Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:22

Курултайлардын акыркы күнү...


Кыргызстанда парламенттик шайлоо 10-октябрга белгиленген.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 10-октябрга белгиленген.

Парламенттик шайлоого катышууну көздөгөн саясий партиялар 26-августка чейин тизмелерин бекитүүгө тийиш. Азыркы мезгилге карай эки партия талапкерлеринин тизмесин БШКга тапшырды. Алдыдагы шайлоого катышуу ниетин 57 партия билдирген эле. Азырынча БШКга партиялык тизмесин "Ата Журт” жана “Ата Мекен” партиялары тапшырды

25-август партиялар үчүн талапкерлерди көрсөтүү боюнча акыркы күн. Шайлоо кодексине ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы түзгөн тартип боюнча саясий партиялар 26-августка чейин курултайларын өткөрүп, талапкерлердин тизмесин бекитүүгө тийиш. Андан кийин 30-августка чейин ал тизмелер Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылууга тийиш. Ал тизме Шайлоо кодексинин гендер, жаштар жана улуттук азчылыктарды камтуу боюнча талаптарына ылайык болуш керек.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жеңиш Акматовдун “Азаттыкка” 25-августа билдиргенине караганда, бул күнгө карай 120 талапкерден турган тизмени эки партия гана БШКга тапшырды:

- Бизге азыркы күнгө карай “Ата Журт” менен эле “Ата Мекен” партиясы тапшырды.

Буга чейин 10-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына 57 партия арыз берген. Бирок алардын ичинен эки партия өз эрки менен шайлоого барбасын айтып чыкса, экөөсүн БШК тизмеден чыгарган. Ошону менен азыркы күнгө карай 53 партия шайлоого катышуу ниетинен жазбай турат.

25-августта “Ак шумкар”, “Жашасын Кыргызстан” аттуу партиялар курултайын өткөрдү. Ага чейин да бир катар партиялар өз жыйындарын өткөргөн эле.

Талапкерлердин тизмесин тактоодон кийин 10-сентябрдан тарта шайлоо өнөктүгүнүн активдүү бөлүгү, тагыраак айтканда, үгүт өнөктүгү башталат. Ал добуш берүүгө бир күн калганда, 9-октябрда токтотулат.

Талдоочулардын баамында, күзгү шайлоо бардык партиялар үчүн, анын ичинде “Ата Мекен”, “Ата журт”, КСДП, “Бүтүн Кыргызстан” сыяктуу ири партиялар үчүн да оор сыноо болуп калышы ыктымал. Анткени булардын ар биринин алсыз жери бар. Себеби регионализм оорусу күчөп турган шартта идея үчүн шайлоочуларды муютуу оңой болбойт. Ошондуктан партиялар өзүнө жакын аймактан максималдуу, ал эми башка жерден 0,5% тосмодон өтүү үчүн күрөш жүргүзөт.

Саясат таануучу Марат Казакбаев азыркы шайлоо өнөктүгүнүн өзгөчөлүгү тууралуу мындай пикирин ортого салды:

- Мурункудай эле, 2007-жылдагыдай эле партиялар катышып жатат. Өзгөчөлүгү менин оюмча, азыр байкалып калгандай, “Ата Журт” менен “Бүтүн Кыргызстан” саясий оппозиция болот. Анан мындай караганда азыр сүйлөшүүлөр болуп, партиялар биригип жатат. Чоң партияларга, бийликтин партиялары болгон “Ата Мекенге”, КСДПга кичинекей партиялар кирип жатат. Мындай караганда парламентке төрт-беш эле партия өтөт.

Белгилеп кете турган нерсе, жаңы парламент 120 депутаттык орундан турат. Ошондуктан өкмөттү түзүү укугуна ээ болуш үчүн кайсы бир партия кеминде 61 депутаттык орун алууга тийиш. Биздин шартта бул оңой-олтоң иш эмес.
Эгерде кайсы бир партия зарыл болгон 60тан ашуун добушту алалбаса, анда коалициялык өкмөт түзүү боюнча аракеттер жасалат. Эгерде бир нече жолу жасала турган ал аракеттерден майнап чыкпаса, анда жаңыдан парламенттик шайлоо жарыялоого президент аргасыз болот.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG