Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:53

Шайлоо: өлкө тагдыры кимдин колунда?


26-августта “Азаттыктын” тегерек үстөл талкуусунда Кыргызстандагы парламенттик шайлоо, аны административдик ресурсту пайдаланбай өткөрүү жана парламенттик башкаруу системасы тууралуу сөз болду.

Талкууга катышкандар:

Саясий илимдердин доктору Жолборс Жоробеков

Саясат талдоочу Кубан Бектемиров

“Кылым шамы” уюмунун лидери Азиза Абдрасулова

“Азаттык”: Азиза айым, азыркы мезгилде, кырдаалда саясий партиялардын адилеттүү өнөктүк жүргүзүүсү үчүн шарт, мүмкүнчүлүк барбы?

Азиза Абдрасулова: Региондордо Жалал-Абад, Ош облустарында бир нече партиялардын штабдарын, кеңселерин көрүп атабыз. Эми шайлоо өнөктүгү башталбаганына байланыштуу саясатчылардын эл арасын аралап үгүт жүргүзгөнүн көргөн жокпуз. Ошондуктан азыр бир жактуу даяр же даяр эмес деп айтуу кыйын болуп турат. Бирок бир нече белгилүү партиялардын штаб, кеңселери жер-жерлерде, райондук борборлордо ачылганы көрүнүп атат.

“Азаттык”: Бардык партиялар үчүн атаандашып, адилет шайлоо өткөрүү үчүн шарт, мүмкүнчүлүк барбы?

Азиза Абдрасулова: Азыр өнөктүк башталганга чейин айтыш кыйын экен. Себеби кыймыл аракет, элдер менен жолугушууларга тоскоолдук болуп атабы, болбой атабы байкоо кыйын болуп атат. Азыр биз байкоочуларды даярдоо, участкалык комиссиянын мүчөлөрүн даярдоо, окутуу иштери жүргүзүлүп атканын көрүп атабыз.

“Азаттык”: Жолборс мырза, 2007-жылдагы парламенттик шайлоо менен азкыркы парламенттик шайлоонун айырмачылыгы эмнеде? Ал кезде “Ак жол” үстөмдүк кылса, азыр бийликтеги партиялар үстөмдүк кылуу коркунучу жок эмеспи?
Биз ушул шайлоодо ошол лидерлердин саясий маданиятынын канчалык экенин көрөбүз.


Жолборс Жоробеков: Бул жерде так кесе бир жактуу айтыш кыйын. Бирок кандай болбосун жыйырма жылга жакын эгемендүүлүктүн убагында башыбыздан көптөгөн шайлоолорду өткөрдүк, дээрлик бардык шайлоолордо, референдумдарда мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндөгү ресурстар дайыма пайдаланып келинген. Ошондуктан бул ирет ресурстар пайдаланылбайт деп айтыш кыйын. Анткени азыр региондордо, райондордо, айылдарда, кайсы райондо ким аким, кайсы партиядан, кайсы партиянын кызыкчылыгын колдойт, ушуга окшогондорду бештен белгилүү билип турат. Албетте бизде мыйзамдык база бар, эгер ошол мыйзамдык базанынын негизинде 5-7, же 8 партиялардын ортосунда абдан айгышкан катуу күрөш болот.

“Көнгөн адат калабы?”

“Азаттык”: Кубан мырза, президент Роза Отунбаева биздин негизги максат шайлоону административдик ресурсту пайдаланбай өткөрүү деп атады. Бул мүмкүнбү?

Кубан Бектемиров: Жок. Себеби мына аксакалыбыз айтып кетти, 20 жылдан бери үч жолу шайладык, Акаевди эки жолу, Бакиевди андан кийин, Жогорку Кеңешке канча шайладык. Башымдан өткөн, мен өз убагында өзүмдү-өзүм көрсөтүп, шайлоого баргам. Ошол кезде “Алга Кыргызстан” административдик ресурсту колдонгон. 20 жылдан бери биз бир да шайлоону таза өткөргөн жокпуз. Анан кантип эле сыйкырчыдай эле бир заматтын ичинде эле таптаза шайлоону өткөрөбүз? Жок, калыптанып калган технологиялар бар, алар сөзсүз пайдаланылат. Административдик ресурс сөзсүз болот.

“Азаттык”: Ошону болтурбаш үчүн Убактылуу өкмөттүн жетекчилери кызматтан кетпедиби, бул таасир этпейби?

Кубан Бектемиров: Кандай болсо да алардын кишилери жер-жерлерде бар. Алар деле өз келечегин ойлоп алардын алдында турган маселенин баарын чечип берет. Жылкысын союп, 30-40 сомдук арзан арагын алып берип, баягы эле болот.

Жолборс Жоробеков: Албетте жакшылыктан умүт үзбөш керек. Ойлойт элем, бийликте турган жигиттер, билебиз да министрлер, аким, губернаторлор кайсы партияга тиешелүү экенин, ошолор өзүнүн партиялык кызыкчылыгын бир аз артка коюп, жалпы элдик кызыкчылыкты ойлогон адамдар болсо деп ойлойм. Элде аздыр-көптүр ишенимдер бар ушул шайлоо жакшы өтөт экен деген. Эгер бул шайлоону да биз начар өткөрө турган болсок, элибизде такыр ишеним болбой калат.

Программа көп, тандоо аз

“Азаттык”: Кайсы бир партиянын программасы сиздердин кимдир-бирөөңүздөргө белгилүүбү? Азиза айым, сиз да программа эмес, партиялардын лидерлерине карап добуш бересизби? Жалпы өлкө боюнча бул маселе кандай болот?
Добуштарын талашып, менин 15 пайызым кайда деп бири-бири менен согушууга чейин чамынбай, карапайым элди ойлош керек. Албетте чочулоо бар.


Азиза Абдрасулова: Биринчиден, шайлоочуларды аяп, тандоого мүмкүнчүлүк түзүп бериш керек эле. Шайлоочулар 57 партиянын программаларын, алардын идеологиясын качан окуп, качан тааныш болот? Ошондуктан мен ойлойм баягы эле кыргыздар уруу-уруу болуп жашаган, өзүбүздүн уруубузга жакын, өзүбүзгө өң-тааныш болгон эле адамга, лидерге карата тандайбыз го. Ошол лидердин, болгондо да анын регионалдык, жердешчилик жагы каралып калат деген ой болуп атат.

Жогоруда айтып кетпедиби, бийликтегилер административдик ресурстарды колдонот деп, ошол административдик ресурстарды колдонтуп коюш да, колдонтпой коюш да шайлоочулардын өзүлөрүнүн колунан келе турган нерсе. Ага ылайык бизде мыйзамдык базалар бар. Бирок ошону шайлоочулар өзүбүз да колдоно албай келатабыз. Бир тараптан байкоочуларга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлбөйт.

Экинчи тараптан, ошол эле участкалык комиссияларга ар бир партиянын өкүлдөрүн, азыр 57 партия ат салышса, керек болсо ошол 57 партиянын өкүлдөрү ошол жерге кирип катышканга укугу бар. Бирок ошол партиялардын канчалык деңгээлде бардыгы ар бир участкага адамдарын коюп койгонго мүмкүнчүлүгү бар, канчалык деңгээлде ар бир айылда, ар бир участкада өзүлөрүнүн электораттары бар? Ошондуктан бул жерде майда, жер-жерлерде мүмкүнчүлүгү чектелген партиялар четтеп калат, же болбосо биригишет го деген ойлор болуп атат. Ал эми шайлоочулар менен биз баарлашкан убакта алар айтып атат, 57-56 партия өтө көп болуп кетти, жок дегенде он чактысы болсо да бизге тандаганга жеңил болот эле деген ойлорун.

“Азаттык”: Сиз партия үчүнбү же партиянын лидерлери үчүн добуш бересизби?

Жолборс Жоробеков: Албетте анча-мынча мүмкүнчүлүгү бар, ушуну менен оокат кылып жүргөн адам катарында, көп болсо 4-5 партиянын программаларын көргөм. Алардын да албетте социалдык жагынан камсыздоо, башка элге жакшылык кылуу деген статьялары бардыгы коендой бири-бирине окшош. Ошон үчүн 57 партия эмес, он чакты партиянын программаларын окуш да адамдын колунан келбейт. Мен бир канча партиялардын программалары менен таанышмын. Бирок аларды квалификациялуу түрдө окуп, аларга баа бериш бул жөнөкөй адамдарга өтө кыйын болот го деп ойлоп атам. Себеби айрым партиялардын, Украинанын, Орусиянын бир топ партияларынын программалары менен салыштырып окудум, коендой окшош, кээде сөздөрү да окшош.

“Азаттык”: Кубан мырза, сиз жеке өзүңүз добушту жеке лидерлер үчүн бересизби, же сизде да ушундай акыбалбы?

Кубан Бектемиров: Мен акыркы он жылдан бери эч кандай шайлоого барган жокмун. Барсам да позициям бардыгына каршы. Себеби биздин мамлекетте 20 жылдан бери чындык жок. Мен беш жыл мурун, 15-июнда “Нет правды на земле, но правды нет и выше” деп макала жазгам.

Система иштейби?

“Азаттык”: Шайлоодон кийин Кыргызстанда парламенттик бийлик системасы орной баштайт. Бул системанын келечеги кандай болот?
Биздин Конституцияда парламенттик республика болобуз деп жазылганы менен, ал биз китептен окуган классикалык көрүнүштөгү парламенттик республика эмес.


Азиза Абдрасулова: Биз 2007-жылы болуп өткөн парламенттик шайлоодон кийин партиялык тизме менен парламент шайланганы эмне экенин көрдүк. Биринчиден, бардык депутаттар борборлоштурулуп калат экен да, жер-жерлерден алыс болуп калат экен. Экинчиден, бизде партиялар бардык электораттарды, айрыкча региондордун, карапайым элдин кызыкчылыгын камтый албай калат экен. Мына ошол кайра кайталана турган коркунуч болуп атат.

2007-жылдагы шайланган парламенттин колунда азыркыдай бийлик жок болчу. Ал эми азыр болсо жаңы Конституциянын негизинде, бизде парламенттик башкаруу системасына өткөн белгилери болгондон кийин бийлик көбүнчө парламенттин колунда болуп калат. Парламент шайлаган өкмөт, сот системалары, дээрлик мыйзам чыгаруу бийликтин бардыгы элден алыстап, элдин кызыкчылыгын коргобой калган абал түзүлүү коркунуч бар. Бүгүнкү күндө, мен белгилеп кеткендей, партиялардын бардыгынын карапайым элдин арасында электораттары жок, ошолорго келип отчет берүү ситстемасы да жок.

Жолборс Жоробеков: Парламентаризмдин тарыхында адамзат өзү партиялык системадан башка жакшырак жолду азыр таба элек. Ал эми бир мандаттуу округдардан шайланып келген биздин ыдырап турган кыргыз коомчулугу 20 жылга жакын убактытта 4-5 жолу парламентке депутат шайласак ыдырап биротоло чегине жеттик. Ошон үчүн ушул жагынан алып караганда парламенттик шайлоо, партиялык тизме жакшы нерсе. Азыр жакшы жасап атышат.

Бардык партиялардын тизмелерин карап көргүлө ар бир региондон өкүлдөр бар. Албетте кайсы региондон көбүрөк келет, кайсы региондон азырак келет ал башка кеп. Бирок сөзсүз болот. Эгерде биз кайра баягы жалгыз бир округдан шайланып келе турган болсок дагы эле ыдырап кетет. Ошон үчүн парламенттик республика жакшы. Бирок мунун да экинчи жагы бар. Себеби парламенттик республика бул экономикасы отурукташып калган, стабилдешкен мамлекеттерде жакшы натыйжасын берет. Бизде экономикабыз ыдырап турса, бул жагынан бир топ кыйын болчудай.

Биздин Конституцияда парламенттик республика болобуз деп жазылганы менен, ал биз китептен окуган классикалык көрүнүштөгү парламенттик республика эмес. Эгерде андай республика болгондо бизде Жогорку Кеңеш эле президентти шайлап коймок. Президентти эл шайлап атпайбы, ошон үчүн эгерде биз парламенттик-президенттик республика десек туура болот эле.

“Азаттык”: Биз КМШ мамлекеттеринин ичинен парламенттик башкаруу системасына биринчи болуп өтүп атабыз. Кошуна өлкөлөр, анын ичинде Россия биздеги парламенттик системаны жакшы көргөн жери жок. Алар менен мамиле кандай болот?
Парламентаризмдин тарыхында адамзат өзү партиялык системадан башка жакшырак жолду азыр таба элек.


Жолборс Жоробеков: Бүгүнкү күндө өгөйлөө абдан күчтүү. Анткени биз Конституцияда жазганбыз парламенттик республика болобуз деп. Реалдуу түрдө андай эмес, бизде классикалык парламенттик республика жок. Президентти да жалпы эл шайлайт.

Бүгүнкү күндө коңшу мамлекеттерде, ошонун эң бир чоңу Орусиянын өзүндө да бизге жакшы көз караштар жок. Анткени аларда система башкача. Эртең биз парламенттин төрагасы менен сүйлөшөбүзбү, же президент менен сүйлөшөбүзбү деген маселе келип чыгат, кайсы бир документтерге кимиси менен кол коебуз деген маселелер келип чыгат.

Жеңилгенди да билиш керек...

“Азаттык”: Парламенттик шайлоону өткөрүүдө кандай коркунучтар күтүп турат? Улутчулдуктун зыяны болбойбу?

Азиза Абдрасулова: Мен коркунучтарды улутчулдуктарга байланыштыргым келбейт. Парламенттик шайлоо бизди үмүттөндүрүп да турат, коркутуп да турат, чочулатып да турат. Себеби ошол эле парламенттик шайлоого келе турган партиялардын лидерлеринин талаа командирлери катары курал-жарактуу күзөтчүлөрү менен жүргөнү, элдин колунда эбегейсиз көп курал-жарактардын бүгүнкү күнгө чейин калып турушу, элдердин кыйналып тургандыгы айланып келип саясатташып кете турган болсо, өтө коркунучтуу абалга алып келип калышы мүмкүн. Ошондуктан бул парламенттик шайлоодо ар бир саясий партиянын жетекчилеринин өтө чоң жоопкерчилиги да турат. Булар өзүлөрүнүн амбициясына карап, же болбосо добуштарын талашып, менин 15 пайызым кайда деп бири-бири менен согушууга чейин чамынбай, карапайым элди ойлош керек. Албетте чочулоо бар. Бирок ушунун баарын улуттук карма каршылыктарга, же улутчулдукка алып баргым келбейт. Негизинен саясаттын өзү ошондой коркунучта болуп турат.

“Азаттык”: Демек, сиздин оюңузча, улутчулдуктан көрө регионалдык бөлүнүүчүлүк коркунучтуурак болуп турат экен да?
Шайлоочулар 57 партиянын программаларын, алардын идеологиясын качан окуп, качан тааныш болот?


Азиза Абдрасулова: Мен бул жерде регионалдык же улутчулдук деп айткым келбей турат. Биз кайсы жерден жаңжал чыгып кетишин өзүбүз деле билбейбиз, Кыргызстан ушунчалык табышмактуу өлкө болуп калды. Элдин арасында жашап туруп кандай болуп кетерин билбейбиз. Ошондуктан парламенттик шайлоо дайым пикет, митингдер, нааразылыктар менен коштолот, ар бир саясий партиянын өзүнүн тарапкерлери бар, элдин колунда эбегейсиз курал-жарактар бар, саясатчылар өзүлөрү курал-жарактарын көтөрүп жүрүшөт. Мен ошол жагына көңүл бөлүп атам. Парламенттеги 1-2 мандат үчүн кайра дагы бир кагылышууга алып келбөө саясатчылардын, лидерлердин колунда.

Жолборс Жоробеков: Эгерде чоң чыр чыга турган болсо, мен ойлойм, бийликке тиешеси бар партиялардын ортосундагы лидерлерден гана чыгат. Биз ушул шайлоодо ошол лидерлердин саясий маданиятынын канчалык экенин көрөбүз. Эгерде өзүнүн жеке амбициясына алдырса, санап отуруштун кереги жок, 4-5 адамдын ортосундагы күнөөсү менен болот. Эгерде булар мыйзамдарды жакшы карманса жакшы тынч өтөт. Ушулар тынч, мыйзамдын чегинде барыш керек.

Кубан Бектемиров: Негизи мандатты ойлобостон, келечекти, элди ойлош керек. Азыркы убакыт татаал, курч болуп атат. Тамак-аштын баасы көтөрүлүп атат. Бул деле себеп болушу мумкүн. Эл ошону көрүп эле чыгат шайлооңду урганыбыз жок деп. Бизге азыр тынчтык, чындык эле керек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG