Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:29

Т.Калматов: “Ак жолго” саясий баа бериш керек


Кыргызстандагы президенттик шайлоодогу добушту эсептөө. 23-июль, 2009-жыл
Кыргызстандагы президенттик шайлоодогу добушту эсептөө. 23-июль, 2009-жыл

К.Бакиевдин тушунда шайлоолорду бурмалаган адамдарды жоопкерчиликке тартуу кийинкилерге сабак болоруна ишенет мурдагы депутат, коомдук ишмер Тойгонбай Калматов.

- Бакиевдин тушунда 2007-жылдагы парламенттик, 2009-жылдагы президенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы бурмаланган фактылар боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогону маалымдалууда. Бул иш боюнча кимдер жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн? Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасыбы, аймактык шайлоо комиссиясынын жетекчилериби же БШКнын мүчөлөрүбү?

Т.Калматов: “Элиң кандай болсо, улугуң ошондой” деген калк арасында кеп бар. Биздин элибиздин көпчүлүк басымдуу бөлүгү мыйзамды колдоп, аны урматтап, сыйлап, аткарыштын ордуна механизмге айланып бараткан жогору жактын көрсөтмөлөрүн аткарууга көбүрөк далалат кылып, өздөрүнүн кызыкчылыгына ооп кеткени ачуу чындык. Мындай тажрыйбаларды жок кылыш үчүн буга чейин андай күнөөлөрдүн канча өткөнүнө карабастан сөзсүз түрдө принципалдуу саясий баа берилгени элди туура жакка тарбиялоого, элди туура багытка салууга чоң роль ойнойт деп ойлойм.

Албетте шайлоону бурмалоого көрсөтмө бергендер, аны уюштургандар да сөзсүз түрдө өзүнүн баасын алышы керек. Бирок ошону менен бирге президенттен баштап, карапайым калкка чейин бирдей мыйзамды аткарууга милдеттүү. Бирок ошонун милдеттүүлүгүн билип туруп аткарбай, жогору жактын көрсөтмөсүн аткаргандар өзүнүн кылган кылмыштуу ишине баа алганы адилеттүү болот. Себеби мурдагы өткөндөргө баа берүү менен болочоктогу ушул ишти аткаруучуларга чоң сабак болсун деген экинчи бир турмуштук тажрыйбаны да ишке ашырууга болот деген ойдомун.

- Ошол кездеги шайлоону бармалаганга тиешеси бар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да жоопкерчиликке тартылышы керекпи?

Т.Калматов: Ар бир киши кылган кылмышына жараша мыйзамдык баа алышы керек. Эгерде алар кылмыш жасап, жоопко тартуу деңгээлине чейин жеткирсе, алар ошондой бааны алышы керек.

Мисалы, мен Ноокен районунда аким болуп иштегенде мага да ошол маалда президенттик шайлоодо көрсөтмө болгон. Бирок мен жогору жактагы көрсөтмөнү, тапшырманы аткарбастан мыйзамды сыйлап, урматтап, мыйзамдын чегинде иш алып барам дегенимден улам Аскар Акаев шайлоодо 46,4 пайыз добуш алып, мени кызматтан алам дегенге чейин барышкан.

Бирок кызматка караганда элдин алдында, тарыхтын алдында жүзүңдүн таза болушу, мыйзамды сыйлашың, аны туура аткарышың бул ар бир инсандын чоң жоопкерчилиги деп эсептейм. Ошол эле маалда менин айрым кесиптештерим жогору жактын тапшырмаларын аткарбай коюудан коркуп, жанагыдай өзгөртүүлөргө, кошуп жазууларга барды. Мына аягы эмне менен бүттү. Чындык эч качан жеңилбейт.

"Ак жол" партиясынын курултайы. Бишкек 1-май, 2009-жыл.
- Убагында парламенттин көпчүлүгүн түзгөн "Ак жол" партиясынан депутаттар электр кубатын кымбаттатуу, Каркыраны, көлдүн жээгиндеги пансионаттарды Казакстанга берүү, Конституцияны бурмалоо сыяктуу мыйзмадарды кабыл алганы айтылууда. Алар да жоопкерчиликке тартылыш керекпи?

Т.Калматов: Парламенттеги минус жагы булар коллегиялык чечим кабыл алат да, мыйзамдын алдындагы жеке жоопкерчиликти сезбейт. Бул чынында эле парламенттик чечимдин кайдыгерлигине алып барышы мүмкүн. Бирок өткөн парламенттеги “Ак жол” партиясынын депутаттары укуктук жактан баа албаса да моралдык жактан сөзсүз саясий баа алышы керек.

Элибиз “колдун беш манжасындай” баарын көрүп, билип турат. Эгерде азыр эл мурда “Ак жол” партиясында жүрүп, азыр башка партияга киргендерди парламенттик шайлоодо колдоп добушун берсе, анда күнөө элдин өзүндө. Бул “өзүнүн кызыкчылыгын элдин кызыкчылыгынан жогору койгон адамдарды бийликке келүүсүнө жардам берди” деп бааланышы мүмкүн.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG