттык»: Бекбосун агай, саясат таануучу катары айтсаңыз, азыр мүмкүн боло турган коалициялар тууралуу айтылды. Сиз кандай деп ойлойсуз, кеңири коалиция түзүү үчүн бизде кандай тоскоолдуктар бар. Чын эле биз революциячыл деп бөлгүбүз келбеген менен, бирок азыркы реалдуулук ушундай болуп жатпайбы?

Бекбосун Бөрүбашев
Бекбосун Бөрүбашев:
Биринчиден, азыркы Кыргызстандын саясий системасында коалициянын эки түрүн түзүүнүн астында турабыз. Биз эки коалиция түзүшүбүз керек. Эң биринчи - парламенттик коалиция болуш керек, партиялар биригиши керек. Андан кийин анан өкмөттүк коалиция түзүлөт. Өзүнүн жол-жобосу боюнча ушундай. Туура, азыр саясий партиялар ич ара сүйлөшүү жүргүзүп атат, ошол убакта тил табышыш оор болуп турат. Бирок бул коалициялар жөн эле түзүлүп калбаш керек. Мисалы, парламенттик коалиция түзүлгөндөн кийин, алар өкмөттүк коалиция түзгөнгө барышат. Мына ошон үчүн аткаруу бийлиги негизги программасына, платформасына карап туруп, алардын экономикалык программасы бар, ошого карата өкмөттүк коалиция түзүлөт. Ошон үчүн, менин оюмча, булар жөн эле түзө бербей, өздөрүнүн программаларынын жакындыгына, ой-пикиринин жакындыгына карап түзбөсө андай коалиция туруктуу болбойт. Бизде Кыргызстанда Европанын кээ бир мамлекеттериндей болуп “өкмөттү кол жоолуктай алмаштыруу” деген башталат. Бүгүн эптеп-септеп түзө коюп, парламентти алып келип отургузуп койсок, бул деле жакшы, бирок мунун келечеги кең болбой калат.

Ошон үчүн сүйлөшүү жүргүзгөндө ушул маселени караш керек. Экинчиден, мен бул адамдарга кошулат элем. Азыр биз революциялык, революциялык эмес партиялар деп бөлүштүрүүнүн эч кереги жок. Партия деген бир киши эмес, партия деген бул чоң саясий уюм. Ошондуктан андай бөлбөй бүт барына бирдей караш керек. Бизде жетишпеген жагы ушундай болуп турат, Маяковский айткандай «Ленин десек партияны түшүнөбүз, партия десек Ленинди түшүнөбүз» дегендей, биз партиялардын курамын, платформасын карабай эле, партиянын башында турган адамдарын карап атабыз. Партиянын мүчөлөрү дагы мококтук кылып атабы, ошолордун артынан ээрчип жүрүшөт. Бул маселе партиялык түзүлүш катуу орногон мамлекеттердей, партиялык конференция, чогулуштарда каралыш керек. Мына ошондо булар өздөрүнүн багытын тактап алышы керек. Бизде ошондой көрүнүш болбой атат.

«Азаттык»: Революциячыл деп атабасак, анда башкача атайлы, парламенттик системаны, президенттик системаны жактаган партиялар деп атасак. Парламенттик системаны жактаган партиялар коалиция түздү дейли, бирок бизге сырттан абдан күчтүү таасирлер бар. Бул Москва. Алар Кыргызстанда кандай бийликти көздөп турганын ачык эле айткан. Парламенттик системаны жактаган партиялар коалиция түзгөн шартта биз Орусия менен мамилени кандай жөнгө салып кетебиз, кандай болуш керек мындай шартта?

Эсенгул Өмүралиев: Биз өзүбүзчө бир аралда жашаган жокпуз да. Биз ар бир мамлекет менен, өзгөчө кошуна, тилектеш мамлекеттер менен алака түзүшүбүз керек. Албетте алардын өзүнүн көздөгөн максаты бар. Аларга ыңгайлуу бийлик модели бар, биздин бүгүнкү саясий кырдаалды жактай турган. Аны жактап атат. Бирок булар айтып атат, кандай коалиция түзүлсө дагы, кандай кишилер бийликке келсе дагы биз кызматташ болобуз деп. Менимче, мындан эч нерсе өзгөрбөйт. Парламенттик коалиция деген маселеде, биз мындай кылышыбыз керек, биз кечээ чогулуп бир сунуш киргиздик бул партияларга. Биринчиден, өзүңөр өкмөт түзбөгүлө, коалиция түзүлүп, негизги программалык багыттарды тандап, тактап, ошонун негизинде премьер-министрдин кандидатурасына токтогула. Ошол киши силердин алдыңарда жоопкерчиликтүү болсун. Ал кишиге эркиндик бергиле, бүт команданы өзү түзсүн. Команданын ичинде портфель бөлүшүп алып, "бул менин министрим, бул менин министрим" деген болбосун. Антсеңер баягы Убактылуу өкмөттүн кейпин кийип каласыңар. Анда команда болбойт, ишиңер да болбойт, алдыга жылалбайбыз, бат эле коалицияңар ыдырайт. Ошон үчүн премьер-министрди аныктагыла, ошол киши силерге жоопкерчиликтүү болсун, ал кишиге эркиндик бергиле, калган өкмөттүн курамынын барын ошол киши түзсүн, анан команда болуп иштесин. Ошол программаны бекитип берип, силер үстүнөн көзөмөл кылгыла деген сунуш болуп атат. Мына ушуну 2-3 партия колдоп атат. Калгандары азыр ойлонуп атат. Менимче, ушул жолго барсак абдан туура болот эле.

«Азаттык»: Буга чейин айтылган техникалык өкмөттү түзүү керек деген сунуш ушул окшойт. Премьер-министр ушул партиялардын ичинде эмес, сырттан келген киши болушу керекпи эффективдүү болуш үчүн?

Эсенгул Өмүралиев: Жок, ошол партиялардын ичинен эле бирөө болуш керек. Себеби бул жерде коалиция түзүлгөндө, үч чоң портфель бар, биринчи премьер-министр, экинчи, спикер, үчүнчү бириккен коалициянын башында турган, парламентте коалицияны биргелетип иштеткен киши. Балким келечекте ал кишинин позициясы болочок президенттин позициясы болуп калат.

«Азаттык»: Жумакадыр мырза, кандай деп ойлойсуз, натыйжа береби мындай жол?

Жумакадыр Акенеев
Жумакадыр Акенеев:
Натыйжа бериши мүмкүн. Бирок мен мындай деп ойлойт элем, мисалы жана айтылып кеткендей, Москва көзөмөлдөйбү, же башка мамлекет көзөмөлдөйбү, мен ойлойм, азыр ушундай шарт түзүлүп атат, эң биринчи Кыргызстандын кызыкчылыгын алдыга коюп туруп иштеш керек. Шайлоо убагында анча-мынча “оюндар” болушу мүмкүн, бирок эми партиялар жеңишке келип беш пайыздан өткөндөн кийин бардыгын артка таштап коюп, эң негизи Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн кандай өкмөт түзөбүз, ким өкмөттү башкарат деген маселенин үстүндө иштеш керек. Мисалы парламенттик коалиция деген менен парламент өкмөттү бекиткенден кийин алар жалаң эле мыйзам чыгаруу тарап жакта иштеп калышат, шайланган өкмөт өзүнчө иштеп кетиши керек. Жылына бир жолу отчет берет экен. Кыргызстан өтө деле чоң мамлекет эмес, бардыгын биз билебиз, колунан келчү адамдар. Эсенгул мырза айткандай, жеке амбицияларын, мен гана премьер болушум керек дегенди таштап коюп, арасынан ылайыктуу адамды шайлап, ошого башынан аягына чейин өкмөттү түзгөнгө мүмкүнчүлүк бериш керек. Өздөрү жакшы мыйзамды чыгаруу жагына көңүл буруп иштесе, анда мен ойлойм, парламенттик шартта экономикабызды алдыга батыраак алып кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Элдин жашоосун көрүп атпайбызбы, бири 600 миң киши, кээ бири миллион киши сыртка кетти деп айтып атат. Ошондуктан 5-6 жылдын ичинде биз экономиканы алдыга жылдырышыбыз керек.

«Азаттык»: Дагы бир вариант боюнча суроо, партиялардын кеңири коалиция түзүүсүнө кээ бир партиялардын платформасында күчтүү бийликти көздөшү, экинчи тобунда парламенттик системаны каалашы ажырым болуп атат. Партиялар өздөрүнүн программаларындагы мына ушул максаттарга мораторий коюп токтотуш керекпи? Маселен, «Ар намыс» менен «Ата-Журттун» президенттик бийликти күчтөндүрүү аракети экинчи тараптан катуу каршылыкты жаратуучу конфронтациянын бир булагы болуп калгандай болуп атат. Бул жерден кандай компромисс табууга болот?

Биринчи мунаса болушу керек

Бекбосун Бөрүбашев: Биринчиден, саясатта сөзсүз компромисс болуш керек. Эгерде саясатта компромисс болбосо, анда процесс токтоп калат, же тескери жакка кетип калат. Дүйнөлүк тажрыйба ушундай. Экинчиден, өзүңүз сурап атасыз, программасынан алып токтотуп койсо болобу деп. Болот. Кээде бирди айтып коюп, бүгүн тескери кылгандар болуп атпайбы. Анда келечекте партияга болгон ишеним азырак болуп калат. Мисалы, бүгүн шайлоонун астында үгүт иштеринде ушундай негизги маселелерди койгон, ошондон чегинсе, сөзсүз эртең шайлоочу сурайт эмне үчүн ушундай болуп калды деп. Бирок мындай кадамга бир эле партиянын барышынын кереги жок. Бардык партиялар ушул кадамга барыш керек. Үчүнчүдөн, Эсенгул мырза абдан жакшы айтты, мындай дүйнөлүк практикада бар. Муну партиясыз өкмөт деп коет. Мындай кадамга барса болот. Бирок биздин азыркы Жогорку Кеңешке өткөн партиялар даярбы? Бул башка маселе.

Бирок ушундай дүйнөлүк практикада бар. Биз парламенттик башкаруу системасына өтүп атабыз . Парламентке партиялардын көпчүлүгү эмне ой менен барды? Мыйзам чыгаруучу бийлик да, аткаруу бийлик да булардын колунда болуш керек. Чындыгында бүт материалдык-финансылык ресурстардын бардыгы аткаруу бийлигинин колунда. Ошон үчүн негизги максат аткаруу бийлигин колго алуу. Парламенттик башкарууга барып атканыбыздын бирден-бир себеби ушул. Ушуга партиялар даярбы, даяр эмеспи аны келечек көрсөтөт.

«Азаттык»: Эсенгул мырзанын бир премьер-министрди тандап алып, анан баарын ушуга тапшырыш керек дегендей сунушу буга чейин да айтылган. Бул сунуш техникалык өкмөттү түзө туруу керек деген сунуш. Эгерде партиялар коалиция түзө албаса, анда жаз мезгилине чейин техникалык өкмөткө калтырып коёлу, анткени кыш келатат, абал оор, ошондуктан азыркы техникалык өкмөт өзүнүн миссиясын аткара берсин дегендей. Жаз мезгилине чейин партиялар мүмкүн бир мунасага келишеби деген үмүттө?

Эсенгул Өмүралиев: Мен техникалык өкмөт деп айткан жокмун.

«Азаттык»: Кечиресиз, Богатырев деген эксперт сунуштаган, мен ошону айтып атам?

Эсенгул Өмүралиев: Бул Валентиндин өзүнүн ою болсо керек. Себеби ал, техникалык өкмөттүн өмүрүн узартайын деген мааниде айтып атса керек. Мен ага каршымын. Техникалык өкмөттүн мөөнөтү узарбаш керек. Бул коалициялык өкмөт, жогоруда айткандай, партиясыз өкмөт деп коет. Парламент мисалы беш жылга болсо, ал да беш жылга шайланышы мүмкүн. Ал коалициянын ичиндеги чечим. Эгерде алар сүйлөшүп туруп, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөп, азыр талашып-тартышпай, бири-бирибиз менен урушпай, ушундай бир чечимге келип, бир премьер-министрди чыгарып, ошол кишиге мүмкүнчүлүк берели десе жакшы. Бирок биз айткан программанын чегинде иштесин десе, менимче туура болот. Эми күчтүү бийлик деген бул мындай маселе да, күчтүү бийлик деген парламенттик республикада да болот. Эгер премьер-министр күчтүү киши болсо, Конституциянын негизинде бул кишинин ыйгарым-укуктары абдан чоң. Эгерде элдин жоопкерчилигин мойнуна алып, эл астында жоопкерчиликтүү болуп иштесе бул да күчтүү бийлик болот.

Парламенттик системаны жактаган күчтөрдүн коалициясыбы, же кеңири коалициябы?

«Азаттык»: Талкуунун соңунда жыйынтыкка келсек. Кыргызстан үчүн, парламенттик системаны жактаган күчтөрдүн коалициясы натыйжалуу, пайдалуу болобу, же кеңири коалициябы?

Жумакадыр Акенеев: Кабыл алынган Конституция боюнча эң эле жок дегенде беш жыл биз парламенттик система менен иштөөгө мажбур болобуз. Себеби эч кандай өзгөртүү он жылдын ичинде киргизилбейт деп жазылган Конституциянын нормасында. Мисалы өзгөртүү боло турган болсо бул референдум аркылуу, парламенттин чечими менен эмес. Партиялар келди да бийликке, мына 5 партия деп атабыз, алтынчы партия өтүшү мүмкүн. Партиялар бийликке келгенден кийин булар кийин жооп бериш керек. Ошондуктан эч кандай партияга тиешеси жок адамды алып келип, сен бүткүл экономикага жооп бересиң деп жүктөп коюу, мен ойлойм, парламент тараптан жол берилиши күмөн болуп атат. Себеби азыркы шайланган парламент өкмөт үчүн дагы, мыйзамдар үчүн дагы беш жылдан кийин жооп бериши керек. Ошолордун ишине карата кийинки шайлоодо эл шайлайт буларды. Булар партиянын курамында жок адамга берип, толугу менен ишенип иштегин деши анча-мынча күмөн туудурат. Болгону уткан партиялар, шайланган депутаттар бир келишимге келип, ырбатпай, элди көчөгө чыгартпай, тезирек чогулуп алып, келишимге келип, өзүнүн коалициясын түзүп, өкмөтүн шайлап тезирээк ишке кириши керек.

«Азаттык»: Демек сиздин оюнузча, кеңири коалиция натыйжалуу болот?

Жумакадыр Акинеев: Сөзсүз түрдө кеңири коалиция натыйжалуу болот.

Бекбосун Бөрүбашев: Менин оюмча, бул Кыргызстандын саясий элитасынын акыркы 20 жылдагы оюну болуп атат парламенттик республика, президенттик республика, кошмо деп. Бул саясий гана элитага тиешелүү нерсе. Коом үчүн эң негизги мобилдүү, арзанга турган, эң негизги эффективдүү, натыйжалуу, жоопкерчиликтүү мамлекеттик бийлик керек. Биз ушул маселени дайыма коюп келатабыз. Бирок ошол маселе дайыма талаада калып калып атат. Азыр парламенттикти жактан «Ата Мекен» СДПК болуп атпайбы. Ушулар экзамен берип атат. Ушулар азыр кеңири коалиция түзгөнгө барыш керек. Булар ансыз деле өзүлөрүнүн ойлорун таңуулашты кээ бир маселелер боюнча. Азыр бир дагы партияны четке түртпөй кеңири коалиция түзгөнгө аракет кылыш керек.

Эсенгул Өмүралиев: Конституциябыз парламенттик болбодубу. Андай болуп тургандан кийин кеңири коалицияга барыш керек. Техникалык өкмөттүн башчысы коалицияга кирген партиялардын ичинен чыгат, бир эле киши жооп берет. Беш партиядан беш премьер чыкпайт да. Ошолор чогулуп туруп бир кишини чыгарыш керек. Ошол кишиге жоопкерчиликти бериш керек, ошол киши аркылуу бүт программасын аткарттырыш керек. Калган өкмөттүн мүчөлөрү партияга кирбеген кишилер болуш керек.

«Азаттык»:
Чоң рахмат сиздерге.

Талкууну Айданбек Акмат уулу уюштурду
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG